Hotpoint-Ariston AQ90D 29 [41/48] Дисплей

Hotpoint-Ariston AQ90D 29 [41/48] Дисплей
KGZ
4141
ON/OFF индикатору менен баскыч: Машинаны күйгүзүү
же өчүрүү үчүн баскычты бир жолу басыңыз. Жашыл
индикатор машина күйгөнүн көрсөтөт. Кир жуугуч машинаны
кир жуу процессинде өчүрүү үчүн баскычты болжол менен
3 секунд басып туруу керек. Кыска жана капыстан басып
алуу машинаны токтотууга алып келбейт. Машинаны кир
жуу процессинде өчүрүү учурунда учурдагы цикл токтотулат.
ПРОГРАММАЛАР туткасы: эки тарапка тең айланат.
Керектүү программаны тандоо үчүн Программалардын
таблицасын караңыз. Кир жуу процессинде тутка
айланбайт.
M1-M2-M3 баскычтары: циклды жана сиз персоналдаштырган
программаларды эстутумга киргизүү үчүн бул баскычтардын
бирин баскан бойдон кармап туруңуз. Мурда эстутумга
киргизилген циклды күйгүзүү үчүн тийиштүү баскычты
басыңыз.
ТЕМПЕРАТУРА баскычы: ысытууну өзгөртүү же жокко
чыгаруу үчүн басыңыз. Тапшырылган маани жогоруда
дисплейде көрсөтүлөт (Кир жуу циклын аткаруунун
тартиби” кара.).
СЫГУУ баскычы: сыгууну өзгөртүү же жокко чыгаруу
үчүн басыңыз. Тапшырылган маани жогоруда дисплейде
көрсөтүлөт (“Кир жуу циклын аткаруунун тартиби” кара.).
КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛГАН ИШТЕТҮҮ баскычы:
тандалган программаны иштетүүнү кармоону программалоо
үчүн басыңыз. Кармоонун тапшырылган мааниси жогоруда
дисплейде көрсөтүлөт (Кир жуу циклын аткаруунун
тартиби” кара.).
КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР баскычы: болгон кошумча
функцияларды тандоо үчүн басыңыз. Тандалган кошумча
функциялардын индикатору күйөт (Кир жуу циклын
аткаруунун тартиби” кара.).
КИР ЖУУ ФАЗАЛАРЫ символу: циклды аткаруунун
ырааттуулугун визуалдаштыруу үчүн күйөт (Жуу
Чайкоо - Сыгуу - төгүү ).
Циклды аяктагандан кийин жазуусу күйөт.
START/PAUSE индикатор менен баскычы: жашыл
индикатору сейрек бүлбүлдөгөндө, кир жуу циклын иштетүү
үчүн баскычты басыңыз. Циклды иштеткенден кийин
индикатор бүлбүлдөбөй калат. Кир жууну токтотуу үчүн
кайрадан баскычты басыңыз, индикатору кызгыл сары түс
менен бүлбүлдөйт. Эгерде “LOCK” индикатору өчсө,
люкту ачууга болот. Кир жууну ал токтотулган жерден улап
кетүү үчүн, кайрадан бул баскычты басыңыз
Индикатору LOCK: люк тосмолонгонун көрсөтөт.
Люкту ачуу үчүн циклды токтотуу керек. (“Кир жуу циклын
аткаруунун тартиби” кара.).
БАЛДАРДАН КОРГОО индикатор менен баскыч
башкаруу консолун күйгүзүү же өчүрүү үчүн баскычты
болжол менен 2 секунд басып кармап туруңуз. Күйгөн
индикатор башкаруу консолу тосмолонгонун түшүндүрөт.
Мындай жол менен программа, өзгөчө үйдө балдар болгондо
капыстан өзгөртүлбөйт.
Кир жуу параметрлерин өзгөртүүдө электр энергиясын
үнөмдөө 10%дан кем эмес болгондо, индикатору күйөт.
Мындан тышкары машина энергияны үнөмдөө режимине
которулаардан мурда, символ бир нече секунд күйөт.
Машина өчүк болгондо электр энергиясын үнөмдөө болжол
менен 80%ды түзөт.
ТИЛДИ ТАНДОО
Машинаны биринчи жолу күйгүзүүдө дисплейде биринчи
тил бүлбүлдөйт. Дисплейдин оң жагындагы 3 баскычтын
каршысында « », «ОК» жана «V» символдору көрсөтүлөт.
Тилдер ар бир 3 секунд сайын автоматтык түрдө же «
» жана «V» символдорунун жанындагы баскычтардын
жардамы менен өзгөрөт. «ОК» баскычынын жардамы менен
тандалган тилди 2 секунддан кийин ырастаңыз. Эгерде Сиз
эч кандай баскычтарды баспасаңыз, 30 секунддан кийин
тилди автоматтык алмаштыруу уланат.
Тилди өзгөртүү үчүн машинаны күйгүзүп жана өчүрүү
керек, өчүргөндөн кийин 30” кийин температура +
центрифуга + 5” кийинкиге калтырылган иштетүү
баскычтарын бир убакта басуу керек жана кыска үн
сигналынан тышкары дисплейде тандалган тил бүлбүлдөйт.
« » жана «V» символдорунун жанындагы баскычтардын
жардамы менен тилди алмаштыруу жүргүзүлөт. «ОК»
символунун жанындагы баскычтын жардамы менен 2
секунддан кийин тандалган тилди ырастаңыз. Эгерде
Сиз эч кандай баскычты баспасаңыз, 30 секунддан кийин
дисплейде мурда тандалган тил көрсөтүлөт.
Индикатору менен
баскыч
ON/OFF
“Сенсордук башкаруу” башкаруу
консолу
Дисплей
M1
Программаларды
тандоо туткасы
КОШУМЧА
ФУНКЦИЯЛАР
баскычы
Индикатору
ECO
КИЙИНКИГЕ
КАЛТЫРЫЛГАН
ИШТЕТҮҮ
баскычы индикатору
LOCK
индикатор менен
баскыч START/PAUSE
КИР ЖУУ
ФАЗАСЫНЫН
символу
БАЛДАРДАН
КОРГОО
индикатор
менен
баскыч
ТЕМПЕРАТУРА
баскычы
СЫГУУ баскычы
M2
M3

Содержание

Похожие устройства

Скачать