Vitek VT-1436 — коопсуздук боюнча сунуштар жана колдонуу эрежелери [21/24]

Превью страниц Страница 21 / 24
Vitek VT-1436 [21/24] Көңүл буруңуз полиэтилен баштыктар же таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат бербеңиз тумчуктуруунун коркунучу бар
21
КЫРГЫЗ
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
Бул шайман балдар колдонгону үчүн арналган
эмес.
Шайман иштеп турганда жана иштөө
циклдердин арасында аны балдардын колу
жетпеген жерге коюңуз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптууу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго
балдарга уруксат бербеңиз. Тумчуктуруунун
коркунучу бар!
Электр шнуру менен сайгычтын
изоляциясында бузулуулар жок болгонун
мезгилдүү түрдө текшерип туруңуз.
Электр шнурунун, кубаттануучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-
иштебей турса же кулап түшкөндөн кийин
шайманды колдонбоңуз.
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Бузулуулар пайда болгонуна жол бербөө
үчүн шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жеринде сактаңыз.
АСПАП ТУРАК ЖАЙЛАРДА ТУРМУШ-
ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН,
КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ
ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Шайманды суук (кыш) шарттарда сактоодон
же транспорттоодон кийин аны үй
температурасында үч сааттан кем эмес
сактоо зарыл.
Шайманды таңгактан чыгарып, анын
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо шайманды колдонбоңуз.
Шаймандын иштөө чыңалуусу электр тар-
магындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
Саптамалар (1, 2, 3) менен табагын (5)
нейтралдуу жуучу каражат кошулган жылуу
сууга жууп, чайкап, кургатып алыңыз.
Мотор сапсалгысы (8) менен негизин (10)
жумшак бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп,
андан соң кургатып сүртүңүз.
НАСАДКАЛАРЫ (1, 2, 3)
Камыр журуучу насадкасы (1)
Насадкасын (1) ачыткы кошуп камыр журуу,
фаршты аралаштыруу ж.б. үчүн колдонуңуз.
Камырдын кургак ингредиенттерин «1-2»
ылдам дыгында аралаштырып, камыр журуу
мезгилинде иштөө режимдердин которгучтун
(11) жардамы менен насадкалардын (1) айлануу
ылдамдыгын жогорулатсаңыз же азайтаңыз
болот.
Аралаштыруу үчүн насадкасы (2)
Насадканы (2) картошка пюре катары нерселерди
жасоо үчүн колдонуңуз. Рекомендацияланган
иштөө режимдери – 1-ден 4-гө чейин.
Чалуу үчүн венчиги (3)
Венчигин (3) каймакты, жумуртка актарын чалуу,
пудинг, коктейль, крем, майонез, соустарды жасоо
үчүн, ошондой эле суюк азыктарды аралаштыруу
үчүн колдонуңуз. Рекомендацияланган иштөө
режимдери – 5-ден 6-га чейин.
Эскертүү:
Шайманды иштетүүнүн алдында насадкасы
туура орнотулуп, бекем бекитилгенин
текшерип туруңуз.
Токтоосуз иштөөнүн максималду мөөнөтү
5 минутадан ашпоо зарыл. Ашкана аспабын
30-35 минутадан кем эмес мөөнөттөн кийин
гана кайра иштетиңиз.
АШКАНА АСПАБЫН КОЛДОНУУ
Насадкаларды орнотуунун алдында
мурун которгучу (11) «0» абалында болуп,
кубаттануучу сайгычы электр розеткасына
сайылбаганын текшерип алыңыз.
Баскычты (9) басып, мотор сапсалгысын
(8) үстүнкү абалында бекитилгенине чейин
жогорулатыңыз.
IM VT-1436.indd 21 03.07.2018 12:27:46

Содержание

67

Балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн шаймандарды туура колдонуу боюнча кеңештер. Шаймандарды сактоо, текшерүү жана колдонуу боюнча маанилүү маалыматтар.