Hotpoint-Ariston VMSD 702 ST X1 [46/60] Техникалык тейлөө жана кам көрүү

Hotpoint-Ariston VMSD 702 ST X1 [46/60] Техникалык тейлөө жана кам көрүү
46
KGZ
Техникалык тейлөө жана кам көрүү
Сууну жана электр тогун өчүрүү
• Ар бир жолу кир жуугандан кийин суу түтүк кранын
жабыңыз. Мындай жол менен машинанын суу түтүк
тутутумун эскириши кыскарат жана агып калуу
тобокелдиги азаят.
• Кир жуугуч машинаны тазалоо жана техникалык
тейлөө процессинде штепселдик айрыны тармактык
розеткадан сууруңуз.
Кир жуугуч машинага кам көрүү
• Кир жуугуч машинанын тышкы жана резина
бөлүктөрүн тазалоо үчүн самын менен жылуу сууга
нымдалган чүпүрөктү пайдаланыңыз. Эриткичтерди же
абразивдик тазалоочу каражаттарды пайдаланбаңыз.
• Кир жуугуч машина ички деталдарын
“АВТОТАЗАЛОО” программасы менен себилденген,
аны барабанда эч кандай кир жок аткаруу керек.
Дисплейдеги билдирүү үзгүлтүксүз (ар бир 50 айлампа
сайын) колдонуучуга толуп калган акиташтардан
жана жагымсыз жыттардын пайда болуусунун алдын
алуу үчүн “өзүн-өзү тазалоо” айлампасын, жуучу
машинанын ичин тазалоого жүргүзүлүшүн эскертип
турат.
Оптималдык техникалык
тейлөө үчүн, таңгакта
көрсөтүлгөн нускамаларга
ылайык, биз акиташ
жана майды жок кылуучу
WPRO колдонууну
сунуштайбыз. Ал өнүмдү
техникалык жардам
кызматына же www.
hotpoint.eu вебсайтына
кирүү аркылуу сатып
ала аласыз. Hotpoint, шаймандын кир жуугуч
машиналарга арналган базардагы башка тазалоо
каражаттарын колдонуу менен кандай гана болбосун
бузулууларды алып келген жагдайларда, өзүнөн
болгон жоопкерчиликти четке кагат.
Программаны иштетүү үчүн бир убакта А жана В
баскычтарын 5 сек. басыңыз (схеманы кара).
Программа автоматтык түрдө иштейт жана болжол
менен 70 мүнөткө созулат. Циклды токтотуу үчүн
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүчкө
кам көрүү
Бөлүштүргүчтү эки
тарабынан басып
жана сыртка тартып,
чыгарыңыз (схеманы
кара).
Бөлүштүргүчтү жылуу
суу менен жууңуз. Бул
операция үзгүлтүксүз
аткарылышы керек.
Люкка жана барабанга кам көрүү
• Кир жуугуч машинаны пайдалангандан кийин
барабанда жагымсыз жыттардын пайда болуусунан
алыс болуу үчүн люкту жарым ачык калтыруу керек.
Соркыскычка кам көрүү
Кир жуугуч машина техникалык тейлөөгө муктаж
болбогон, өзүн өзү тазалоочу соркыскыч менен
жабдылган. Ошентсе дагы майда предметтер тыйын,
топчу) төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан, соркыскычты
сактоочу каптоочко түшүп кетиши мүмкүн.
! Кир жуу циклы аяктаганын текшериңиз жана
штепселдик айрыны тармактык розеткадан сууруңуз.
Каптоочко жетүү үчүн:
1. кир жуугуч машинанын
алдыңкы панелин
бурагычтын жардамы
менен алыңыз (схеманы
кара);
2. капкакты саат
жебесине каршы бурап,
аны ачыңыз (схеманы
кара):бир аз суунун
агышы нормалдуу
көрүнүш болуп саналат;
3. каптоочтун ичин жакшылап тазалаңыз;
4. капкакты ордуна бураңыз;
5. алдыңкы панелди машинага бекитүү алдында
илмектери тийиштүү илгичтерге киргенин текшерип,
аны ордуна орнотуңуз.
Суу түтүк ийкем түтүгүн текшерүү
Жылына бир жолудан көп эмес суу берүү ийкем
түтүгүн текшериңиз. Ийкем түтүктүн жараңкаларын же
айрылууларын аныктаганда аны алмаштырыңыз: кир
жуу процессинде суу түтүгүндөгү катуу басым ийкем
түтүктүн капилет ажырап калуусуна алып келиши
мүмкүн.
! Эч качан таңгагы жок ийкем түтүктөрдү
пайдаланбаңыз.
1
2
BA

Содержание

Похожие устройства

Скачать