Centek CT-5110 [18/28] Берилген шайман суунун деңгээлинин сенсору 4 менен жабдылган

Centek CT-5110 [18/28] Берилген шайман суунун деңгээлинин сенсору 4 менен жабдылган
18
7. LCD - дисплей
8. “ТАЙМЕР/ПОДСВЕТКА” (ТАЙМЕР/ТҮСТҮҮ ЖАРЫК) баскычы
9. “ГИГРОСТАТ” баскычы
10. “УВЛАЖНЕНИЕ” (НЫМДАШТЫРУУ) баскычы
3. ТОЛУКТУК
- Ультраүндүү аба нымдагыч (чогултулган) - 1 д.
- Иштетүү боюнча көрсөтмө - 1 д.
4. ИШТӨӨ ТАРТИБИ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Шайманды биринчи жолу күйгүзүүнүн алдында бөлмөдө 30 мүнөткө
калтырыңыз айлана-чөйрөнүн температурасынын кескин өзгөрүшүнө
байланыштуу мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу үчүн.
1.
Суу сактагычты нымдагычтын түбүнөн чыгарыңыз. Суу сактагычтын
капкагын ачыңыз.
2. Суу сактагычка суу толтуруңуз. Муздак таза суу гана колдонуңуз.
3.
Суу сактагычтын капкагын жабыңыз. Суу агып кетпегендигин текшериңиз.
Суу сактагычты нымдаткычтын түбүнө коюңуз.
4. Шайманды электр кубатына туташтырыңыз.
5. Соплону (1) буруп, буу багытын өзгөртүңүз.
ЭСКЕРТҮҮ: иштеп жаткан шаймандын айланасында суунун топтолушу бөлмөдөгү
нымдуулуктун өтө жогору экендигин көрсөтүп турат. Буу көлөмүн ошого
жараша тууралаңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Суу сактагычта суу жок болгондо, шайманды эч качан күйгүзбөңүз. Аспаптын
түбүнө (базасына) суу киргенине жол бербеңиз. Суу сактагыч толуп турганда
шайманды кыймылдатпаңыз.
ШАЙМАНДЫН ФУНКЦИЯЛАРЫ
“КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ” баскычы
Шайманды күйгүзүү үчүн “КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ” баскычын басыңыз. Узакка
созулган үн белги угулат, дисплейде «1» саны пайда болот, шайман
минималдуу буу чыгаруу режиминде иштей баштайт. Иштөө учурунда
дисплейде чөйрөнүн температурасынын жана нымдуулугунун маанилери
тиешелүү индикаторлор ( , , , ) менен кезектешип көрсөтүлөт.
Шайманды өчүрүү үчүн “КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ” баскычын кайра басыңыз.
“ГИГРОСТАТ” баскычы (нымдуулук деңгээлин орнотуу)
Бөлмөдө керектүү нымдуулукту орнотуу үчүн “ГИГРОСТАT” баскычын басыңыз.
Орнотуу диапазону 45-90 % 5 % кадам менен. Нымдуулуктун маанисин
тандагандан кийин, сандык индикатор 3 секундага күйөт, андан кийин
шайман автоматтык түрдө белгиленген нымдуулук деңгээлин кармап баштайт,
дисплейде бөлмөдөгү учурдагы нымдуулуктун мааниси көрсөтүлөт. Нымдуулук
деңгээлин орнотууларды баштапкы абалга келтирүү үчүн “ГИГРОСТАТ”
баскычын басып, 90 % маанисин тандаңыз.
“УВЛАЖНЕНИЕ” (НЫМДАШТЫРУУ) баскычы
(буунун чыгышынын интенсивдүүлүгүн тууралоо)
Буу чыгаруунун интенсивдүүлүгүн өзгөртүү үчүн “НЫМДАШТЫРУУ” баскычын
бир нече жолу басуу керек: 1 - төмөн, 2 - орточо, 3 - буу көлөмүнүн жогорку
деңгээли. Дисплейде тиешелүү сандык маани күйөт.
ТАЙМЕР” баскычы (таймерди орнотуу)
Таймерди коюу үчүн “ТАЙМЕР” баскычын басыңыз, индикатор күйөт.
Керектүү маанини тандаңыз: 1, 2, 4, 8 саат. Ар бир маани дисплейдеги
көрсөткүчкө туура келет. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин шайман күтүү
режимине өтөт.
Суунун жетишсиздигинде автоматтык түрдө өчүрүү функциясы
Берилген шайман суунун деңгээлинин сенсору (4) менен жабдылган.
Эгерде суу сактагычта суу жетишсиз болсо, шайман буу берүүнү токтотот,
үн белгиси чыгат жана дисплейде индикатору күйөт. Шайманды өчүрүп,
суу сактагычка суу толтуруңуз.
5. ШАЙМАНГА КАМ КӨРҮҮ
Тазалоодон мурун шайманды ар дайым өчүрүп туруңуз. Катуу суу
чачыраткычта жана бышыруу бөлмөсүндө акиташтын пайда болушуна алып
келет. Бул нымдагычтын туура эмес иштешине алып келип, шаймандын сырткы
көрүнүшүн бузат.
Акиташ пайда болуп калбаш үчүн:
-
кайнак суу, чыпка менен тазаланган суу жана дистилденген сууларды
колдонуңуз;
- иштөө камераны ар жума сайын тазалап туруңуз;
- суу сактагычтагы сууну бат - бат тазалап туруңуз.
ЖУМА САЙЫНКЫ КАМ КӨРҮҮ
-
Суу сактагычтын тазалоосун жумада бир жолу тазалоо сунушталат. Иштөө
камераны, жуугуч каражаттарды кошуп, жууп коюңуз. Андан кийин суу
менен чайкап салыңыз.

Содержание

Похожие устройства

Скачать