Hotpoint-Ariston HS5V5CMX/RU [28/44] Бышыруу режимдери

Hotpoint-Ariston HS5V5CMX/RU [28/44] Бышыруу режимдери
28
КҮ
Бышыруу режимдери
! Температура мааниси бардык бышыруу режимдери 50°C
жана MAX көрсөткүчүнө чейин орнотулушу мүмкүн. Бул, MAX
кубат деңгээли сунушталган ГРИЛЛЬ программасынан
тышкары болот.
СТАТИКАЛЫК ДУХОВКА режими
Үстүңкү жана ылдыйкы ысытуу элементтеринин экөө тең
күйөт. Бул традициондук бышыруу режимин колдонуп
жатканда, бышыруу текчесин гана колдонуу керек болот.
Эгерде бирден көп текче колдонулса, ысык туруксуз абалда
бөлүштүрүлөт.
ГРИЛЛЬ режими
Эң жогорку бышыруу элементи менен айлануу шиши
иштетилет. Грилль ошондой эле жогорку температурада
бышырууну талап кылган азыктар үчүн сунушталат:
ростбифтер, сан тараптар, кабырга стейктери, филелер,
гамбургерлер, ж.б. ...
! ГРИЛЛЬ жана ДУХОВКАНЫН ҮСТҮ бышыруу режимдери
духовканын эшиги жабык кезде аткарылышы керек
ЕСО (ЭКО)режими
Бир гана текчеде ичи толтурулган эт бөлүктөрдү жана эт
филесин бышырууга. ЭКО айлампасын колдонуу үчүн жана
ошондуктан электр керектөөсүн отпималдаштыруу үчүн,
тамак толук бышканча духовканын эшиги ачылбашы керек..
Ылдыйкы бөлүм
Духовканын астында, атайын духовка жабдуулары же терең
идиштер сыяктуу буюмдарды сактоого арналган атайын
бөлүм бар
! Бөлүмдүн (эгер болсо) ички тарабы ысып кетиши мүмкүн.
! Духовканын ылдыйкы бөлүмүнө күйүүчү заттарды
сактабаңыз.
Практикалык бышыруу кеңештери
! ГРИЛЛЬ бышыруу режиминде, май чогултуучу табаны 1-
абалга орнотуп, бышыруу убагында чыккан калдыктарды (май
жана/же ширени) чогултуңуз.
ГРИЛЬ
текчени 3 же 4 тексеге салыңыз. Тамакты текченин
ортосуна жайгаштырыңыз.
Кубат денгээлинин максималдык көрсөткүчкө коюулушун
сугнуштайбыз. Жогорку бышыруу элементи термостат
аркылуу жөндөлүп, ар дайым туруктуу иштебеши мүмкүн.
ПИЦЦА
Жеңил плюминий пица
табагын колдонуңуз. Аны камсыз
кылынган текчеге жайгаштырыңыз.
Кытырак болушу үчүн, май чогултуучу табаны колдонбоңуз,
себеби ал кытырактын пайда болушунун алдын алып,
бышыруу убагын да көбөйтөт.
Эгерде пиццанын үстүнө кошулмалары өтө көп болсо, биз
бышыруу процессинин ортосунда пиццанын үстүнө
моцарелла сырын кошууңузду сунуштайбыз.
ТЕЗ АЛДЫНА АЛА ЫСЫТУУ режими
Духовканы тез алдын ала ысытуу үчүн. Тамакты
духовканын ичине чейин салганга чейин алдын
ала ысытуунун бүткөнүнө чейин күтө туруп,
андан соң каалаган бышыруу функциясын
тандаңыз.
ЭЭРИТҮҮ режими
Духовканын астыңкы жагындагы желдеткич абанын
бөлмө температурасында тамактый тегерегинде
айланып турат.
Бул тамактардын бардык түрлөрүн эритүү үчүн
сунушталып, бирок кээде, ал ар түрлүү ээритүүнү
талап кылбаган назик тамактар үчун сунушталат,
мисалы: бал муздак торттору, крем же быштак
десерттери, жемиш торттору үчүн. Желдеткичти
колдонуу менен, эритүү убагы эки эсе без болот.
Эт, балык жана нан жагдайларында, процессти
“мульти-бышыруу” режиминде тездетүү мүмкүн
болуп, температураны 80° - 100°C койсоңуз болот.
ДУХОВКАНЫН ЖЕЛДЕТКИЧ режими
Үстүңкү жана ылдыйкы ысытуу элементтеринин
экөө тең күйүп, желдеткич иштетилип баштайт.
Ысыткыч духовканын ичинде бир деңгээлде
болгондуктан, ысык аба тамакты бир калыпта
бышырып жана кызартат. Бир убакта максималдык
эки текче колдонула алат.
ЗАПЕКАНКА режими
Жогорку ысытуу элементи жана вертел шиши (эгер
болсо) иштетилип, желдеткич да иштей баштайт.
Бул функциялардын айкалышы абанын духовка
бою күчтөлүп айлануусу, ысытуу элементтеринин
бир багыттык эффективдүүлүгүн жогорулатат. Бул
тамактын үстүнүн күйүп кетишинин алдын алып,
ысыктын тамактын ичине багытталышына жардам
берет.
! ГРИЛЛЬ жана ЗАПЕКАНКА бышыруу режимдери
духовканын эшиги жабык кезде аткарылышы керек.

Содержание

Похожие устройства