Hotpoint-Ariston VMSG 501 B [40/48] Кир жуугуч машинаны жана программаны иштетүү тартибин сүрөттөө

Hotpoint-Ariston VMSG 501 B [40/48] Кир жуугуч машинаны жана программаны иштетүү тартибин сүрөттөө
40
KGZ
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүч: жуугуч заттарды
жана кошулмаларды жүктөө үчүн
(“Жуугуч заттар жана кир кийимдин түрлөрү” кара.).
КҮЙ/ӨЧҮР баскычы: машинаны күйгүзүү жана өчүрүү
үчүн кызмат кылат.
ПРОГРАММАЛАРДЫ тандоо туткасы: программаларды
тандоо үчүн кызмат кылат. Программаны аткаруу
процессинде тутка айланбайт.
Кошумча ФУНКЦИЯЛАРДЫН индикатору менен
баскычтар: болгон кошумча функцияларды тандоо үчүн
кызмат кылат. Тандалган функцияга ылайык келген
индикатор күйгөн бойдон калат.
СЫГУУ ылдамдыгы: сыгуунун ылдамдыгын тандоо же
аны толук жокко чыгаруу үчүн кызмат кылат
(“Персоналдаштырылган тескөөлөрдү”кара.).
ТЕМПЕРАТУРА жөндөгүч: температураны жөндөө
үчүн же муздак сууда жуу үчүн кызмат кылат
(“Персоналдаштырылган тескөөлөрдү”кара.).
ЦИКЛДЫН ФАЗАЛАРЫН АТКАРУУ/КАРМОО МЕНЕН
ИШТЕТҮҮ индикаторлору: кир жуу программасын
аткаруунун ырааттуулугун көрсөтөт. Күйгүзүлгөн
индикатор учурдагы фазага шайкеш келет. Эгерде
“Мөөнөтүн жылдыруу таймери” функциясы күйгүзүлсө,
индикаторлор программаны иштетүүгө чейин калган
убакытты көрсөтөт (капталдагы бетти кара).
ЛЮКТУ ТОСМОЛОО индикатору: люкту ачууга болоорун
көрсөтөт (капталдагы бетти кара).
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору менен баскыч:
программаны иштетүү үчүн же убактылуу токтотуу үчүн
кызмат кылат.
ЭСКЕРТҮҮ: кир жуунун учурдагы циклын убактылуу
токтотуу үчүн бул баскычты басыңыз. Тийиштүү
индикатор кызгыл сары түс менен бүлбүлдөйт, ал
эми кир жуунун учурдагы фазасынын индикатору
бүлбүлдөбөй күйөт. Эгерде ЛЮКТУ ТОСМОЛОО
индикатору өчсө, люкту ачууга болот (болжол менен 3
мүнөт күтүңүз).
Кир жуу циклын ал токтотулган жерден улантуу үчүн,
кайрадан ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
Күтүү режими
Бул кир жуугуч машина электр энергиясын үнөмдөө
боюнча жаңы нормативдердин талаптарына жооп
берет, машина 30 мүнөт тургандан кийин күйө турган,
автоматтык түрдө өчүү тутуму (энергияны сактоо
режими) менен себилденген. КҮЙ/ӨЧҮР баскычын бир
жолу басыңыз жана машина кайра күйгөнчө күтө туруңуз.
Кир жуугуч машинаны жана программаны
иштетүү тартибин сүрөттөө
ТЕМПЕРАТУРА
жөндөгүчү
Жуугуч каражаттарды
бөлүштүргүч
ЦИКЛДЫН ФАЗАЛАРЫН АТКАРУУ/
КАРМОО МЕНЕН ИШТЕТҮҮ
индикаторлору
Кошумча ФУНКЦИЯЛАРДЫН
индикатор менен баскычы
КҮЙ/ӨЧҮР
баскычы
СЫГУУ
ылдамдыгы
ИШТЕТҮҮ/
ТЫНЫГУУ
индикатору менен
баскычы
Башкаруу панели
ПРОГРАММАЛАРДЫ
тандоо туткасы

Содержание

Похожие устройства

Скачать