Hotpoint-Ariston VMSD 702 ST X1 [41/60] Дисплей

Hotpoint-Ariston VMSD 702 ST X1 [41/60] Дисплей
41
KGZ
Дисплей
Дисплей машинаны программалоо үчүн кызмат кылат жана пайдалануучуга көптөгөн маалыматтарды берет.
Жогору жактагы А жана В саптарында кир жуунун тандалган программасы, кир жуунун учурдагы фазасы жана
программаны аткаруу жөнүндө бардык маалыматтар көрсөтүлөт.
С сабында кир жуунун учурдагы циклынын аягына чейин калган убакыт жана эгерде ИШТЕТҮҮНҮ КАРМОО
тапшырылса, тандалган программаны иштетүүгө чейин калган убакыт көрсөтүлөт.
D сабында машина тандалган программана жараша аткара ала турган, сыгуу ылдамдыгынын максималдуу
мааниси көрсөтүлөт; эгерде тандалган программа сыгууну карабаса, бул сап күйбөйт.
Е сабында тандалган программага жараша тандоого боло турган температуранын максималдуу мааниси
көрсөтүлөт; эгерде тандалган программа температураны тескөөнү карабаса, бул сап күйбөйт.
F индикаторлору функцияларга тиешелүү жана тандалган функция тапшырылган программа менен шайкеш
келгенде күйөт.
Тосмолонгон люк символу
Күйгөн символ люкту тосмолоону түшүндүрөт. Люкту ачуунун алдында бузулуулардан алыс болуу үчүн, символ
өчкөнгө чейин күтө туруу керек.
ЭСКЕРТҮҮ: Эгерде КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛГАН ИШТЕТҮҮ функциясы күйгүзүлсө, люкту ачууга болбойт. Бул үчүн
машинаны ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен тыныгуу режимине которуу керек
! Машинаны биринчи жолу күйгүзүүдө тилди тандоо талап кылынат жана дисплей автоматтык түрдө тилди тандоо
менюсунун бетин көрсөтөт.
Керектүү тилди тандоо үчүн X жана Y баскычтарын басыңыз, тандоону ырастоо үчүн Z баскычын басыңыз.
Эгерде тилди алмаштыруу талап кылынса, машинаны өчүрүңүз, X, Y, Z баскычтарын бир убакта басыңыз үн
сигналына чейин күтө туруңуз, тилди тандоо менюсу ачылат
A
B
C
D
E
F
Z
X
Y

Содержание

Похожие устройства

Скачать