Vitek Aquamarine VT-2312 [34/44] Кыргыз

Vitek Aquamarine VT-2312 [34/44] Кыргыз
34
КЫРГЫЗ
Эскертүү: температураны таңдаганда иштөөчү бети
тез ысып, муздаганы болсо көп убакытты алганын
эске тутуңуз.
Иштөө бети (2) коюлган температурага чейин
ысыганда, дисплейдеги (5) температуранын үлпүлдөп
турган белгилери туруктуу түрүндө күйөт.
Бош колуңуз менен чачтын бир тутамын кармаңыз.
Баскычтын туткасын (4) басып, чач тутамынын учун
иштөө бетине (2) салып, баскычтын туткасын (4)
бошотуңуз. Учу (1) менен туткасын (7) кармап, чач
тутамын иштөө бетинин (2) үстүнө түрүп алыңыз.
Бир аз күтүп, баскычтын туткасын (4) басып, тутамды
бошотуп алыңыз.
Бул процедураны калган чач тутамдарында
кайталаңыз.
Эскертүү:
биринчи колдонгондо, ысытуучу элементтен
башкача жыт чыгышы мүмкүн, бул табигый көрүнүш.
шайманды иштетүү мезгилинде иштөө бетин (2)
колуңуз менен тийбей, бир колуңуз менен учунан
(1), башка колуңуз менен туткасынан (7) кармаңыз.
иштетүү арасындагы тыныгууларында шайманды
ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө түпкүчүнө
(3) коюңуз.
чачты тармалдатуудан кийин тарабай, муздаганына
убакыт бериңиз, чачыңыз табигый көрүнүү үчүн чоң
тутамдарын майдараак тутамдарына бөлүңүз.
Түзмөктү иштетип бүткөндө баскычты (6) « » LED-
дисплей (5) өчкөнүнө чейин басып түзмөктү өчүрүңүз,
андан соң тармактык шнурдун айрысын электр
розеткасынан чыгарыңыз.
Эскертүү: - баскыч (6) 60 минутанын ичинде басылбай
турса, электр кыпчуур автоматтык түрдө өчөт.
Шайманды ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө
түпкүчүнө (3) коюп, толугу менен муздаганына убакыт
бериңиз.
Блокировкалоо функциясы
Ушул функцияны кыпчуурдун иштөө бетинин
температурасы кокустан өзгөргөүнөн коргоо үчүн
колдонуңуз.
Блокировкалоо функцияны иштетүү үчүн (6) баскычты
дисплейде (5) блокировкалоо белгиси пайда
болгонуна чейин басып туруңуз.

Содержание

Скачать