Vitek VT-3414 [30/40] Чейин бурап саптама бекем бекитилгенин текшерип алыңыз сүр 1

Vitek VT-3414 [30/40] Чейин бурап саптама бекем бекитилгенин текшерип алыңыз сүр 1
30
КЫРГЫЗ
Түзмөк сууга түшүп калса:
сууга тийбеңиз;
токтоосуз кубаттуучу сайгычты розет кадан
суруп, андан кийин гана түзмөктү суудан
чыгарсаңыз болот;
түзмөктү текшерүү жана оңдотуу үчүн
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Түзмөктү биринчи колдонуудан мурун болгон
азыктарга тийе турган чечилме саптамалын
жана идиштерин жакшылап жууп алыңыз.
Топтомуна кирген саптамаларын гана
колдонуңуз.
Шайманды колдонгондон мурун саптамалары
туура орнотулуп, бекем бекитилгенин текшерип
алыңыз.
Саптамалар жана ишетиле турган азыктары
жок түзмөктү иштетүүгө тыюу салынат.
Электр тармагына кошулган түзмөктү эч качан
кароосуз калтырбаңыз.
Саптамаларды алмаштыргандан мурун же
колдонгондон кийин ар дайым шайманды
электр тармагынан суруңуз.
Майдалаткычтын табагын тегиз туруктуу
беттин үстүнө орнотуңуз.
Азыктарды майдалаткычтын идишине
шайманды иштеткенден мурун салыңыз.
Ысык азыктарды өлчөмдүү чынысына же
майдалаткычтын табагына салуудан мурун
муздатуу зарыл.
Майдалаткычтын табагын азыктар менен
ашыра толтурбай, куюлган суюктуктардын
деңгээлин байкап туруңуз.
Майдалаткычты иштеткенде майдалатуучу
бычагынын айлануусуна тоскоолдук пайда
болсо, түзмөктү электр тармагынан ажыратып,
бычактын айлануусуна тоскоолдук кылган
азыктарды абайлап чыгарып алыңыз.
Бычак толугу менен токтогондон кийин гана
азыктарды чыгарсаңыз жана суюктуктарды
төксөңүз болот.
Чоппердин майдалатуу бычагынын жана
блендер саптамасынын бычагынын кесүүчү
кырлары абдан учтуу болуп, коопсуздукка
коркунучту жаратат. Саптамаларды абайлап
колдонуңуз!
Түзмөктүн айланып турган бөлүктөрүн
тийбеңиз. Чачыңыз же кийимдин салаңдап
турган элементтери блендер саптаманын
бычагына же венчиги айлануучу аймагына
түшпөсүн.
иштетүү мөөнөтү 30 секундадан ашпоо зарыл.
Иштөө циклдердин арасында 2 минутадан кем
эмес тыныгууларды жасоо зарыл.
БЛЕНДЕР САПТАМАСЫН КОЛДОНУУ
Чечилме блендер саптамасын (1) жемиш пюре,
балдардын тамагын, соустарды, майонезди
жасоо үчүн, ар кыл ингредиенттерди кошуу,
коктейлдерди жасоо үчүн (жетишерлик ширеси
бар жемиштерди жана жашылчаларды иштетүү
үчүн) колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: саптамасын (1) орнотуудан
мурун тармактык шнурдун сайгычы электр
розеткасына сайылбаганын текшериңиз.
Чечилме блендер саптамасын (1) мотор
сапсалгысына (2) орнотуп, аны саат
жебесинин багыты боюнча токтогонго
чейин бурап, саптама бекем бекитилгенин
текшерип алыңыз (сүр. 1).
Тармактык шнурдун айрысын электр
розеткасына сайыңыз
Блендер саптамасын (1) сиз майдалап/
кошо турган азыктары бар идиштин ичине
салыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Азыктарды иштетүүдө түзмөктү тикесинен
кармаңыз.
Шайманды иштетүү үчүн баскычын (3) басып
туруңуз.
Бул режимди суюк менен катуу азыктарды чогу
иштетүү үчүн колдонуңуз.
Эскертүү:
Азыктар идиштин ичине түзмөктү
иштетүүдөн мурун салынат. Итетилүүчү
азыктардын көлөмү, салынган идишинин
көлөмүнүн 2/3 ашпоо зарыл.
Майдалатуу/аралаштыруу процессти
баштоодон мурун жемиштерди кабыгынан
тазалап, данек катары желбеген бөлүктөрүн
алып, жемиштерди 2х2 см жагын бөлүктөргө
кесүү зарыл.
Шайманды колдонуудан кийин электр
шнурунун сайгычын электр розеткасынан
чыгарыңыз, чечилме блендер саптамасын
(1) саат жебесинин багытына каршы бурап
ажыратыңыз (сүр. 1).
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Шайман иштеп турганда блендер
саптамасын (1) чечүүгө тыюу салынат.
Бычактардын учтарын бузбоо үчүн дан
азыктары, күрүч, татымалдар, кофе,
быштактын катуу сорттору, тоңдурулган
азыктар катары өтө катуу азыктарды
иштетпеңиз.
Блендер саптамасын (1) иштеткенде
азыктарды майдалатууда татаалдыктар
болсо, мүмкүн болсо бир аз суюктукту
кошуңуз.
КАРТӨШКӨ ПЮРЕНИ ЖАСОО ҮЧҮН
САПТАМАСЫН КОЛДОНУУ
Чечилме саптаманы (10) артөшкө пюрени жасоо
үчүн гана колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: саптамасын (10) орнотуудан
мурун тармактык шнурдун сайгычы электр
розеткасына сайылбаганын текшериңиз.
Саптаманы (10) мотор сапсалгысына (2)
орнотуп, аны саат жебесинин багыты
боюнча токтогонго чейин бурап, саптама
бекем бекитилгенин текшерип алыңыз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
Саптаманы (10) бышкан картөшкө салынган
идишке салыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Картөшкөнү иштетүүдө түзмөктү тикесинен
кармаңыз.
Түзмөктү иштетүү үчүн баскычты (3) басып
туруңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Шайман иштеп турганда саптамасын (10)
чечүүгө тыюу салынат.
ВЕНЧИК САПТАМАСЫН ПАЙДАЛАНУУ
Венчик саптамасын (9) крем, жумуртканын агын
чалуу, бисквит камырын жасоо же даяр таттуу
тамактарды аралаштыруу үчүн гана колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: венчик (9) менен редукторду
(8) орнотуудан мурун электр шнурдун
сайгычы электр розеткасына сайылбаганын
текшериңиз.
Венчик саптамасын (9) венчиктин редукторуна
(8) сайыңыз (сүр. 2).
Венчиктин редукторун (8) мотор сапсалгысына
(2) сайып, аны саат жебесинин багытына
каршыбурап, редуктору (8) жана венчиги (9)
бекем бекитилгенин текшерип алыңыз (сүр. 3).
Тармактык шнурдун айрысын электр
розеткасына сайыңыз.
Венчик саптамасын (9) азыктары бар идиштин
ичине салыңыз.
Шайманды иштетүү үчүн баскычын (3) басып
туруңуз.
Шайманды колдонуудан кийин электр
шнурунун сайгычын электр розеткасынан

Содержание

Скачать