ElectronicsDeluxe DX320DFI [33/44] Ташуу жана сактоо эрежелери

ElectronicsDeluxe DX320DFI [33/44] Ташуу жана сактоо эрежелери
697129.001
33
Көңүл буруңуздар!
Муздаткыч менен кошо жеткирилүүчү лампочкалар прибор менен гана
колдонсо боло турган "атайын лампалар". Бул лампаларды бөлмөнү жарык
кылуу үчүн пайдаланууга болбойт.
Көңүл буруңуздар!
Эгер лампочка узак убакыт бою жагылып турган болсо, аны кармабаңыз,
күйүп калышыңыз мүмкүн.
· Приборду ордунан жылдырууда сак болуу керек, анткени прибор кыйла оор.
· Тоңдургуч камерадагы нерселерди ным колдоруңуз менен кармабаңыз. Төмөн
температурадан улам тери сыйрылып же күйүп калышы мүмкүн.
· Приборго күн нурларынын узак убакытка түздөн-түз тийүүсүнө жол бербеңиз.
Көңүл буруңуздар!
Муздаткычты анын эшигинен же эшиктин кармагычтарынан кармап ордунан
жылдырбаңыз, анткени алар сынып калышы мүмкүн.
· Муздаткыч ташууда бузулуудан коргоочу таңгак менен корголгон.
· Таңгакты чечкенден кийин, анын бөлүктөрүн айлана чөйрөгө зыян келтирбей
тургандай кылып жок кылышыңызды суранабыз.
· Таңгакты даярдоо үчүн пайдаланылган бардык материалдар зыянсыз жана
100% кайра иштетилсе болот.
· Муздаткычты үй чарба таштандысы катары утилизациялоого болбойт. Аны
электрондук жана электр жабдуулардын кабыл алуучу жана утилизациялоочу
пунктка тапшыруу керек. Муздаткыч кайра иштетилүүчү материалдардан
жасалган.
· Өндүрүмдүн утилизациялоо эрежелерин аткаруу менен бирге Сиз айлана
чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна тийүүчү потенциалдуу зыяндын алдын
ала аласыз.
· Пайдаланылган жабдуунун тийиштүү утилизациялоо пункту жөнүндө
маалыматты Сиз аймактык өзүнзү башкаруу органдарынан, тиричилик
калдыктарын утилизациялоо кызматынан же приборду сатып алган дүкөндөн
ала аласыз.
· Муздаткычты утилизациялоого берерден мурун аны жараксыз абалга келтирүү
зарыл электр тогуна кошуучу шнурду кесип салуу керек.
· Муздатуучу системага кирген муздатуучу агент R600а адис тарабынан
утилизацияланышы керек. Муздатуучу системанын түтүктөрү утилизациялоого
чейин жабыркаган эместигин кылдаттык менен байкап туруу зарыл.
· Муздаткычты таңгактоо үчүн колдонулган экологиялык таза материалдар,
экинчи жолу иштетилүүчү чийки заттарды кайра иштетүү пунктуна келип түшкөн
болсо, толугу менен кайра иштетилсе жана кайра колдонулса болот.
· Өндүрүүчүнүн таңгагындагы муздаткычты тике турган абалда (вертикалдуу)
бекем орнотуп, ар кандай түрдөгү жабык транспортто жүктөрдү ташуу
ТАШУУ ЖАНА САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Кыргызча
ТАҢГАГЫН ЧЕЧҮҮ

Содержание

Похожие устройства

Скачать