Coolfort 2029 [13/16] Кыргыз

Coolfort 2029 [13/16] Кыргыз
13
КЫРГЫЗ
Арткы панжараны (7) мотор сапсалгысында (9) арткы
панжараны бекитүүчу гайкасы (6) менен аны саат
жебесинин багыты боюнча токтогонуна чейин бурап
бекитип алыңыз.
Гайканы (5) лопасттардан (4) бурап чыгарыңыз.
Лопасттарды (4) электр мотордун огуна (8) орнотуп,
электр мотордун огундагы (8) фаскасын бекитме гайкасы
(5) менен дал келтирип, гайканы (5) саат жебесинин
багытына каршы токтогонуна чейин бурап бекитиңиз.
Лопасттар (4) бекем бекитилгенин текшерип алыңыз.
Алдынкы панжара (2) менен арткы панжараны (7) дал
келтирип, аларды бекитме шакеги (3) менен бекитип,
шакекти (3) бекитме винти менен гайкасын (1) бурап
бекитип алыңыз.
Желпиме иштетүүгө даяр.
ЖЕЛПИМЕНИ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Шайманды иштеткенден мурун шаймандын иштөөчү
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
Желпиме очүк болгонун текшерип алыңыз, ал үчүн
которгучту (11) «0» абалына коюңуз.
Тармактык боосунун сайгычын электр розеткага сайыңыз.
Иштөө режимдердин которгучун (11) бурап, лопасттардын
(4) керектүү айлануу ылдамдыгын таңдаңыз:
«0» – желпиме өчүрүлгөн;
«1» – лопасттардын төмөн айлануу ылдамдыгы;
«2» – лопасттардын орточо айлануу ылдам дыгы;
«3» – лопасттардын жогоруу айлануу ылдам дыгы.
Мотор сапсалгысынын горизонталдуу бетинде айлануусун
иштетүү үчүн баскычты (10) басыңыз. Айланууну токтотуу
үчүн баскычты (10) өйдө тартыңыз.
Желпимени өчүрүү үчүн иштөө режимдердин которгучун
(11) «0» абалына коюңуз.
Тармактык шнурдун айрысын розеткадан сууруңуз.
КАМ КӨРҮҮ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
Желпимени тазалоонун алдында иштөө режимдердин
которгучун (11) «0» абалына коюп аны өчүрүңүз, тармактык
боосунун айрысын электр розеткасынан суруңуз.
Желпимени тазалоо үчүн абразивдүү жуучу каражаттарды
жана эриткичтерди колдонууга тыюу салынат.
Мотор сапсалгысынын корпусун (9) бир аз нымдуу
жумушак чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
Лопасттарды (4) тазалоо зарыл болсо, шакектеги
(3) винтти (1) бошотуп, шакекти (3) чечип, алдынкы
панжараны (2) чечип, андан соң лопасттарды бир аз
нымдуу чүпүрөк менен сүртүңүз.
Алдынкы панжара (2) менен шакекти (3) ордуна коюңуз.
Желпименин панжараларын чаң соргучка ылайыктуу
саптамаларды коюуп тазаласаңыз болот.
Мотор сапсалгысын (9) сууга же башка суюктуктарга салууга
тыюу салынат. Желпиме бузулуусуна жол бербегени же ток
уруунун коркунучун жоюу үчүн мотор сапсалгысына (8) эч
кайсы суюктук куюлбаганын байкап туруңуз.
САКТОО
Желпимени электр тармагынан ажыратып, аны тазалап
алыңыз.
Зарыл болсо, желпимени ажыратып алыңыз.
Алдынкы панжараны (2) чечиңиз, ал үчүн шакектеги
(3) винтти (1) бурап чечип, шакекти (3) чечип, алдынкы
панжараны (2) чечиңиз, лопасттарды бекитүүчү гайканы
(5) бурап саат жебесинин багытына каршы бурап чечип,
лопасттарды (4) чечиңиз, арткы панжараны (7) бекитүүчү
гайкасын (6) бурап чечип, панжараны (7) чечиңиз.
Бекитүүчү болтту (13) чыгарып, мотор сапсалгысын (9)
жерге коюлуучу таянычтан чечиңиз.
Бекитмени (17) бурап чыгарып, түптү (16) жерге коюлуучу
таянычтан чечиңиз.
Желпимени заводдук таңгагына салып, сактоого
балдардын жана жөндөмдүүлүгү төмөн адамдардын колу
жетпеген кургак салкын жерге алып салыңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Желпименин мотор сапсалгысы – 1 даана.
Алдынкы панжара – 1 даана.
Лопасттар – 1 даана.
Арткы панжара – 1 даана.
Жерге коюлуучу таяныч – 1 даана.
Түп – 1 даана
Шайба – 1 даана
Бекитме – 1 даана.
Жерге коюлуучу таяныч үчүн кадоочтордун
топтому – 1 даана.
Бекитүүчү винттердин топтому – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Электр азыгы: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 40 Вт
Лопасттардын диаметри: 36 см
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман менен азык-
тандыруучу элементтердин (эгерде топтомго кирсе) кызмат
мөөнөтү бүткөндөн кийин турмуш-тиричилик калдыктары
менен бирге таштабаңыз, шайман менен азыктандыруучу
элементти андан ары утилизациялоо үчүн адистештирлиген
пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон калдыктарды
милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң белгиленген жолунда
утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча маалымыт
алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, турмуш-тирчилик калдык-
тарды утилизациялоо кызматына же бул шайманды алган
дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө принциптерине
таасир этпеген дизайнин, конструкциясын жана техника-
лык мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскертпей өзгөртүү укугун
сактайт, ошол себептен шайман менен колдонмонун
арзыбаган айырмалар болуу мүмкүн. Колдонуучу ушундай
келишпегендиктерди тапса, ал жөнүндө info@coolfort.ru
электрондук почтасына жазып, шаймандын жаңырланган
версиясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү үч жылдан кем эмес.
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалыматтар
буюмду саткан сатуучудан алууга болот. Кепилдик шарттары-
на ылайык талап кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.

Содержание

Похожие устройства

Скачать