Centek CT-1626 [16/24] Электр зымы бузулган болсо кооптуу жагдай жаратпаш үчүн аны

Centek CT-1626 [16/24] Электр зымы бузулган болсо кооптуу жагдай жаратпаш үчүн аны
16
КЫРГЫЗЧА
Урматтуу керектөөчү!
TM CENTEK өнүмдөрүн тандаганыңыз үчүн рахмат.
Биз анын иштешине, колдонуу эрежелерин туура
аткарсаңыз, кепилдик беребиз.
Эт майдалагыч бул тиричилик шайманы жана өнөр жай максаттар үчүн
колдонулбайт!
ШАЙМАНДЫН МАКСАТЫ эттен фарш жасоо үчүн жана башка азыктарды
майдалоо үчүн.
1. КООПСУЗДУК ЧАРАЛАР
Жашоо жана ден-соолук үчүн кооптуу кырдаалдарды, ошондой эле
шайман эрте иштен чыгып калбашы үчүн, төмөнкү шарттар так сакта-
лууга тийиш:
1.
Шайманды ишке киргизерден мурун берилген колдонмону жакшылап
окуп чыгыңыз.
2. Берилген көрсөтмөнү сактаңыз.
3.
Шайманда көрсөтүлгөн камсыздандыруу чыңалуусу электр тарма-
гындагы чыңалуусуна дал келгенин текшериңиз.
4.
Башка өндүрүүчүлөрдүн буюмдарын жана запастык бөлүктөрүн кол-
донууга тыюу салынат. Мындай бөлүктөрдү колдонуу өндүрүүчүнүн
кепилдигин жокко чыгарат.
5.
Электр зымы, сайгычы жана башка бөлүктөрү бузулган болсо, шай-
манды колдонууга тыюу салынат.
6.
Электр зымы бузулган болсо, кооптуу жагдай жаратпаш үчүн аны
өндүрүүчү, тейлөө кызматы же ушул сыяктуу квалификациялуу кы-
зматкер алмаштырышы керек.
7.
Колдонуудан мурун, шаймандын тамак - аш азыктар менен байла-
нышкан бөлүктөрүн кылдаттык менен тазалаңыз.
8.
Колдонуудан кийин шайманды дароо электр тармагынын розетка-
сынан ажыратыңыз.
9. Иштеп жаткан эт майдалагычты кароосуз калтырбаңыз.
10. Аксессуарларын алып салуудан жана орнотуудан мурун, шайманды
токтон чыгарыңыз.
11.
Бөлүктөрүн алып салуудан мурун, кыймылдуу бөлүктөр толугу менен
токтоп калганга чейин күтө туруңуз.
12.
Эт майдалагычтын кыймылдаткыч блогун сууга же башка суюктук-
тарга батырбаңыз, крандын астында жуубаңыз. Тазалоо үчүн нымдуу
чүпүрөктү гана колдонуңуз.
13. Эт майдалагычта сөөктөрдү, жаңгактарды жана башка катуу нерсе-
лерди майдалаганга тыюу салынат.
14.
Эт майдалагычтын башына манжаларды салууга тыюу салынат.
Стандарттык түрткүчтү гана колдонуңуз.
15. Шайманды 10 мүнөттөн ашык тынымсыз колдонбоңуз.
16.
Аксессуарлар менен коопсуздук боюнча көрсөтмөлөр кошо берилген.
17.
Кырсыктар болуп кетпеш үчүн, шайманды максатына ылайык гана
колдонуңуз.
18.
Шайманды физикалык, сезимтал же акыл жөндөмдүүлүгү начар болгон
адамдарга (балдарга), жашоо тажрыйбасы жана билими болбогон-
дуктан колдонгонго болбойт, эгер аларды шайманды колдонуунун
эрежесин билген жана алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адамдын
көзөмөлүндө болбосо. Балдар шайман менен ойнобош үчүн аларды
көзөмөлдөш керек.
19.
Эт майдалагыч тыгылып калганда, «РЕВЕРС» баскычын басыңыз.
«Реверс» функциянын жардамы менен эт майдалагычтын башы эттен
тазаланып, шайманды кайра иштетсеңиз болот.
20. Ташуу (алып өтмөк), сатуу үчүн өзгөчө шарттар: жок.
21.
Эгер Сиз шайманды башка адамга колдонууга бергиңиз келсе, сураныч,
анда аны берилген колдонмосу менен кошо өткөрүп бериңиз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Бул шайман термостат менен жабдылган, шайман ысып кеткенде, шай-
мандагы электр кубатын автоматтык түрдө өчүрөт.
Шайман күтүүсүздөн токтоп калган учурда:
Сайгычын электр тармагынын розеткасынан сууруп алыңыз.
Шайманды «КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ» баскычын басып өчүрүңүз.
Шайманга муздаганга 1 саат бериңиз.
Сайгычын розеткага сайыңыз.
Шайманды дагы бир жолу иштетиңиз.
Эгер термостат тез - тез иштеп кетип жатса, сатуучуга же ыйгарым укуктуу
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
2. ШАЙМАНДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Жүктөө табагы
2. Кулпу баскычы
3. Баскыч «ВКЛ/ВЫКЛ» (КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ) «РЕВЕРС» (КАЙТАРУУ)
4. Колбаса тиркемеси
5. Кеббе тиркемеси
6. Баштын түтүгү

Содержание

Похожие устройства

Скачать
Случайные обсуждения

Ответы 0

как собрать овощерезку
5 месяцев назад