Hotpoint-Ariston VMSG 501 B [43/48] Персоналдаштырылган тескөөлөр

Hotpoint-Ariston VMSG 501 B [43/48] Персоналдаштырылган тескөөлөр
43
KGZ
Температураны жөнгө салуу
Кир жуу температурасын тескөө ТЕМПЕРАТУРА жөндөгүчүнүн жардамында жүргүзүлөт (Программалар
таблицасын кара.). Температуранын мааниси муздак сууда жууганга чейин азайтылышы мүмкүн ( ).
Машина ар бир программа үчүн каралган максималдуу мааниден ашык болгон температураны тандоого
автоматтык түрдө жол бербейт.
! Артыкчылык: 4-программаны тандоодо температура 90° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
Сыгуу ылдамдыгын тандоо
Тандалган программанын сыгуу ылдамдыгын тандоо СЫГУУ ылдамдыгын жөндөгүчтүн жардамында жүргүзүлөт.
Ар кайсы программа үчүн сыгуунун ар кандай максималдуу ылдамдыгы:
Программалар Сыгуунун максималдуу ылдамдыгы
Пахта мүнөтүнө 1000 айлануу
Синтетикалык кездеме мүнөтүнө 1000 айлануу
Жүн мүнөтүнө 800 айлануу
Жибек сыгуусуз
Сыгуунун ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн же жөндөгүчтү  абалына буроо менен сыгуу таптакыр жокко
чыгарылышы мүмкүн.
Машина ар бир программа үчүн каралган максималдуу ылдамдыктан жогору болгон сыгуунун ылдамдыгын
тандоого жол бербейт.
Кошумча функциялар
Машинанын ар кандай кир жуу функциялары сиздин кирдин каалаган тазалыгына жана актыгына жетүүнү
шарттайт.
Функцияларды тандоо тартиби:
1. сизге керектүү функциянын баскычын басыңыз;
2. тийиштүү индикаторду күйгүзүү функция күйгүзүлгөнүн түшүндүрөт.
Эскертүү:
- Эгерде тандалган функция тапшырылган программа менен шайкеш болуп саналбаса, тийиштүү индикатор
бүлбүлдөйт жана мындай функция күйгүзүлбөйт.
- Эгерде тандалган функция башка, мурда тапшырылган кошумча функция менен шайкеш келбесе, акыркы
тандалган функция гана күйөт.
Супер Жуу
Циклдын башталышында көп өлчөмдө сууну пайдалануунун жана узактыгынын аркасында бул функция
оптималдуу жууну камсыздайт. Бул функция сиңген тактарды кетирүү үчүн кызмат кылат. Агарткыч менен,
ошондой эле ансыз дагы пайдаланылышы мүмкүн. Эгерде агартууну дагы жүргүзүү талап кылынса, 1-чөнөкчөгө
тиркелүүчү кошумча 4-дозаторду салыңыз. Агарткычты куюуда борбордогу стерженде көрсөтүлгөн “макс.”
деңгээлден ашырбаңыз (44 схеманы кара).
Жеңил үтүктөө
Бул функцияны тандоодо кир жуу жана сыгуу циклдары кирдин бырышуусун азайтуу үчүн өзгөрөт. Циклды аяктагандан
кийин машина барабанды жай айлантат. “Жеңил үтүктөө” функциясы жана ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору (кызгыл
сары түс менен) бүлбүлдөйт, фазасынын индикатору бүлбүлдөбөй күйөт. Циклды аяктоо үчүн ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
баскычын же “Жеңил үтүктөө” баскычын басыңыз.
Ыкчам жуу
Бул функцияны тандоодо программанын узактыгы тандалган программага жараша 50%га кыскарат, ошол эле убакта
сууну жана электр энергиясын үнөмдөөнү камсыздайт. Бул программаны көп кирдебеген кийим үчүн пайдаланыңыз.
Мөөнөтүн артка жылдыруу таймери
Циклды иштетүүнүн 12 саатка чейин кармайт.
Кармоонун керектүү маанисине ылайык келген индикаторду күйгүзгөнгө чейин баскычты бир нече жолу басыңыз.
Баскычты бешинчи жолу басууда функция өчүрүлөт.
ЭСКЕРТҮҮ: ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын баскандан кийин кармоо убактысын азайтуу тарабына гана өзгөртүүгө
болот.
Персоналдаштырылган
тескөөлөр

Содержание

Похожие устройства

Скачать