Vitek VT-8111 [21/24] Кыргыз
![Vitek VT-8111 [21/24] Кыргыз](/views2/1378445/page21/bg15.png)
21
КЫРГЫЗ
•
Чаң соргучту мезгилдүү түрдө тазалап туруңуз.
•
Чаң соргучту кургак, салкын жеринде сактаңыз.
•
Үй жаныбарларды тазалоо үчүн чаң соргучту
колдонбоңуз.
•
Иштеп турган шаймандын жанында балдар
же жөндөмдүүлүгү төмөн болгон адамдар бар
болгондо өзгөчө көңүл буруп туруңуз.
•
Бул шайман балдар колдонуу үчүн арналган
эмес. Шайман иштеп турганда жана тыныгуу
убактарында шайманды балдар жетпеген
жерине коюңуз.
•
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптууу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо, колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
•
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуздар! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз. Тумчуктуруунун коркунучу
бар!
•
Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
•
Электр шнурун жана кубаттуучу розеткасынын
абалын бузулуулар болбоо үчүн мезгилдүү
түрдө текшерип туруңуз.
•
Электр шнурунун, кубаттуучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-
иштебей турса же кулап түшкөндөн кийин анын
иштетүүсүнө тыюу салынат.
•
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жеринде сактаңыз
АСПАП ТУРАК ЖАЙЛАРДА ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК
КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН, КОММЕРЦИЯЛЫК
КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ
ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА КОЛДОНУУГА ТЫЮУ
САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада түзмөктү
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
–
Шайманды таңгактан чыгарып, болгон таңгак
материалдары менен чаң соргучтун нормалдуу
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кыл
чаптамаларды алып салыңыз.
–
Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо шайманды колдонбоңуз.
–
Шайманды иштетүүнүн алдында иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ КУРАШТЫРУУ
Ийилчээк түтүкчөнү орнотуу жана чечүү
•
Ийилчээк түтүкчөнүн сайгычын (8) аба алуучу
тешигине (10) сайыңыз.
•
Ийилчээк түтүкчөнү бир аз күч салып,
бекитилгенине чейин сайыңыз.
•
Ийилчээк түтүкчөнү чечүү зарылдыгы болсо,
бекитмелерин (9) басып, ийилчээк түтүкчөнү
чечиңиз.
Телескоптук түтүгүн жана саптамаларын
орнотуу
•
Узарткыч телескоптук түтүгүн (4) ийилчээк
түтүкчөнү (6) туташтырыңыз.
•
Бекитмесин (3) алдын ала басып, телескоптук
түтүктүн ылдый жагын керектүү узундугуна
чыгарыңыз.
•
Керектүү саптамасын – жер таман/килем үчүн
щеткасын (1), жылчык саптаманын (28) же
саптаманын (29) – таңдап, узарткыч телескоптук
түтүгүнө (4) туташтырыңыз.
•
Керек болгондо саптамаларын (28, 29) ийкем
түтүктүн туткасына (6) тике туташтырса болот.
•
Иштетүү убагында туткасынан (6) кармаңыз.
ЩЕТКА-САПТАМАЛЫН ПАЙДАЛАНУУ
«АСТАНА/КИЛЕМ» которгучу бар
универсальдык щетка (1)
Щеткадагы (1) которгучун (2) керектүү абалына
коюңуз (жыйналып турган бетине карата).
Жылчык саптама (28)
Жылчык саптама радиаторлорду, жарыктарды,
бурчтарды же дивандын жаздыктарынын арасын
тазалоо үчүн арналган.
1де 2 эмерек үчүн щетка саптамасы (29)
Насадканы (29) жумшак эмеректин кездеме
катмарларын тазалоо үчүн колдонуңуз. Эмеректин
жылмаланган беттерден чаң чогултуу үчүн щётканы
саптаманын (29) үстүнө орнотуңуз, түгү эмеректин
жылмаланган беттерин чийилип бузулуусуна жол
бербейт.
Саптамалардын кармагычы (30)
Кармагычты (30) ийилчээк түтүкчөнүн (7) ыңгайлуу
жеринде орнотуп, кармагычка (30) саптамаларды
(28 жана 29) орнотуңуз.
Чаң топтогуч контейнери (11)
Чаң топтогуч контейнери (11) циклондуу чыпкасы
(24) менен жабдылган, ал кирген абадан чаң жана
шыпырындыны токтотуп, поролон чыпка (25)
IM VT-8111.indd 21 10.04.2018 11:44:39
Содержание
Похожие устройства
- Vitek VT-8120 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8118 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8119 Инструкция по эксплуатации
- Endever FS-541 Инструкция по эксплуатации
- Endever FS-542 Инструкция по эксплуатации
- Endever Aurora-550 Инструкция по эксплуатации
- Endever Vita 80 Инструкция по эксплуатации
- Endever Vita-170 Инструкция по эксплуатации
- Endever Vita-160 Инструкция по эксплуатации
- Endever SIGMA-97 Инструкция по эксплуатации
- Endever Sigma-67 Инструкция по эксплуатации
- Endever Sigma 49 Инструкция по эксплуатации
- Endever Sigma 40 Инструкция по эксплуатации
- Endever KS-513 Инструкция по эксплуатации
- Endever KS-510S Инструкция по эксплуатации
- Endever KS-525 Инструкция по эксплуатации
- Endever KS-527 Инструкция по эксплуатации
- Endever KS-528 Инструкция по эксплуатации
- Endever «Урожай» Инструкция по эксплуатации
- Endever Skyline ST-109 Инструкция по эксплуатации
Скачать
Случайные обсуждения