Vitek VT-2299 W [19/24] Кыргыз

Vitek VT-2299 W [19/24] Кыргыз
19
КЫРГЫЗ
Керек болсо, чачтын абалын бекитүү үчүн абаны ар
тутамына 2-5 секунданын ичинде үйлөтүңүз. Чач ту-
тамдарын жасалоо мөөнөтүн чачтын түрүнө карап
өөзүңүз таңдайсыз.
«Муздак» абаны берүү
Бул моделинде жасалоону бекитүү үчүн колдонулган
“муздак” абаны үйлөтүү функциясы каралган. «Муз-
дак» абаны үйлөтүү баскычын (4) басып кармап
туруңуз, бул чачтарамды бекитүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Өтө ысуудан коргоо
Фендин өтө ысытуудан коргонуу системасы чыгуучу
аба агымынын температурасы өтө чоң болгондо фен-
ди өчүрөт. Фенди колдонгон учурда ал өчүп калса,
режимдердин которгучун (6) «0» абалына которуңуз,
кубаттуучу сайгычты розеткадан суруп, аба кирүүчү
жана чыгуучу тешиктер жабылбаганын текшериңиз,
фенди 5-10 минут муздатып, кайра иштетсеңиз болот.
Фенди колдонгондо тешиктерин жаппай, чачыңыз аба
алуучу тешигине түшкөндөн абайлаңыз.
Кароо жана кам көрүү
(6) которгучун «0» абалына орнотуңуз ошондо
(2) иштөө индикатору өчөт – жана фенди тармак-
тан ажыратыңыз.
Фендин корпусун бир аз нымдуу чүпүрөк менен
сүртүп, андан кийин кургатып сүртсөңүз болот.
Аба алгычтын (3) панжарасындагы урчуктан
кармаңыз, аны чыкылдак болгонго чейин буруңуз
жана панжараны чечиңиз.
Панжараны (3) кыл сүрткүнүн жардамы менен
тазалаңыз, панжарадагы (3) урчуктарды фендин
корпусундагы оюктарга дал келтирип панжараны
ордуна орнотуңуз жана бекигиче сааттын жебеси-
нин багыты боюнча панжараны буруңуз.
Түзмөктү сууга же башка суюктуктарга салууга
тыюу салынат.
Түзмөктү тазалоо үчүн абразивдүү жуучу каражат-
тарды жана эриткичтерди колдонууга тыюу салынат.
Сактоо
Фен колдонбогон учурларда электр тармагынан
ажыратып алыңыз.
Электр шнурун фендин корпусунун үстүнө эч ка-
чан түрбөңүз, себеби ал шнурдун же корпустун
бузулуусуна алып келиши мүмкүн. Тармактык
шнурду абайлап колдонуңуз, өзгөчө шнур корпу-
стун ичине кирген жакта жана тармактык айрыга
жакын жерде шнурду кату тартууга, бурууга же
чоюуга тыюу салынат. Эгерде колдонуунун учу-
рунда шнур өтө буралып турса, мезгил-мезгили
менен аны түздөтүп туруңуз.
Фен-щетканы ыңгайлуу пайдалануу үчүн ал илмек
(7) менен жабдылган, ошол илмек менен фенди
ага суу тийбеген жерге илип койсоңуз болот.
Фенди колдонгондон кийин муздатып, шайманды
балдар же жөндөмдүүлүгү чектелген колу жетпе-
ген кургак салкын жеринде сактаңыз.
Жабдыктын жыйынтыгы
Фен – 1 даана
Концентратор саптамасы – 1 даана
Колдонмо – 1 даана
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 1800-2200 Вт
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Түзмөктү ванна бөлмөсүндө,
душ, бассейн ж.у.с. жерлерде суунун жанында
колдонбоңуз.
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман менен
азыктандыруучу элементтердин (эгерде топтомго
кирсе) кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин турмуш-
тиричилик калдыктары менен бирге таштабаңыз,
шайман менен азыктандыруучу элементти андан
ары утилизациялоо үчүн адистештирлиген пун-
кттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон кал-
дыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң бел-
гиленген жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча
маалымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, турмуш-
тирчилик калдыктарды утилизациялоо кызматына же
бул шайманды алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө принцип-
терине таасир этпеген дизайнин, конструкциясын
жана техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскерт-
пей өзгөртүү укугун сактайт, ошол себептен шай-
ман менен колдонмонун арзыбаган айырмалар болуу
мүмкүн. Колдонуучу ушундай келишпегендиктерди
тапса, ал жөнүндө info@vitek.ru электрондук почта-
сына жазып, шаймандын жаңырланган версиясын
алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалы-
маттар буюмду саткан сатуучудан алууга болот.
Кепилдик шарттарына ылайык талап кылып сатыл-
ган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү керек.
VT-2299.indd 19 05.03.2019 9:50:43

Содержание

Скачать