Vitek VT-2299 W [17/24] Кыргыз

Vitek VT-2299 W [17/24] Кыргыз
17
КЫРГЫЗ
ФЕН VT-2299 W
Түзмөк чачты кургатуу, тармалдатуу, жасалоо жана
ар кыл татаалдыгы бар чачтарамды жасоо үчүн ар-
налган.
Tourmaline Ionic технологиясы
Tourmaline Ionic панжарасынын инновациялык кап-
тоосу ысык аба менен жылыганда терс иондорду
пайда кылып статикалык электрленүүнү жоюп, чач-
ты жибектей жылмалайт, алар чачтын эбелектерин
чаптайт.
СЫПАТТАМА
1. Концентратор саптамасы
2. Иштөө индикатору
3. Аба алгычтын чечилме панжарасы
4. «Муздак» шамалды үйлөтүү баскычы
5. Ысытуу деңгээлинин которгучу
6. Аба ылдамдыгынын которгучу
7. Асып коюу үчүн илмекче
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Түзмөктү ичине суу куюлган идиштердин (миса-
лы, ванна, бассейн ж.б.) жанында колдонбоңуз.
Түзмөктү ванна бөлмөсүндө колдонгондон кийин
тармактык шнурунун айрысын электр тармагы-
нан сурушу зарыл, себеби суунун жакын болгону
түзмөк өчүргүч менен өчүрүлгөндө деле корку-
нучту жаратат;
Кошумча коргонуу үчүн ашканадагы электр тар-
магында потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА
ашырбаган коргоп өчүрүүчү аспабын орнотулушу
максатка ылайыктуу; аспапты орнотуу үчүн ади-
ске кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Түзмөктү пайдалануудан мурун колдонмону көңүл
коюп окуп-үйрөнүп, маалымат катары сактап
алыңыз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана, ушул колдон-
модо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Түзмөктү туура эмес пайдалануу анын бузулуусу-
на, колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө зыян
келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
Фенди иштеткенден мурун түзмөктүн иштөөчү
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна
ылайык болгонун текшерип алыңыз.
Өрт коркунучун жоюу үчүн аспапты электр розет-
касына туташтырганда кошуучу түзүлмөлөрдү
колдонбоңуз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана колдо-
нуп, жыйынтыгына кирген саптамаларын гана
пайдаланыңыз.
Иштеп турган түзмөктү эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
Түзмөктү аэрозолдорду чачкан же жеңил жалын-
дап кетүүчү суюктуктар колдонулган жерлерде
колдонбоңуз.
Колдонгондон кийин же тазалагандан мурун ар
дайым түзмөктү тармагынан сууруңуз.
Тармактык шнурдун айрысын розеткасынан
ажыратканда, электр шнурунан кармап эч качан
тартпаңыз, тармактык шнурдун айрысынан гана
кармаңыз.
Тармактык шнурун же тармактык шнурдун айры-
сына суу колуңуз менен тийбеңиз.
Түзмөктү ваннага же суу толтурулган раковинага
түшө турган жерлерге салбаңыз да ошол жерлер-
де сактабаңыз, түзмөктү сууга же башка суюктука
салбаңыз.
Ваннада киринген учурда түзмөктү колдон боңуз.
Түзмөк сууга түшкөн болсо, токтоосуз кубаттуу-
чу сайгычты розеткадан суруп, андан кийин гана
түзмөктү суудан чыгарсаңыз болот.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары кол-
донулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же таңгак
пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат
бербеңиз. Бул тумчугуунун коркунучун жаратат!
Түзмөк иштеп турган убагында 8 жаштан кичүү
балдарга мотор сапсалгысынын корпусун, тар-
мактык шнуруна же тармактык шнурдун айрысы-
на тийүүгө уруксат бербеңиз.
Түзмөктү оюнчук катары колдонбоо үчүн бал-
дарга көз салыңыз.
Түзмөк иштеп турган учурда жанында 8 жаштан
кичүү балдар же жөндөмдүүлүгү чектелген адам-
дар бар болгондо өзгөчө абайлап туруңуз.
Бул түзмөк 8 жаштан кичүү балдар колдонгону
үчүн арналган эмес.
Дене күчү, сезими же акыл-эси жагынан жөндөм-
дүүлүгү төмөн (ошонун ичинде 8 жаштан улуу бал-
дар да) адамдар же колдонуу боюнча тажрыйбасы
же билими аз болгон адамдар колдонуу үчүн ылай-
ыкташтырылган эмес. Ушул адамдар алардын
коопсуздугуна жооптууу адам аларды көзөмөлдөп
же түзмөктү коопсуз колдонуу жана аны туура эмес
колдонуусу жараткан коркунучтуры жөнүндө ылай-
ыктуу жана түшүнүктүү колдонмону берген учурда
гана түзмөктү колдонсо болот.
Уйкулуу абалда болсоңуз, түзмөктү колдонбоңуз.
Иштеп турган түзмөктү туткасы жагынан гана
кармаңыз.
Түзмөктү суу чачты же синтетикалык париктерди
жасалоо үчүн колдонбоңуз.
Ысык абаны көзүнүзгө же башка жылуулукту өтө
сезүүчү дене бөлүмдөргө желдетпеңиз.
Түзмөктүн ысык жактарын бетиңизге, моюнуңузга
жана башка денеңиздин бөлүктөрүнө тийгизген-
ден абайлаңыз.
Саптамалар иштеген убагында ысыйт, чечүүнүн
алдында аны муздатып алыңыз.
Түзмөктүн корпусунун ар кыл тешиктерине башка
буюмдарды салбаңыз да түшүрбөңүз.
Фендин аба чыгуучу тешиктерин жабууга тыюу
салынат, фенди аба тешиктери жабыла турган
жумушак беттерге (керебеттин же дивандын
үстүнө) салбаңыз. Аба тешиктерге мамык, чач,
чаң ж. б. нерселер кирбеши зарыл.
VT-2299.indd 17 05.03.2019 9:50:42

Содержание

Скачать