Vitek VT-1190 [27/32] Кыргыз

Vitek VT-1190 [27/32] Кыргыз
27
КЫРГЫЗ
Сууну кайнатып турган мезгилинде
термопоттун капкагын ачып, сууну төгүүгө
тыюу салынат.
Сууну төккөндө шайманды айлантпаңыз.
Капкакты жапканда өтө көп күч салбаңыз.
Термопотту колдонгондо капкагы бекем
жабылганын текшерип алыңыз.
Буу чыгаруу тешиктердин үстүнөн
эңкейбей, аларга колуңузду келтирбеңиз,
бул күйүккө алып келүү мүмкүн. Буу
чыгаруу тешигин ар кандай буюмдар
менен жаппаңыз.
Термопоттун ысык беттерин тийбеңиз.
Ичинде кайнак суу бар термопотту
көтөргөндө этият болуңуз.
Капкакты ачуу баскычынан кармап
термопотту көтөрүп ташууга тыюу салынат.
Ысык сууну төккөндө этият болуңуз.
Термопоттун колбасынан калган ысык
сууну төккөндө капкагын алдын ала чечүү
рекомендацияланат.
Ток урбас үчүн термопотту, электр шнурун
жана кубаттуучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
Шайманды колдонбогондо жана таза-
лоонун алдында аны электр тармагынан
ажыратып туруңуз.
Термопотту идиш жууган аспапка
салбаңыз.
Шайманды узак мөөнөткө сактоого
койгондун алдында аны электр тармагынан
суруп, сууну төгүп, аспапты муздатып,
кургатып алыңыз.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз. Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
Иштеп турган шаймандын жанында
балдар же жөндөмдүүлүгү төмөн адамдар
бар болсо, өзгөчө көңүл буруңуздар.
Бул түзмөк дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү чектелген
(ошонун ичинде балдар да) адамдар же
колдонуу боюнча тажрыйбасы же билими
жок болгон адамдар, эгерде алардын
коопсуздугуна жооптууу адам аларды
көзөмөлдөп же инструкциялаган болбосо
колдонуу үчүн ылайыкташтырылбаган.
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
Эгер түзмөктүн тармактык шнуру же
сайгычы сынык болсо, ошондой эле
чайнек талапка ылайык иштебей жатса же
жерге түшүрүп алсаңыз, аны колдонбоңуз.
Электр шнурунда бузулуулар пайда болсо,
аны атайын шнурга же өндүрүүчүдөн же
тейлөө кызматынан алынган топтомго
алмаштырсаңыз болот.
Шайманды өз алдынча оңдоого тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же шайман
кулап түшкөн учурларда аны розет-
кадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Түзмөктү заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
Түзмөктү балдардын жана жөндөмдүүлүгү
чектелген адамдардын колу жетпеген
жерлерде сактаңыз.
ТҮЗМӨК ТУРАК ЖАЙЛАРДА ТУРМУШ-ТИРИ-
ЧИЛИКТЕ КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН,
КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ
ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Түзмөктү төмөнкү температурада
ташылган же сакталган болсо, бөлмөнүн
температурасында кеминде үч саат
кармап туруп, анан иштетүү керек.
Термопоттун ичинде суудан калган
тактар болушу мүмкүн бул нормалдуу
кубулуш, себеби түзмөк сапат контрол-
доодон өткөн.
Термопотту таңгактан чыгарып,
шаймандын иштөөсүнө тоскоолдук кылган
ар кандай чаптамаларды сыйрып алыңыз.
Түзмөктүн бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо түзмөктү колдонбоңуз.
Шаймандын электр чыңалуусу электр
тармагынын чыңалуусуна дал келерин
текшерип алыңыз.
Термопотту ал менен дубалдын арасында
20 см кем эмес аралык, үстү жагында
50 см кем эмес бош аралыкты калтырып
кургак тегиз беттин үстүнө орнотуңуз.
IM VT-1190.indd 27 11.04.2019 15:03:06

Похожие устройства

Скачать