Centek CT-2300 [21/28] Донмосу менен кошо өткөрүп бериңиз буу үтүк бул тиричилик

Centek CT-2300 [21/28] Донмосу менен кошо өткөрүп бериңиз буу үтүк бул тиричилик
21
УРМАТТУ КЕРЕКТӨӨЧҮ!
Эгерде шайман өз максатына ылайык колдонулбаса жана берил-
ген колдонмодо көрсөтүлгөн эрежелер жана шарттар сакталбаса,
ошондой эле шайманды квалификациясыз оңдоо аракеттер бол-
со, өндүрүүчү жооптуу эмес. Эгер Сиз шайманды башка адамга
колдонууга бергиңиз келсе, сураныч, анда аны берилген кол-
донмосу менен кошо өткөрүп бериңиз. Буу үтүк бул тиричилик
шайманы жана өнөр жай максаттар үчүн колдонулбайт.
1. КООПСУЗДУК ЧАРАЛАР
-
Өмүргө жана ден-соолукка кооптуу кырдаалдарды келтирбеш
үчүн, ошондой эле шайман иштен эрте чыгып калбашы үчүн,
төмөндө келтирилген шарттар так сакталышы керек.
-
Шайманды туура орнотулган электр розеткасына гана ту-
таштырыңыз. Шайманда көрсөтүлгөн чыңалуу жергиликтүү
электр булагыңыздын чыңалуусуна дал келгенин текшериңиз.
-
Шайман физикалык, сезимтал жана акыл-эс мүмкүнчүлүктөрү
төмөн адамдарга (балдарга дагы) колдонууга арналган эмес,
эгер алар алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адамдан шай-
мандын колдонуусун үйрөнбөсө же ал адамдын көзөмөлүн-
дө болбосо. Балдар шайман менен ойнобош үчүн, аларды
көзөмөлдөш керек.
КЫРГЫЗЧА
-
Тармакка туташтырылган шайманды кароосуз калтырууга
тыюу салынат.
-
Суу куюлган идишти толтуруудан мурун шайманды электр
тармагынан ажыратыңыз.
-
Эгерде электр зымы бузулган болсо, кооптуу жагдай жарат-
паш үчүн аны өндүрүүчү, тейлөө кызматы же ушул сыяктуу
квалификациялуу кызматкер алмаштырышы керек.
-
Эгерде электр зымы же розеткасы бузулган болсо, шайманды
колдонбоңуз.
- Шайманды сууга батырбаңыз.
-
Электр зымын үтүктүн ысык таманына тийишине жол бер
-
беңиз.
-
Шайман өчүрүлгөндөн кийин ысытуучу элементтин бети ысык
бойдон калат.
- Шайманды сактоодон мурун, аны толугу менен муздатыңыз.
- Шайманды туруктуу жерде колдонуп сактаңыз.
-
Эгерде шайман түшүп кетсе, көрүнгөн зыяндары болсо же
суусу агып кетсе, аны колдонбоңуз.
- Шайман иштеп жатканда, анын бөлүктөрү аябай ысыйт.
-
Шайманды тармакка таймерлер жана башка алыскы түзмөк-
төр аркылуу туташтырганга тыюу салынат.
-
Иш бүткөндөн кийин ысытуучу элементтин үстү ысык бойдон
калат.
-
Иштөө учурунда жеткиликтүү беттердин температурасы жогору
болушу мүмкүн.
- Ташуу (алып өтмөк), сатуу үчүн өзгөчө шарттар: жок.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
-
Шайманды биринчи жолу колдонуудан мурун, аны керексиз
кездемеге текшерип алыңыз, үтүктүн таманы же суу куюлган
идиши булганган болбосун. Шаймандын айрым бөлүктөрү чо-
гултаарда бир аз майланышат, ошондуктан алгач күйгүзүлгөн-
дө бир аз түтүн пайда болушу мүмкүн. Ал бир нече секунддун
ичинде токтойт.
-
Этият болуңуз: иштөө учурунда жеткиликтүү беттердин тем-
пературасы жогору болушу мүмкүн.
- Ташуу (алып өтмөк), сатуу үчүн өзгөчө шарттар: жок.
2. ШАЙМАНДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Суу сактагыч
2. Керамикалык таман
3. Буу чыгаруучу шнур
4. Буу уруунун баскычы
5. Башкаруу баскычтары
6. LED- дисплей
7. Кармоочу
8. Ажыратуу баскычы
9. Суу куюучу тешиги
а) күйгүзүү баскычы
б) буу жөндөө баскычы
в) температураны жөндөө ба-
скычы

Содержание

Похожие устройства