Centek CT-1398 Инструкция по эксплуатации онлайн [12/24] 744233

Centek CT-1398 Инструкция по эксплуатации онлайн [12/24] 744233
12
ШАЙМАНДЫН МАКСАТЫ
Жашылдыктарды, пиязды, жемиштерди, жашылчаларды, сырды жана эт-
терди (уйдун эти, майлуу жана чарыны бар эт үчүн, сөөгү же кемирчектери
бар эт үчүн жарабайт) тез майдалуу жана аралаштыруу үчүн арналган.
1. КООПСУЗДУК ЧАРАЛАР
Жашоо жана ден-соолук үчүн кооптуу кырдаалдарды, ошондой эле
шайман эрте иштен чыгып калбашы үчүн, төмөнкү шарттар так сакта-
лууга тийиш:
-
Аспапты электр тармагына туташтыруудан мурун, шайманда көрсөтүл-
гөн чыңалуу сиздин үйүңүздүн электр тармагынын чыңалуусуна дал
келгенин текшериңиз.
-
Табакта азыктарды майдалаганда, иштетүү убактысы 60 секунддан
ашпашы керек. Иштөө мөөнөттүн ортолорунда 2-3 мүнөт тыныгуу
жасаңыз.
- Аспапты сыртта колдонбоңуз.
-
Жеткирүү топтомдогу гана бөлүктөрүн колдонуңуз. Аспапты биринчи
жолу колдонуудан мурун, бардык алынуучу, тамак-аш менен байла-
нышат турган бөлүктөрүн, жакшылап жууп салыңыз.
-
Аспапты колдонуудан мурун, анын бардык бөлүктөрүнүн туура орно-
тулгандыгын текшериңиз.
- Азыктар табактын ичине, аспапты иштеткенден мурун, салынат.
-
Табактын ичине азыктарды ашыкча салбаңыз жана куюлган суюктуктун
деңгээлин байкап туруңуз.
-
Майдалагыч бычактын кескич кырлары аябай курч болот жана кооп
туудурат. Бычакты өтө этияттык менен колдонуңуз! Майдалагыч бы-
чактын айлануусунда кыйынчылык болсо, аспапты электр тармагынан
ажыратыңыз жана бычактын айлануусуна тоскоол болгон азыктарды
акырын алып салыңыз.
-
Табактын ичиндеги азыктар менен суюктукту, бычагы толугу менен
токтогондон кийин гана алып чыгыш керек.
-
Электр тармагына сайылып турган шайманды кароосуз калтырбаңыз.
-
Шайманды ар бир тазалоонун астында же сиз шайманды колдонбогон
учурда, ар дайым өчүрүп туруңуз.
-
Аспапты ысык беттердин жанында колдонбоңуз (мисалы, газ же электр
меш, кызарткыч меш ж.б.).
-
Тармак зымынын эмеректердин учтуу кырларына жана ысык беттерге
тийбегенин байкап туруңуз.
-
Аспапты электр тармагынан ажыратып жатканда, электр зымынын
сайгычынан гана тартып сууруш керек. Электр зымын тартпаңыз жана
бурабаңыз.
- Электр зымы бузулган шайманды колдонбоңуз.
-
Кыймылдаткыч блоктун корпусун, тармак зымын жана анын сайгычын
суу колдоруңуз менен кармабаңыз.
-
Шайманды физикалык, сезимтал же акыл жөндөмдүүлүгү начар болгон
адамдарга (балдарга), жашоо тажрыйбасы жана билими болбогондук-
тан колдонгонго болбойт, эгер аларды шайманды колдонуунун эрежесин
билген жана алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адамдын көзөмөлүндө
болбосо. Балдар шайман менен ойнобош үчүн аларды көзөмөлдөш керек.
-
Электр зымы бузулган болсо, кооптуу жагдай жаратпаш үчүн, аны өн-
дүрүүчү, тейлөө кызматы же ушул сыяктуу квалификациялуу кызматкер
алмаштырышы керек.
- Ташуу (алып өтмөк), сатуу үчүн өзгөчө шарттар: жок.
2. ШАЙМАНДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Ылдамдыкты которуу баскычы
2. Кыймылдаткыч блок
3. Стакандын капкагы
4. Сарымсакты тазалоо үчүн саптама
5. Каймакты чалуу үчүн саптама
6. Майдалоо үчүн бычак
7. Стакан
8. Стакандын алдына койгуч
3. ТОЛУКТУК
- Кыймылдаткыч блок - 1 д.
- Стакандын капкагы - 1 д.
- Сарымсакты тазалоо үчүн саптама - 1 д.
- Каймакты чалуу үчүн саптама - 1 д.
- Майдалоо үчүн бычак - 1 д.
- Стакан - 1 д.
- Стакандын алдына койгуч - 1 д.
- Колдонуучунун жетекчилиги - 1 д.
4. ИШТӨӨ ТАРТИБИ
Сураныч, шайманды иштетүүдөн мурун берилген колдонмону кунт коюп
окуп чыгыңыз.
КОЛДОНУУГА ДАЯРДАНУУ
Бардык таңгактоочу материалдарды жок кылыңыз. Стакандын алдына
койгучту (8), майдалагыч бычакты (6), саптамаларды (4,5), капкакты (3)
жана стаканды (7) чечиңиз жана жуугуч каражат кошулган суу менен
жууп салыңыз ,андан кийин чайкап кургатып коюңуз. Кыймылдаткыч
блокту (2) жумшак, бир аз нымдуу кездеме менен сүртүп коюңуз, андан
кийин аны кургатып аарчып салыңыз.

Содержание

Скачать