Coolfort 2029 [12/16] Кыргыз

Coolfort 2029 [12/16] Кыргыз
12
КЫРГЫЗ
ЖЕЛДЕТКИЧ CF-2029
Желпиме имараттарды жасалма түрдө желдетүү үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1. Панжараларды бекитүү үчүн винт менен гайка
2. Алдынкы коргоочу панжара
3. Бекитүүчү шакеги
4. Лопасттар
5. Лопасттардын бекитме гайкасы
6. Арткы панжаранын бекитме гайкасы
7. Арткы панжара
8. Электр мотордун огу
9. Мотор сапсалгысы
10. Желпиме корпусунун айлануусун иштетүү баскычы
11. Иштөө режимдердин которгучу «0-1-2-3»
12. Жылдырма штанга
13. Жылдырма штанганын бекитмеси
14. Көтөрүп ташуу үчүн туткасы
15. Астынкы штанга
16. Жерге коюлуучу крест сыяктуу таяныч
17. Жерге коюлуучу таянычтын бекитмеси
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Желпимени пайдалануудан мурун ушул колдонмону окуп-
үйрөнуп, аны маалымат катары сактап алыңыз.
Түзмөктү түздөн-түз арналышы боюнча гана, ушул
колдонмодо баяндалганга ылайык колдонуңуз.
Түзмөктү туура эмес пайдалансаңыз, ал тез бузулуп,
сизге же мүлкүңүзгө залакасы тийип калышы мүмкүн.
Шайманды биринчи иштеткендин алдында чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна ылайык болгонун
текшерип алыңыз.
Түзмөктү колдонуунун алдында тармактык шнурун көңүл
буруп изилдеп, бузулуулары жок болгонун текшерип
алыңыз. Электр шнурунун бузулууларын тапсаңыз,
шайманды колдонбоңуз.
Желпимени имараттардын сыртында колдонууга тыюу
салынат.
Шайманды тегиз, туруктуу беттин үстүнө, жылуулук жана
ачык от булактарынан алыс жеринде орнотуңуз.
Шайманды суу толтурулган идиштердин жанында, ашкана
раковинанын тикеден тике жакын чылыгында, нымдуу
үй астындагы имараттарда же бассейндин жанында
колдонбоңуз.
Электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын сууга же башка
ар кайсы суюктуктарга салбаңыз.
Шаймандын корпусун жана сайгычын суу колуңуз менен
тийбеңиз.
Желпиме сууга түшкөн болсо, аны суудан чыгаруудан
мурун токтоосуз кубаттуучу сайгычты розеткадан
суруп, андан кийин гана желпимени суудан чыгарсаңыз
болот. Желпимени текшерүү же оңдотуу үчүн кепилдик
талонунда же www.coolfort.ru сайтындагы тизмесине
кирген автордош турулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Электр шнурун ысык беттерге же эмеректин учтуу
кырларына тийгизбеңиз.
Ажыратылган желпимени иштетүүгө тыюу салынат.
Жаракат алууну же шаймандын бузулуусуна жол бербөө
үчүн желпименин коргоо панжараларынын тешиктерине
башкача заттарына салбаңыз.
Желпиме иштеп турган учурунда айланып турган
лопасттарына тийүүгө тыюу салынат.
Желпимени панжара же үй өсүмдүктөрдүн жанында
жайгашпаңыз.
Желпименин аба агымынын астында чоң мөөнөттүн
ичинде туруусу (айыкча балдарга жана кары кишилерге)
рекомендацияланбайт.
Иштеп турган шайманды эч качан кароосуз калтырбаңыз.
Желпимени тазалоонун алдында же аны көпкө чейин
колдонбосоңуз аны электр розеткасынан ажыратыңыз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан сурганда
шнурду кармап эч качан тартпаңыз, сайгычынан
кармаңыз.
Шайманды мезгилдүү түрдө тазалап туруңуз.
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени үчүн
аларга көз салуу зарыл.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары колдонулган
полиэтилен баштыктарды кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен баштыктары же
таңгактоочу пленка менен ойноого уруксат бербеңиз. Бул
тумчугуунун коркунучун жаратат!
Шайман иштеген учурда балдарга шайманды жана электр
шнурун тийгенге уруксат бербеңиз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси жагынан
жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун ичинде балдар да)
адамдар же колдонуу боюнча тажрыйбасы же билими жок
болгон адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна жооптуу
адам аларды көзөмөлдөп же нускамалоо болбосо
колдонуу үчүн ылайыкташтырылган эмес.
Электр шнуру же кубаттуучу сайгычында бузулуулар бар
болсо, желпиме иштеп-иштебей турса, шайман кулап
түшкөндөн кийин же башка бузулуулар пайда болгондон
кийин желпимени колдонууга тыюу салынат.
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга жол
бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү, тейлөө кызмат же аларга
окшогон дасыккан кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
Түзмөктү өз алдынча оңдоого тыюу салынат. Шайманды
өз алдынча ажыратпай, ар кыл бузулуулар пайда болгон
же шайман кулап түшкөн учурларда аны розеткадан суруп,
кепилдик талонундагы же www.coolfort.ru сайтындагы
тизмесине кирген автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Түзмөктү заводдук таңгагында гана транспорттоо зарыл.
Шайманды балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар
жетпеген кургак салкын жерлерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТТАРДА
КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН. ШАЙМАНДЫ
КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ
ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ
ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Электр шайманы төмөнкү температурада ташылып
же сакталган болсо, бөлмөнүн температурасында
кеминде үч саат кармап туруп, анан иштетүү керек.
Желпимени кураштыруу
Желпимени таңгактан чыгарып, шаймандын иштөөсүнө
тоскоолдук кылган ар кандай чаптамаларды сыйрып
алыңыз.
Электр кыпчууларынын бүтүндүгүн текшерип, эгер
кандайдыр жери бузук же сынык болсо, колдонбоңуз.
Таянычтарды (16) тегиз кургак бетинде крест сыяктуу
кылып орнотуңуз.
Штанганын асты жагын (15) жерге коюлуучу таянычка (16)
киргизип, бекитмесин (17) саат жебесинин багыты боюнча
сайы боюнча бурап аны бекитип алыңыз. Жерге коюлуучу
таянычтын бекем бекитилгенин текшерип алыңыз.
Бекитмени (13) бурап бошотуп, штанганы (12) керектүү
узундука чыгарып, бекитмени (13) бир аз күч салып саат
жебесинин багыты боюнча бурап бекитип алыңыз.
Мотор сапсалгысын (9) жерге коюлуучу таянычка орнотуп,
бекитме болтту тешигине киргизип, бекитп алыңыз.
Арткы панжараны (7) мотор сапсалгысынын (9) үстүнө
орнотуңуз, мотор сапсалгысындагы (9) туткасы (14) үстү
жакта болуу зарыл.

Содержание

Похожие устройства

Скачать