Centek CT-5110 [17/28] Электр зымынын жана сайгычынын бүтүндүгүн үзгүлтүксүз текшерип

Centek CT-5110 [17/28] Электр зымынын жана сайгычынын бүтүндүгүн үзгүлтүксүз текшерип
17
КЫРГЫЗЧА
Урматтуу керектөөчү!
TM CENTEK өнүмдөрүн тандаганыңыз үчүн рахмат.
Биз анын иштешине, колдонуу эрежелерин туура
аткарсаңыз, кепилдик беребиз.
Аба нымдагыч бул тиричилик шайманы жана өнөр жай максаттар үчүн
колдонулбайт!
ШАЙМАНДЫН МАКСАТЫ: жабык ички бөлмөлөрдүн нымдуулуктун деңгээлин
жогорулатуу үчүн.
1. КООПСУЗДУК ЧАРАЛАР
Сиз сатып алган шайман Россия Федерациясындагы электр шаймандарына
тиешелүү коопсуздуктун бардык расмий стандарттарына жооп берет.
Өмүргө жана ден-соолукка кооптуу кырдаалдарды болтурбоо үчүн, жана
шаймандын иштен эрте чыгып калбашы үчүн, төмөндө келтирилген шарттар
так сакталышы керек:
1.
Тармакка күйгүзүүдөн мурун, шаймандын иштөө чыңалуусу электр
тармагындагы чыңалуусуна дал келгенин текшериңиз.
2.
Аспаптын электр зымы же башка бир бөлүгү бузулган болсо, аны
дароо электр тармагынан ажыратып, өндүрүүчүнүн тейлөө борборуна
кайрылыңыз. Шаймандын түзмөгүнө квалификациясыз кийлигишкен
учурда же берилген колдонмодо келтирилген шайманды иштетүү
эрежелери сакталбаса, кепилдик жокко чыгарылат.
3.
Шайманды жерге туташтыруусу бар гана розеткага туташтырыңыз, жерге
өткөргүчтүү 10 А түрүндө эки уюлдуу узартуу зымдарын колдонуңуз.
4.
Бир эле учурда бир нече энергияны талап кылган шаймандарды
колдонбоңуз, бул турак жайдагы көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
5.
Өрт чыгуу коркунучун алдына алыш үчүн, берилген шайманды электр
розеткасына туташтырганда адаптерлерди колдонбоңуз.
6. Шайманды сыртта колдонбоңуз.
7. Иштеп жаткан шайманды кароосуз эч качан калтырбаңыз.
8.
Аба нымдагычты тегиз туруктуу беттерге коюп колдонуңуз, электр
розеткага жолу ачык болсун.
9. Суусуз шайманды колдонбоңуз жана шаймандын суу сактагычында суу
түгөнүп калса, өчүрүңүз.
10.
Толтурулган суу сактагыч менен шаймандын негизин колуңуз менен
бекем кармаңыз.
11.
Суу сактагычка суу толтуруп жатканда же шайманды тазалап жатканда,
шайманды тармактан ажыратып туруңуз.
12.
Шайманды жакшы желдетилген жерлерде колдонуңуз. Эч кандай
шарттарда шайманды пардалардын жанына койбоңуз жана иштөө
учурунда шаймандын үстүн жаппаңыз.
13. Аба нымдагычтын ичине, суудан башка, бөтөн нерселерди куйбаңыз.
14.
Эгерде сиз аба нымдагычты колдонбосоңуз же тазалоосун жүргүзөйун
десеңиз, сөзсүз шайманды токтон ажыратыңыз.
15.
Электр зымынын столдун чекесинен асылып калганына, жана ошондой
эле шаймандын ысык беттер менен же ашкана эмеректердин курч учтуу
четтеринин тийүүсүнө жол бербеңиз.
16.
Эч качан электр зымынын сайгычын суу колдоруңуз менен кармабаңыз.
17.
Электр зымдын сайгычын электр розеткасынан сууруп жатканда, электр
зымынан эмес, сайгычынан кармап сууруңуз.
18. Электр зымын тартпаңыз, эгер ал курч учтуу нерселердин четине тийип
турса, кысылып турса же чырмалып калса.
19. Зымынын ысык беттерге тийгенине жол бербеңиз.
20.
Электр токко урунуу болбош үчүн, электр зымын, сайгычын же шаймандын
өзүн сууга жана башка суюктуктарга батырбаңыз. Эгер мындай болуп
калса, дароо шайманды электр тармагынан ажыратып коюңуз, жана
ошондон кийин гана шайманды суудан алып чыгыңыз. Шайманды
текшерүү же оңдоо үчүн ыйгарым укуктуу тейлөө борборуна кайрылыңыз.
21.
Электр зымынын жана сайгычынын бүтүндүгүн үзгүлтүксүз текшерип
туруңуз.
22. Балдарга шайманды оюнчук катары колдонгонго уруксат бербеңиз.
23.
Берилген шайман, эгерде шайманды пайдалануу жана алардын
коопсуздугуна жооптуу адам тарабынан туура эмес колдонуудан келип
чыгуучу коркунучтар жөнүндө тиешелүү жана түшүнүктүү көрсөтмөлөр
берилбесе, балдар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү
адамдар тарабынан колдонулбайт.
24.
Оригиналдуу запастык бөлүктөрүн гана колдонууга уруксат берилет.
Топтомдо келбеген буюмдарды колдонбоңуз.
25.
Шайманды 0 °С дан төмөн же 35 °С дан жогору температурада колдонбоңуз.
Эгер шайман 0 °С дан төмөн температурада көпкө туруп калса, аны
күйгүзүүдөн мурун кеминде 3 саат жылытылган бөлмөгө кармап туруңуз.
26.
Балдардын желим баштыктар же оролуучу плёнкалар менен ойношуна
жол бербеңиз.
27.
Шаймандын электр зымы же сайгычы бузулган болсо, шайман үзгүлтүккө
учурап иштесе же түшүп кетсе, аны колдонгонго тыюу салынат.
28.
Шайманды өзүңүз оңдогонго аракет кылбаңыз. Тейлөөнүн бардык суроолор
боюнча ыйгарым укуктуу тейлөө борборуна кайрылыңыз.
2. ШАЙМАНДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Буу чыгуучу сопло
2. Суу сактагычтын капкагы
3. Суу сактагыч
4. Чыпка
5. Базасы
6. “ВКЛ/ВЫКЛ” (КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ) баскычы

Содержание

Похожие устройства

Скачать