Indesit bwse 71252 l b 1 Инструкция по эксплуатации онлайн [52/70] 183188

Indesit bwse 71252 l b 1 Инструкция по эксплуатации онлайн [52/70] 183188
52
KGZ
Push & Wash
Бул функция КҮЙ/ӨЧҮР баскычын басуу зарылчылыгы жок кир жуугуч машина өчүк болгондо (бирок ал электр
тармагына туташып турганда) же машина күйгүзүлгөндөн кийин эч кандай башка баскычтарды басуусуз жана/
же программаны тандоо туткасын айлантуусуз, кир жуу циклын баштоону шарттайт (эгерде башында башка
баскыч басылган болсо жана/же программаны тандоо туткасы буралса, Push & Wash функциясы активдешпейт).
Push & Wash циклын активдештирүү үчүн Push & Wash баскычын 2 секунд аралыгында басып кармап туруңуз.
Күйгөн жарык индикатору цикл иштетилгенин түшүндүрөт. Кир жуу циклы пахта жана синтетика кездемелери үчүн
идеалдуу жарайт, 30°С температурадагы суу пайдаланылат, сыгуунун максималдуу ылдамдыгы – мүнөтүнө 1000
айлануу. Кирдин максималдуу жүктөмү - 3 кг. (Циклдын узактыгы 45’).
Бул кандай иштейт?
1. Кирди жүктөңүз (пахта жана/же синтетика) жана люкту жабыңыз.
2. Дозаторлорго кир жуучу каражатты жана чайкагычты салыңыз.
3. Push & Wash баскычын 2 секунд аралыгында кармап туруу менен, программаны күйгүзүңүз. Тиийштүү
индикатор жашыл түстө күйөт, люк тосмолонот (дисплейде ЛЮК ТОСМОЛОНДУ символу күйөт).
ЭСКЕРТҮҮ: Push & Wash баскычынын жардамы менен кир жууну иштетүү пахта жана синтетика кездемелер үчүн
сунушталган автоматтык циклды активдештирет, анын параметрлери өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Бул программа
кошумча функцияларды кошууну шарттабайт.
Эгерде автоматтык циклды иштеткенден кийин люкту ачуу талап кылынса, ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын
басыңыз. ЛЮК ТОСМОЛОНДУ индикатору өчкөндөн кийин, люкту ачууга болот. Программаны ал токтотулган
учурдан тартып улантуу үчүн ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
4. Программаны аяктагандан кийин END күйөт.

Содержание