Атлант М-7606-080-N Grey [66/68] Super freez

Атлант М-7606-080-N Grey [66/68] Super freez
22
KYR
1 ТОҢДУРГУЧТУН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1.1 1-сүрөткө ылайык тоңдургуч жаңы азыктарды тоңдуруу
үчүн, тоңдурулган азыктарды себеттерде сактоо үчүн, тамак-ашка
колдонулуучу музду даярдоо үчүн ылайыкташтырылган.
1.2 Тоңдургучта «Супертоңдуруу»
super freeze») функция-
сы жана эшикти узак мөөнөткө ачууда чыгуучу үн сигнализациясы
каралган.
1.3 1-сүрөткө ылайык тоңдургучта жарыктандыруу үчүн све-
тодиоддуу шамчырак орноштурулган.
1.4 Тоңдургуч кыроону пайда кылбастан эритүү системасы
(андан кийин – No Frost системасы) менен жабдылган
1.5 Тоңдургуч анын табличкасында көрсөтүлгөн климаттык
класска туура келет чөйрөнүн температурасынын учурда иштеп
турушу керек. Климаттык класстарга температура диапазондор
1 таблицада көрсөтүлгөн.
1.6 Тоңдургучту иштетүү үчүн керектүү жалпы мейкиндик
2-сүрөттө көрсөтүлгөн өлчөмдөр менен миллиметрде аныкталат.
Тоңдургучтун конструкциясы менен эшикти ачуунун максималдуу
бурчу камсыздалат 110
0
. Сындырып алуудан сактануу максатын-
да 110
0
тан ашык бурч менен эшикти ачуу үчүн чектен тышкары
күч салууга ТЫЮУ САЛЫНАТ.
2-сүрөт – Тондургуч (устунон корсотулгон)
1-сүрөт – Муздаткыч жана анын курамдык буюмдары
2 ТОҢДУРГУЧТУН ИШТЕШИН БАШКАРУУ
2.1 БАШКАРУУ ПАНЕЛИ
2.1.1 Башкаруу панелине жетүү үчүн тоңдургучтун эшигин
ачуу керек.
Башкаруу панелинде 1, 3-сүрөттөргө ылайык жарык инди-
каторлору жана башкаруу баскычтары (баскычтар) жайгашкан.
Баскычтарды басууда баскычтардын үстүңкү бетинин фор-
масы бузулуп калуудан жана сынып калуусунан сактануу үчүн
башка бир буюмдарды колдонууга жана өтө катуу күч менен
басууга ТЫЮУ САЛЫНАТ.
2.1.2 Тоңдургучта жогорулатылган температуранын инди-
кациясы каралган. Эгерде тоңдургучта температура жогорулап
кетсе (мисалы, көп сандагы жаңы азыктарды салганда), ошондой
эле алгачкы жолку иштеткенде же жыйноодон кийин иштеткенде
белгиленген температурага дал келген индикатор күйүп-өчүп
баштайт. Узак мөөнөткө карата жогорулатылган температура
индикациясынын иштеши (мисалы, эшикти көпкө чейин ачуудан
кийин) тоңдургучтун бузулгандыгынын белгиси болуп саналбайт.
Тоңдургучта температуранын төмөндөшүндө күйүп-өчүү автомат-
тык түрдө токтотулат.
1-таблица – Климаттык класстар
Класс Символ
Айлана-чөйрөнүн
температураларынын
диапазону,
0
С
Кеңейтилген мээлүүн SN 10дон 32ге чейин
Мээлүүн N 16дан 32ге чейин
Субтропикалык ST 16дан 38ге чейин
Тропикалык T 16дан 43кө чейин
муз үчүн форма
арткы таянгычы
себет (мөмөлөрдү жана
башка майда продук-
ттарды тоңдуруу үчүн)
себет (төмөнкү)
BIG BOX себети
себет
себет
панель
башкаруу панели
светодиоддуу
шамчырак
себет
себет
айнек-текче
айнек-текче
айнек-текче
айнек-текче
айнек-текче
айнек-текче (жогорку)
Slim Space
чуңкур идиши
Slim Space
чуңкур идиши
арткы таянгычы
110
0
854 min
1181±5
684
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является

Содержание

Похожие устройства

Скачать