Vitek VT-7128 [18/20] Кыргыз

Vitek VT-7128 [18/20] Кыргыз
18
КЫРГЫЗ
жооптууу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго
балдарга уруксат бербеңиз.Тумчуктуруунун
коркунучу бар!
Электр шнуру менен сайгычтын абалын
мезгилдүү түрдө текшерип туруңуз.
Электр шнурунун, кубаттуучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо шайманды
колдонбоңуз.
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Бузулуулар пайда болбогону үчүн шайманды
заводдук таңгагында гана транспорттоо
зарыл.
Айлана чөйрөөну сактоо максатында
шаймандын кызмат мөөнөтү бүткөндөн
кийин аны турмуштук калдыктары менен
чогу ыргытпай, утилизациялоо үчүн
адистештирилген пунктуна тапшырыңыз.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген жеринде
сактаңыз.
АСПАП ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА
ГАНА АРНАЛГАН
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Кофе майдалагычты таңгактан чыгарыңыз.
Шайманды иштетүүнүн алдында иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы
чыңалуусуна ылайык болгонун текшериңиз.
Тарттырылган кофе үчүн идишин (1) капкагы
менен (10) өзүңүзгө тартып чечиңиз.
Кофе дан үчүн идиштин капкагын (6) чечип,
идишти (5) саат жебесинин багытына каршы
бурап чечиңиз.
Үстүнкү тегирменди (12) саат жебесинин
багыты боюнча «unlock» багытына бурап
чечиңиз.
Төмөнкү тегирменди акырындык менен
сүртүңүз.
Болгон чечилме бөлүктөрүн нейтралдуу
жуучу каражат кошулган жылуу сууга жууп,
чайкап, жакшылап кургатып алыңыз.
Кофе майдалагычтын корпусун (3) жумшак
бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан
соң кургатып сүртүңүз.
Үстүнкү тегирменди (12) саат жебесинин
багыты боюнча «lock» багытына токтогонуна
чейин бурап ордуна коюңуз.
Кофе даны үчүн идишин (5) орнотуп, саат
жебесинин багыты боюнча токтогонуна
чейин бурап, капкагы (6) менен жабыңыз.
Тарттырылган кофе үчүн идишин (1)
капкагы (10) менен жабып, толугу менен
бекитилгенине чейин ордуна орнотуңуз.
КОФЕ МАЙДАЛАГЫЧТЫ КОЛДОНУУ
Үзгүлтүксүз иштетүүнүн максималдуу мөө-
нөтү 1 минута, майдалатуу циклдердин
арасында 5 минутадан кем эмес
тыныгууларды жасаңыз.
Болгон бөлүктөрү туура орнотулганын
текшерип алыңыз.
Капкагын (6) ачып, идишине (5) кофе
дандарын салыңыз, идиштин (5) ички
бетинде шкаласы бар, ал аркылуу кофе
дандын көлөмү менен даяр суусундукун
чынысынын сандын ара катышын
текшерсеңиз болот.
Эскертүү:
идишине (5) 80 г ашык кофе данын
салбаңыз;
идиштн (5) ичиндеги «чынылар» аркылуу
көрсөткөн майдаланган кофенин
шкаласы болжолдуу болуп, майдаланган
кофе аз болсо кофе данын кошуп, кофе
майдалагычты иштетиңиз.
Идишти (5) капкагы (6) менен жабыңыз.
Жөндөгүчтү (4) бурап, шкаладагы (7)
«FINE», «MEDIUM», «COARSE» кофени
майдалатуу деңгээлин таңдаңыз:
«FINE» - помпа кофе бышыргычтар үчүн
майдалатуу деңгээли;
«MEDIUM»- тамчы кофе бышыргычтар үчүн
орточо майдалатуу деңгээли;
«COARSE» - кофейникте кофе демдегени
үчүн ири майдалатуу деңгээли.
IM VT-7128.indd 18 17.08.2017 16:50:44

Похожие устройства

Скачать