Vitek VT-8524 W, витринный образец [31/36] Кыргыз

Vitek VT-8524 W, витринный образец [31/36] Кыргыз
31
КЫРГЫЗ
Мотор сапсалгысынын корпусун, электр
шнурун жана сайгычын суу колуңуз менен
тийбеңиз.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонгон полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуздар! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго
балдарга уруксат бербеңиз. Тумчуктуруунун
коркунучу бар!
Блендер иштегеп турган учурда балдарга
мотор сапсалгысын электр шнурун жана
сайгычын тийүүгө уруксат бербеңиз.
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
Шайман иштеп турганда жана иштөө
циклдердин арасындагы тыныгууларда аны
балдар жетпеген жерге коюңуз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптууу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
Шайман иштеп турган учурда жанында
балдар же жөндөмдүүлүгү төмөн адамдар
бар болгондо өзгөчө абайлап туруңуз.
Бул шайман балдар колдонгону үчүн
арналган эмес.
Кубаттуучу сайгычында же электр
шнурунда ар кыл бузулуулар бар болсо,
шайман иштеп-иштебей турса же кулап
түшкөндөн кийин шайманды иштетүүгө
тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Бузулуулар пайда болбоо үчүн шайманды
заводдук таңгагында гана транспорттоо
зарыл.
Ток урбас же өрт чыкпас үчүн шаймандын
корпусун, электр шнурун жана сайгычын
сууга же башка суюктуктарга салбаңыз.
Шайман сууга түшкөн болсо:
сууга тийбеңиз;
токтоосуз кубаттуучу сайгычты
розеткадан суруп, андан кийин гана
шайманды суудан чыгарсаңыз болот;
шайманды текшерүү жана оңдотуу үчүн
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Айлана чөйрөөну сактоо максатында
шаймандын кызмат мөөнөтү бүткөндөн
кийин аны турмуштук калдыктары менен
чогу ыргытпай, утилизациялоо үчүн
адистештирилген пунктуна тапшырыңыз.
Шайманды балдардын колу жетпеген жерде
сактаңыз.
АСПАП ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА
ГАНА АРНАЛГАН
ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Биринчи жолу колдонуудан мурун
насадкаларын (1, 9), чоппердин табагын
(6) жана бычагын (7), өлчөмдүү чынысын
(10) нейтралдуу жуучу каражат менен
жылуу сууга жууңуз жана кылдаттык менен
кургатыңыз.
Мотор сапсалгысын (2), чоппердин
редуктор капкагын (5) жана венчиктин
редукторун (8) жумушак бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүңүз, андан кийин
кургатып сүртүнүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Мотор сапсалгысын (2), чоппердин
редуктор капкагын (5) жана венчиктин
редукторун (8), электр шнурун жана
шнурунун сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
Насадкаларды жана идиштерди идиш
жуучу аспапка салбаңыз.
Иштетүүнүн мөөнөтү
Блендер топтому бат жана эффективдүү
иштөөгө мүмкүндүк берет, бирок иштетүү
мөөнөтүн блендер насадкасы (1) менен
иштеткенде 35 секундадан, венчик насадкасы
(9) менен – 1 минутадан, чоппердин табагында
(6) катуу азыктарды майдалатууда
30 секундадан ашырбоо зарыл. Иштетүү
циклдердин арасында 2 минутадан кем эмес
мөөнөткө тыныгууларды жасаңыз.
IM VT-8524.indd 31 22.05.2017 17:46:04

Содержание

Похожие устройства

Скачать