Vitek VT-8411 [33/44] Кыргыз

Vitek VT-8411 [33/44] Кыргыз
33
КЫРГЫЗ
Бузулуулар пайда болбоо үчүн шайманды заводдук
таңгагында гана транспорттоо зарыл.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн болгон
адамдар жетпеген кургак салкын жеринде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШТУРУКТУУ ШАРТТАРДА
КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН. ШАЙМАНДЫ
КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ
ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА
ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды транспорт-
тоодон же сактоодон кийин аны үч сааттан кем
эмес мөөнөткө үй температурасында сактоо зарыл.
Шайманды кутудан чыгарып, иштегенине тоскоолдук
кылган ар кандай чаптамаларды сыйрып алыңыз.
Электр шнурун толук узундугуна жандырып алыңыз.
Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз, бузулуулар
бар болсо шайманды иштетпеңиз.
Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
Түзмөк ылдамдыгы 50 Гц болгон алмашма ток
тармагында иштөөгө арналган, зарыл болгон
ылдамдыгында иштегени үчүн эч кошумча жөндөөнүн
зарылдыгы жок.
ЧАЧТЫ ТҮЗДӨТҮҮ
Шайманды узун жана кыска чач үчүн колдонсо болот.
Шайманды соо, боёлбогон, жасалма түрдө
тармалдаткан чачты түздөтүү үчүн же атайы
түздөтүүчү каражаттар менен колдонуңуз.
Чачыңыз боёлгон же химикалык түрдө тармалдаткан
болсо, шайманды кезек-кезек колдонуу кеңешилет.
Эң жакшы натыйжа үчүн чач таза жана кургак болуу
зарыл.
Фиксаторду (1) басып түзөткүчтү ачыңыз.
Шайманды тегиз, туруктуу жана ысыка чыдамдуу
беттин үстүнө коюңуз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
Шайманды күйгүзүңүз, мунун үчүн күйгүзүү/өчүрүү
баскычын (2) басып кармаңыз, анда жарыяланбас
түрүндө «160» белгиленген иштөөчү пластиналардын
ысуу температурасы (4) күйүп үлпүлдөй баштайт.

Содержание

Похожие устройства

Скачать