Indesit ESP 18 [26/64] Тоңдургуч бөлүмдөн пайдалануу

Indesit ESP 18 [26/64] Тоңдургуч бөлүмдөн пайдалануу
6. Буюмдун тоңдургуч бөлүмүндө ичи толтурулган
тоңуучу суюктук куюлган айнек идиштерди көп убакытка
калтырууга болбойт, айныкса алардын ичинде тыгыз
бекитилген газдалган же кайнай турган суусундуктар
куюлган болсо. Кристаллдашкан суюктук идишти
жарып салышы мүмкүн.
7. Эгерде айлана-чөйрөдөгү абанын температурасы
көп убакыт бою 14 °С тан жогорулабаса, анда
продуктуларды сактоо үчүн зарыл болгон температура
алынбайт, бул болсо продуктулардын сакталуу мөөнөтүн
кыскартат.
8. Эсиңизде болсун, продуктуну колдо эритүү учурунда,
приборду караганда жана тазалаганда тоңдурулган
продуктулардын температурасынын жогорулашы
алардын сакталыш мөөнөтүн кыскартышы мүмкүн.
9. Эгерде сактоо үчүн көп сандагы продуктуларды
жайлаштыруу зарыл болсо, анда тоңдургуч камерадан
идиштерди чыгарып салып, продуктуларды текчелерде
сактоого болот. Эң жогоркусунан башка бардык
текчелерге тоңдургучтун ичиндеги боштуктан
максималдуу пайдалануу үчүн продуктуларды текченин
четинен 20 мм чыгып тургандай кылып жайлаштырууга
болот. Тоңдуруу үчүн продуктуларды эң жогорку
текчеге коюп жатканда жайлаштыруунун чек арасына
(каптал дубалдагы), эгерде чек ара белгиленбеген болсо,
анда текченин четине болжол алуу керек Ылдыйдагы
идишти чыгарып салбоо керек, анткени анын ошол
жерде турушу абанын керектүү деңгээлде айланышы
үчүн керек.
Артыкбаш кыроо басып калбастыгы үчүн тоңдурулушу
керек болгон продуктуларды тыкандык менен ороо
зарыл. Продуктуларды тоңдургучка коюудан мурда
аларды муздаткычта муздатып алыңыз.
1. Жаңы продуктуларды тоңдурууга коюп жатканыңызда,
алар мурда тоңгон продуктуларга тийип калбастыгына кам
көрүңүз. Тоңдургуч бөлүмгө коюлуп жаткан продуктулар
камеранын арткы жана каптал дубалдарына тийбей
турганы оң. Эсиңизде болсун, продуктулардын сакталуу
сапаты тоңдуруунун тездигинен көз каранды.
2. Тоңдуруу учурунда тоңдургуч бөлмөнүн эшигин
ачпоого аракет кылыңыз.
3. Продуктуларды туура сактоо жана тоңгон продуктуну
кийинчерээк тезирээк эритип алуу үчүн аларды тоңдургуч
бөлүмгө кичине порцияларда жайлаштырыңыз бул
алардын тез жана ишеничтүү тоңушуна өбөлгө түзөт.
Продукту тоңдурууга коюлганда аны каттап баруу сунуш
кылынат.
4. Электр камсыздоо үзүлүп калган, же болбосо
муздаткыч прибор кокусунан өчүрүлүп, эрүү башталган
учурларда, буюмдун тоңдургуч бөлүмүнүн эшигин
ачпаганыңыз оң. Бул тоңдургуч бөлүмдөгү төмөн
температураны кыйла убакытка сактоо мүмкүнчүлүгүн
берет.
5. Толук эмес эриген продуктудан жылуулук менен
иштеле турган тамак даярдоодо пайдаланыңыз.
Тоңдургуч бөлүмдөн пайдалануу
26
K
GZ

Содержание

Похожие устройства

Скачать