Vitek VT-7128 [17/20] Кыргыз
![Vitek VT-7128 [17/20] Кыргыз](/views2/1752805/page17/bg11.png)
17
КЫРГЫЗ
ТЕГИРМЕН КОФЕ МАЙДАЛАГЫЧ VT-7128 BK
Тегирмен кофе майдалагыч кофе бышыруунун
ар кайсы жолдору үчүн кофе данды
майдалатуунун деңгээлин жөнгө салууну
мүмкүн кылат. Дан майда тарттырылганда
кофе батыраак бышат, бирок даяр
суусундуктун даамы ачуу жана коюу болуу
мүмкүн. Тескерисинен: дан өтө ири болуп
тарттырылганда, суусундуктун даамы коюу
эмес, начар болот.Майдалатуунун деңгээли
туура таңдалганда даяр кофе коюу, бирок ачуу
даамы жок болот.
СЫПАТТАМА
1. Тарттырылган кофе үчүн идиши
2. Тазалоочу кыл калеминин сактоо жайы
3. Корпус
4. Майдалатуу деңгээлинин жөндөгүчү
5. Кофе даны үчүн идиши
6. Кофе даны үчүн идиштин капкагы
7. Майдалатуу деңгээлинин шкаласы «FINE»,
«MEDIUM», «COARSE»
8. Майдалатуу деңгээлинин көрсөткүчү
9. Өчүрүү/иштетүү баскычы
10. Тарттырылган кофе үчүн идиштин капкагы
11. Тазалоочу кыл калеми
12. Үстүнкү чечилме тегирмени
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Кофе майдалаткычты пайдалануудан мурун
ушул колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнүңүп,
маалымат катары сактап алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул
колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
• Шайманды электр тармагына кошкондун
алдында шайманда жазылган чыңалуусу
үйүңүздөгү электр тармагынын чыңалуусуна
ылайык болгонун текшерип алыңыз.
• Имараттардын сыртында шайманды
колдонууга тыюу салынат.
• Жабдыктын жыйынтыгына кирген
буюмдарын гана колдонуңуз.
• Кофе майдалагычты биринчи колдонуунун
алдында болгон чечилме бөлүктөрүн
кылдаттык менен жууп алыңыз.
• Шайманды пайдалануунун алдында болгон
бөлүктөрү туура орнотулганын текшерип
алыңыз.
• Кофе майдалагыч кофе данын майдалатууга
гана арналган.
• Идишинде (5) кофе даны жок болгондо
шайманды иштетпеңиз.
• Үзгүлтүксүз иштетүүнүн максималдуу
мөөнөтү – 1 минута, майдалатуу
циклдердин арасында 5 минутадан кем
эмес тыныгууларды жасаңыз.
• Тегирмендин айлануусу начар болгондо,
шайманды электр тармагынан ажыратып,
тегирмендин айлануусуна тоскоолдук
кылган себепти жоюңуз.
• Майдалатуу деңгээлин кофе майдалаткычты
иштеткенден мурун таңдаңыз.
• Майдаланган кофе үчүн идишти (1) ачуу
жана дан үчүн идиштин капкагын (5) ачуу
шайман өчүрүлүп, тегирмендери толугу
менен токтогондо гана мүмкүн.
• Иштеп турган шайманды кароосуз
калтырбаңыз.
• Шайманды тазалоонун алдында же аны
көпкө чейин колдонбосоңуз аны электр
тармагынан ажыратуу зарыл.
• Шайманды ысык беттердин жанында
(мисалы, газ же электр мештин, демдеме
мештин жанында) колдонбоңуз.
• Электр шнуру ысык беттерге же эмеректин
учтуу кырларына тийүүсүнө жол бербеңиз.
• Кубаттуучу сайгычын суу колуңуз менен
тийбеңиз.
• Ток уруунун же өрттүн коркунучун жоюу
үчүн шаймандын корпусун, электр шнурун
же кубаттуучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
• Шайман сууга түшкөн болсо:
– сууну тийбеңиз;
– токтоосуз кубаттуучу сайгычын
розеткадан суруп, андан кийин гана
шайманды суудан чыгарсаңыз болот;
– кофе майдалагычты текшерүү же
оңдоо үчүн автордоштурулган (ыйгарым
укуктуу) тейлөө борборуна кайрылыңыз.
• Шайман иштеген учурда балдарга кофе
майдалагычтын корпусун, электр шнурун
тийгенге уруксат бербеңиз.
• Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
• Шайман иштеп турганда же иштөө
циклдердин арасында аны балдардын колу
жетпеген жерде сактаңыз.
• Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
IM VT-7128.indd 17 17.08.2017 16:50:44
Содержание
Похожие устройства
- Zanussi Taranto, 37х28х1,6 см Black (ZAC38211BF) Руководство по эксплуатации
- Braun Oral-B EB50 Cross Action, 4 шт Инструкция по эксплуатации
- VTech ВМ2100 Инструкция по эксплуатации
- Oppo A52 4+64GB Twilight Black (CPH2069) Инструкция по эксплуатации
- Schaub Lorenz SLUS 335 C2 Инструкция по эксплуатации
- LG TwinWash FH4G1JCH2N Инструкция по эксплуатации
- Electrolux PowerForce ZPF2200 Инструкция по эксплуатации
- Miele SMUL0 Triflex HX1 Ruby Red Инструкция по эксплуатации
- Elenberg SPT-7090 Инструкция по эксплуатации
- Red Line 1 USB, 2.4A + Type-C White (УТ000013628) Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-6602 Black Инструкция по эксплуатации
- Mart Лига Инструкция по эксплуатации
- Sony HDR-CX625B Инструкция по эксплуатации
- Asus VivoBook 15 X505ZA-BQ866T Инструкция по эксплуатации
- Asus ROG G531GU-ES308T Инструкция по эксплуатации
- Lenovo ThinkBook 14 IIL (20SL002YRU) Инструкция по эксплуатации
- Smartbuy Quartz Series 16GB, Black (SB16GBQZ-K) Инструкция по эксплуатации
- Moulinex AR110830 Original Grinder Инструкция по эксплуатации
- Philips HC3530/15 Hairclipper Series 3000 Инструкция по эксплуатации
- Energizer Power Plus AAA 700 мАч, 2 шт (E300626500) Руководство по эксплуатации