Vitek VT-8111 [22/24] Кыргыз
![Vitek VT-8111 [22/24] Кыргыз](/views2/1378445/page22/bg16.png)
22
КЫРГЫЗ
менен НЕРА-чыпкасы (26) болсо чаңдын майда
бөлүктөрүн токтотот.
Эскертүү:
–
поролон чыпка (25) менен НЕРА-чыпкасын
(26) ар дайым тазалыкта сактаңыз, себеби
чаң соргучтун ишинин эффективдүүлүгү ага
байланыштуу болот;
–
чаң топтогуч контейнерде (11) блокирлөө
түзмөгү (27) бар, ал контейнерди (11)
поролон чыпкасы (25) менен НЕРА-чыпкасы
(26) коюлбаганда орнотуудан токтотот,
чаң топтогуч контейнерди (11) орнотуунун
алдында поролон чыпкасы (25) менен НЕРА-
чыпкасы (26) туура орнотулганын ар дайым
текшериңиз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
Коопсуздук чаралары
•
Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл
салгычтардын тикеден-тик жакынчылыгында
жана тез жалындап кетүүчү суюктуктар
сакталган жеринде чаң соргучу иштетпеңиз.
•
Шайманды колдонуудан мурун анын бузулусуна
жол бербөө үчүн жерден учтуу заттарды алып
салыңыз.
•
Шайманды иштетип турган мезгилде
соруунун кубаттуулугу тез азайып калса, аны
токтоосуз өчүрүп, телескоптук түтүгү (4) же
ийилчээк түтүкчөсү (7) тыгылып калбаганын
текшерип алыңыз. Чаң соргучту өчүрүп,
электр тармагынан ажыратып, тыгылган
жерин бошотуп, андан кийин гана иштетүүнү
улантсаңыз болот.
КОЛДОНУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Чаң соргучту чаң топтогучу
(11) анын ичинде циклондук чыпка (24), поролон
чыпка (25) менен НЕРА-чыпкасы (26) бар болуп
орнотулганда жана аба чыгуучу (21) НЕРА-
чыпкасы орнотулганда гана иштетсе болот.
Чыпкалары (21, 24, 25, 26) туура орнотулганын
милдеттүү түрдө текшерип туруңуз.
•
Иштетүүнүн алдында электр шнурун керектүү
узундугуна тартып чыгарып, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
•
Электр шнурундагы сары белгиси шнурдун
максималдуу узундугун белгилейт. Шнурду
кызыл белгисинен ары тартууга тыюу салынат.
•
Шайманды иштетүү үчүн иштетүү/өчүрүү
баскычын (18) басыңыз.
•
Шайманды иштетип турганда соруу
кубаттуулугун жөндөгүчү (16), жана ийилчээк
түтүчкөнүн туткасында (6) жайгашкан соруу
кубаттуулугунун кол жөндөгүчү (5) аркылуу
жөнгө салсаңыз болот. Имаратты тазалап
бүткөндөн кийин өчүрүү/күйгүзүү баскычын
(18) басып, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан чыгарыңыз.
•
Электр шнурун түрүп жыйноо үчүн баскычты
(15) басып, түрүлүп турган шнуру чалынып
бузулбоо үчүн аны колуңуз менен тосуп туруңуз.
•
Жыйноонун тыныгууларында щетканы (1)
«коюу» (17) жайына орнотуп турсаңыз болот.
Эскертүү: щётканы (1) же саптамаларды (27,
28) алмаштыруунун алдында, чаң топтогуч
контейнерди (11) тазалоонун алдында чаң
соргучту өчүрүп, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан чыгарып туруңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Чаң топтогуч контейнерин (11) тазалоо
Чаң топтогуч контейнердин (11) толуп калганын
текшерүү үчүн индикатор (13) бар, чаң соргучту
иштетүү убагында чаң топтогуч контейнер
толгондун индикатору (13) «кызыл» болуп калса,
ошол учурда чаң топтогуч контейнерди (11)
тазалоо зарыл. Чаң менен таштандылардан
башкача жыт чыгууга жол бербөө үчүн чаң менен
таштандыларды чаң топтогуч контейнерден (11)
ар колдонуудан кийин төгүү некомендацияланат.
–
Чаң соргучту өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
–
Туткасынан (12) кармап, чаң топтогуч
контейнерин (11) чаң соргучтун корпусунан
өйдө тартып чыгарыңыз.
–
Чаң топтогуч контейнерди таштанды
чаканын үстүнөн кармап, капкактын (23)
бекитме баскычын (22) басып, чаң топтогуч
контейнерден (11) чаң менен таштандыларды
төгүңүз.
–
Капкакты (23) жабып, капкак (23) бекитилгенин
текшерип алыңыз.
–
Контейнерди (11) ордуна коюңуз.
Чаң топтогуч контейнерде (11) орнотулган
чыпкаларын (24, 25, 26) тазалоо
–
Жогоруда айтылгандай контейнерди (11) чаң
менен шыпырындыдан бошотуп алыңыз.
–
НЕРА-чыпкасы (26) менен поролон чыпканы
(25) чечиңиз.
–
Контейнердин капкагын (23) алдын ала ачып,
циклондуу чыпкасын (24) чыгарыңыз.
–
Циклондуу чыпкасын (24) чечүү үчүн аны саат
жебесинин багытына каршы бурап, чыпканы
(24) кою жайынан чыгарыңыз.
–
Чыпкаларын (24, 25, 26) чаң менен
таштандылардан тазалап, циклондуу чыпкасы
(24) менен поролон чыпкасын (25) жана НЕРА-
чыпкасын (26) жылуу суунун астында жууңуз.
Эскертүү:
–
НЕРА-чыпкасын (26) жууганда, сууну НЕРА-
чыпканын (26) тышкы жагына агызыңыз.
–
Чыпкаларды жууш үчүн идиш жуучу аспапты
колдонбоңуз.
–
Чыпкаларды кылдаттык менен кургатып
алыңыз.
–
НЕРА-чыпканы (26) кургатуу үчүн фенди
колдонууга тыюу салынат.
–
Чаң топтогуч контейнерин (11) жууп, сүртүп,
кургатып алыңыз.
–
Циклондуу чыпканы (24) ордуна коюп, аны саат
жебесинин багыты боюнча токтогонуна чейин
бураңыз, андан соң капкагын (23) жабыңыз.
IM VT-8111.indd 22 10.04.2018 11:44:39
Содержание
Похожие устройства
- Vitek VT-8120 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8118 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8119 Инструкция по эксплуатации
- Endever FS-541 Инструкция по эксплуатации
- Endever FS-542 Инструкция по эксплуатации
- Endever Aurora-550 Инструкция по эксплуатации
- Endever Vita 80 Инструкция по эксплуатации
- Endever Vita-170 Инструкция по эксплуатации
- Endever Vita-160 Инструкция по эксплуатации
- Endever SIGMA-97 Инструкция по эксплуатации
- Endever Sigma-67 Инструкция по эксплуатации
- Endever Sigma 49 Инструкция по эксплуатации
- Endever Sigma 40 Инструкция по эксплуатации
- Endever KS-513 Инструкция по эксплуатации
- Endever KS-510S Инструкция по эксплуатации
- Endever KS-525 Инструкция по эксплуатации
- Endever KS-527 Инструкция по эксплуатации
- Endever KS-528 Инструкция по эксплуатации
- Endever «Урожай» Инструкция по эксплуатации
- Endever Skyline ST-109 Инструкция по эксплуатации
Скачать
Случайные обсуждения