Hotpoint-Ariston VMSG 501 B [41/48] Кир жуугуч машинаны жана программаны иштетүү тартибин сүрөттөө

Hotpoint-Ariston VMSG 501 B [41/48] Кир жуугуч машинаны жана программаны иштетүү тартибин сүрөттөө
41
KGZ
Кир жуугуч машинаны жана программаны
иштетүү тартибин сүрөттөө
Индикаторлор
Индикаторлор пайдалануучуга маанилүү
маалыматтарды билдирет. Индикаторлордун
мааниси:
Мөөнөтүн артка жылдыруу таймери
Эгерде “Мөөнөтүн жылдыруу таймери” функциясы
күйгүзүлсө (“Персоналдаштырылган тескөөлөрдү”
кара), программаны иштеткенден кийин кармоонун
тапшырылган убактысына ылайык келген индикатор
бүлбүлдөйт:
Убакытты эсептөөгө жараша тийиштүү индикатордун
бүлбүлдөөсү менен калган убакыт көрсөтүлөт.
Белгиленген кармоо убактысы аяктагандан кийин
бүлбүлдөгөн индикатор өчөт жана тапшырылган
программа иштей баштайт.
Циклдын учурдагы фазасынын индикаторлору:
Циклды тандап жана иштеткенден кийин
программаны аткаруунун ырааттуулугун көрсөтүү
менен, индикаторлор биринин артынан бири күйөт:
Кошумча функциялардын баскычтары жана тийиштүү
индикаторлор
Функцияны тандоодо тийиштүү баскыч күйөт.
Эгерде тандалган функция тапшырылган программа
менен шайкеш болуп саналбаса, тийиштүү индикатор
бүлбүлдөйт, үн сигналы чыгат жана функция
күйгүзүлбөйт.
Эгерде тандалган функция башка, мурда
тапшырылган кошумча функция менен шайкеш
келбей турган болуп саналса, акыркы тандалган
функция гана күйөт.
Люкту тосмолоо индикатору:
Күйгүзүлгөн индикатор люк аны капыстан ачып
алуудан алыс болуу үчүн тосмолонгонун түшүндүрөт
(болжол менен 3 мүнөт күтүңүз). Аны бузуп албоо
үчүн, люкту ачуудан мурда индикатор өчкөнгө чейин
күтө туруу керек.
! ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикаторунун (кызгыл сары)
функциялардын индикаторлору менен бир убакта
тез бүлбүлдөшү нормалдуу иштөөдөн четтөөнү
түшүндүрөт (“Бузуктар жана аларды жоюунун
методдорун” кара).
Программаны иштетүү тартиби
1. КҮЙ/ӨЧҮР баскычынын жардамы менен машинаны иштетиңиз. Бардык индикаторлор бир нече секундга күйөт,
андан кийин тандалган программанын тескөөлөрүнүн күйгүзүлгөн индикатору күйүп калат жана ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
индикатору бүлбүлдөйт.
2. Кирди барабанга жүктөңүз жана люкту жабыңыз.
3. ПРОГРАММА туткасы менен керектүү программаны тапшырыңыз.
4. Кир жуу температурасын тапшырыңыз (“Персоналдаштырылган тескөөлөрдү” кара).
5. Сыгуунун ылдамдыгын тапшырыңыз (“Персоналдаштырылган тескөөлөрдү” кара).
6. Жуугуч каражаттарды жана кошулмаларды салыңыз (“Жуугуч заттар жана кирдин түрлөрүн” кара).
7. Керектүү кошумча функцияларды иштетиңиз.
8. ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен программаны иштетиңиз, тийиштүү индикатор жашыл түс менен
күйөт. Тапшырылган циклды токтотуу үчүн машинаны ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен тыныгуу
режимине которуңуз жана жаңы циклды тандаңыз.
9. Программаны аяктагандан кийин индикатору күйөт. ЛЮКТУ ТОСМОЛОО индикатору өчкөндөн кийин люкту ачууга
болот. Кирди алыңыз жана барабанды кургатуу үчүн люкту жарым ачык калтырыңыз. КҮЙ/ӨЧҮР баскычын басып, кир
жуугуч машинаны өчүрүңүз (болжол менен 3 мүнөт күтүңүз).
Кир жуу
Чайкоо
Сыгуу
Төгүү
Циклдын аягы
Ч
Ч
Ч
Ч
Ч
Ч
Ч
Ч
END

Содержание

Похожие устройства

Скачать