Haier HW70-BP12969A [110/212] Кароо жана тазалоо

Haier HW70-BP12969A [110/212] Кароо жана тазалоо
20
8 - Кароо жана тазалоо
8.5 Узак мезгил ичинде колдонбоо
Эгер машина узак мезгил ичинде иштетилбесе:
1. Электр ачакейин (вилканы) сууруңуз (8-6 сүр.).
2. Суу берүүнү өчүрүңүз (сүрөт. 8-7)
3. Нымдын жана жыттардын пайда болушунун
алдын алуу үчүн, түзмөктүн эшигин ачыңыз. Кир
жуугуч машина колдонулбаган мезгилде анын
эшигин ачык кармаңыз.
Кийинки колдонуудан мурда электр кабелин, суу
берүүнү жана суу кетүүчү шлангды кылдаттык менен
текшериңиз. Баары тийиштүү түрдө орнотулгандыгына
жана суу агып чыкпаганына ынаныңыз.
Эскертүү. Барабанды тазалоо
Узак мезгил ичинде колдонулбай тургандан кийин, мүмкүн болгон зыян келтирүүчү
заттарды кетирүү үчүн, машинага кир салбай жана кир жуугуч каражат үчүн бөлүккө (2)
бир аз жуугуч каражат же атайын тазалоочу каражат салып, «Барабанды тазалоо» (Drum
Clean) программасын иштетүү сунушталат.
8.6 Насостун чыпкасы
Насостун чыпкасын айына бир жолу тазалап туруңуз
жана төмөнкүдөй учурларда чыпканы текшерип
туруңуз:
► машина сууну кетирбейт;
► машина айланбайт;
► машина иштеп жатканда адаттагыдан башкача чуу
чыгарат.
КӨӉҮЛ БУРУӉУЗ!
Ысык сууга күйүп калуу коркунучу! Насостун
чыпкасындагы суу өтө ысык болушу мүмкүн! Кандай
болбосун иш-аракеттерди аткаруудан мурда суунун
муздагандыгына ынаныңыз.
1. Кир жуугуч машинаны өчүрүп, штепселдик ачакейди
(вилканы) розеткадан сууруңуз (8-8 сүр.).
2. Тейлөө капкакчасын ачыңыз. Бул үчүн тыйын же
отвертка колдонууга болот (8-9-сүр.).
3. Сууну агызуу үчүн астына жалпак идиш коюңуз (8-10
сүр.). Суунун көлөмү чоң болушу мүмкүн!
4. Суу кетүүчү шлангды сууруп чыгарып, анын экинчи
учун идиштин үстүнө кармаңыз (8-10 сүр.).
5. Суу кетүүчү шлангдын бекитүүчү капкагын сууруңуз
(8-10 сүр.).
6. Толук дренаждан кийин суу кетүүчү шлангды
жабыңыз (8-10 сүр.) жана аны машинага кайра
улаңыз.
7. Насостун чыпкасын саат жебесине каршы бурап
чыгарыңыз (8-12 сүр.).
8. Топтолгон кирди кетириңиз (8-13 сүр.).
KY

Содержание

Похожие устройства