Vitek Safari VT-8248 [31/40] Кыргыз

Vitek Safari VT-8248 [31/40] Кыргыз
31
КЫРГЫЗ
«2» төмөгндөгөн ылдамдык жана төмөн дөгөн жылуулук;
«3»жогору ылдамдык жана жогору жылуулук;
Муздак абаны желдетүү режими которгучу (2) аркылуу
иштетилет. Муздак абаны желдетүү режимин иштетүү
үчүн которгучту (2) саптаманын тарабына жылдырыңыз.
Муздак абаны желдетүү режимин өчүрүү үчүн которучту
(2) ылдый жылдырыңыз.
Шайманды иштеткенде (которгуч (2) «1», «2», «3» аба-
лында болгондо) жарык индикатору (3) күйөт, шайманды
өчүргөндө индикатор (3) да өчөт.
Эскертүү: Биринчи колдонгондо, ысытуучу элемент
тен башкача жыт жана бир аз түтүн чыгышы мүмкүн.
Фен-щетканы колдонгонуп бүткөндөн кийин которгучту (2)
«0» абалына коюп, шайманды өчүрүңүз да электр шнуру-
нун сайгычын электр розеткасынан чыгарыңыз.
Фен-щетка муздак болгонду күтүңүз.
Насадканы чечип алыңыз, ал үчүн бекитүүчү баскычын
(1) басып, насадканы сааттын жебесине каршы тарабы-
на буруңуз.
Өтө ысытуудан коргонуу
Өтө ысытуудан коргонуу системасы чыгуучу аба агымынын
температурасы өтө чоң болгондо фен-щетканы өчүрөт. Фен-
щетканы колдонгон учурда ал өчүп калса, режимдердин
которгучун (2) «0» абалына которуңуз, кубаттуучу сайгычты
розеткадан суруп, аба кирүүчү жана чыгуучу тешиктер
жабылбаганын текшериңиз. Фенди 5-10 мүнөт муздатып,
кайра иштетсеңиз болот. Фен-щетканы колдонгондо тешик-
терин жаппай, чачыңыз аба алуучу тешигине түшкөндөн
абайлаңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Шайман турмуш-тиричилик колдонууга гана арналган.
Режимдердин которгучун (2) «0» абалына которуп, кубат-
туучу сайгычты розеткадан суруңуз да фенди муздатып
алыңыз.
Насадканы алыңыз, ал үчүн бекитүүчү баскычын (1)
басып, насадканы сааттын жебесине каршы тарабына
буруңуз.
Корпусун (4) нымдуу чүпүрөк менен сүртсө болот, андан
кийин кургатып сүртүү зарыл.
Щетканын жардамы менен аба алгычтын панжарасын (5)
тазалап алыңыз.
Шайманды сууга же башка суюктуктарга салууга тыюу
салынат.
Корпусту тазалоо үчүн абразивдүү жуучу каражаттарды
же эритүүчү суюктуктарды колдонууга тыюу салынат.

Содержание

Похожие устройства

Скачать