Indesit ITD 125 W [27/44] Кызмат көрсөтүү жана күтүү

Indesit ITD 125 W [27/44] Кызмат көрсөтүү жана күтүү
27
KGZ
Кызмат көрсөтүү жана күтүү
Ажыроочу бардык тетиктерди самындын эритмеси же
суудагы жууш каражаттары менен тазалоо керек. Алар-
ды кир жууш машинасында жууса да болот. Эсиңизде
болсун, муздаткычка кайра орнотуудан мурда ажыроо-
чу тетиктерди тыкандык менен кургатып алуу зарыл.
Муздаткычтын конденсаторуна чаң чогулушу,
бул анын нормалдуу иштешине тоскоолдук кылышы
мүмкүн. Чаң жуткучка керектүү тетиктерин орнотуп,
муздаткычтын арткы дубалдарын абайлап тазалаңыз.
Эгерде сиз узак мөөнөткө муздаткычтан
пайдаланбасаңыз, анда аны муздан арылтыңыз,
ичин жууңуз, кургатыңыз жана жаман жыт орношуп
калбастыгы, көк дат баспастыгы үчүн эшигин биразга
ачык абалда калтырыңыз.
Муздаткыч прибордун курамдык бөлүктөрүнүн
температуралык деформацияланышы натыйжасында
«тырсылдаш» угулушу мүмкүн, бул дефект саналбайт
жана прибордун иштешине тассирин тийгизбейт. Муз-
даткычтын терморегулятору жана компрессору ишке
түшкөндөгү мүнөздүү үн прибордун электр аспаптары
иштегенде пайда болуучу нормалдуу үн саналат.
Жарыктандыруу лампасын алмаштыруу (кепилдүү
ремонт эсептелбейт).
Вилканы розеткадан сууруп, муздаткычты тармактан
үзүңүз. Ичкерини жарыктандыруучу лампа жарык-
тандыруу плафону корпусунун арт жагында жай-
лашкан. Лампаны бурап чыгарыңыз жана, сүрөттө
көрсөтүлгөндөй, окшошуна (кубаттуулугу 15 Вт тон
көп эмес) алмаштырыңыз.
Жууш жана кызмат көрсөтүү боюнча ар кандай
ишти атркаруудан мурда муздаткычты электр тар-
магынан үзүп коюңуз.
Эритүү
Көңүл буруңуз! Эрүү процессин тездештирүү үчүн
муздаткычтын дубалдарын тытышы мүмкүн болгон
же муздаткычтын бөлүмдөрүндөгү тыгыздыкты буза
турган предметтерден пайдаланбаңыз.
Муздаткыч бөлүмдү эритүү
Муздаткыч бөлүм өзү-өзүнөн эрийт; эригенден пайда
болгон суу дренаж системасына келип түшөт, андан
кийин ал жерден компрессордун ысыгы менен бууланат.
Муздаткыч бөлүмдү таза сактоо үчүн Сиз кыла турган
жападан-жалгыз ишбул мөмөлөр жана жашылчалар
ящигинин артында жайлашкан дренаж көзөнөктөрүнүн
кирдебестигине байкоо жүргүзүү.
Тоңдургуч бөлүмдү эритүү
Убакыт өтүшү менен тоңдургуч бөлүмдүн ички дубал-
дарынагы кыроо калыңдашып барат.
Кыроонун калыңдыгы 5 мм ден ашканда тоңдургуч
бөлүмдү муздан арылтуу керек. Терморегулятордун ку-
лагын «OFF» абалга коюңуз жана муздаткычты электр
тармагынан үзүңүз. Эрүү мезгилинде тоңдурулган
продуктуларды бир нече кабат кылынган газетага
ороңуз жана мүмкүнчүлүгүнүн барынча муздак жерге
жайлаштырыңыз. Кыроо тез эриши үчүн эшикти ачык
калтырыңыз. Эрүүнү тездештирүү үчүн тоңдургуч
бөлүмгө жылуу суусу бар кастрюлка коюңуз. Чогулуп
калган нымды губка же ным тартуучу чүпүрөк менен
сүртүп алыңыз. Кайра ишке түшүрүүдөн мурда камера-
ларды жууңуз жана тыкандык менен кургатыңыз.
Кызмат көрсөтүү жана күтүү
Сиздин муздаткычыңыз жыт чыгарбай турган гигиена-
лык материалдан даярдалган. Ушул жагдайды сактап
калуу үчүн, ошондой эле жыт отуруп калбастыгы жана
кийинчерээк аны кетирүүгө ашыкча күч жана убакыт
сарптабастык үчүн күчтүү жыт чыгаруучу продуктулар-
ды бекем жабылуучу контейнерде сактаңыз.
Муздаткычтын ички жана тышкы беттерин ичилүүчү
соданын жылуу суудагы эритмеси менен нымдалган
губка же жумшак кездеме менен жууңуз (сода ошондой
эле мыкты дезинфектор да болуп саналат). Ичилүүчү
сода жок болсо, нейтралдуу жууш каражатынан
пайдаланыңыз.
Эч качан өзүндө органикалык эриткич, абразив, хлор
жана аммиак сактаган заттардан пайдаланбаңыз.

Содержание