Maxwell MW-3245 [18/20] Кыргыз
![Maxwell MW-3245 [18/20] Кыргыз](/views2/1860127/page18/bg12.png)
18
КЫРГЫЗ
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен
баштыктары же таңгактоочу пленка менен
ойноого уруксат бербеңиз. Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
• Электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын
абалын бузулуулар болбогонун мезгилдүү түрдө
текшерип туруңуз.
• Электр шнурунун, тармактык шнурдун айрысынын
бузулуулары бар болсо, түзмөк иштеп-иштебей
турса же кулап түшсө аны иштетүүгө тыюу
салынат.
• Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга жол
бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү, тейлөө кызмат
же аларга окшогон дасыккан кызматкерлер
алмаштырууга тийиш.
• Шайманды өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча ажыратпай, ар кыл
бузулуулар пайда болгон же шайман кулап түшкөн
учурларда аны розеткадан суруп, кепилдик
талонундагы же www.maxwell-products.ru
сайтындагы тизмесине кирген автордоштурулган
(ыйгарым укуктуу) тейлөө борборуна кайрылыңыз.
• Түзмөктү заводдук таңгагында гана транспорттоо
зарыл.
• Шайманды балдардын жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдардын колу жетпеген
жерлерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТТАРДА
КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН. ШАЙМАНДЫ
КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ
ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА
ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
• Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл
салгычтардын тикеден-тик жакынчылыгында
жана тез жалындап кетүүчү суюктуктар сакталган
жеринде чаң соргучу иштетпеңиз.
• Шайманды колдонуудан мурун анын бузулусуна
жол бербөө үчүн жерден учтуу нерселерди алып
салыңыз.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
– Шайманды таңгактан чыгарып, шаймандын
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
– Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо шайманды колдонбоңуз.
– Шайманды иштетүүнүн алдында электр
тармагындагы чыңалуусу шаймандын иштөө
чыңалуусуна ылайык болуп, которгучу (5) “0”
(шайман өчүрүлгөн) абалында болгонун
текшерип алыңыз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ КУРАШТЫРУУ
Тике чаң соргуч режимин колдонуу үчүн узарткыч
түтүкчөнү (3) туташтыруу үчүн. Ал үчүн тутканын (4)
үстү жагындагы бекитмени ачып, узарткыч түтүкчөнү
(3) тешикке чык эткенине чейин киргизиңиз, бул тутка
(3) бекитилгенин белгилейт (сүр. 1).
Кол чаң соргуч режимин колдонуу үчүн узарткыч
түтүкчөнү (3) ажыратуу зарыл. Ал үчүн туткадагы (4)
бекитмени ачып, узарткыч түтүкчөнү (3) туткадан (4)
чечүү үчүн тартыңыз (сүр. 2).
Щетка/саптамаларды орнотуу жана чечүү
Жер үчүн щетканы (9) чаң топтогуч контейнердин
колбасынын (8) асты жагындагы саптамалар үчүн
тешигине киргизиңиз. Щетканы чечүү үчүн аны чаң
соргучтун корпусунан ажыратып тартыңыз.
Ошондой эле кичи щетка (10) менен жылчык
саптамасы (11) орнотулат.
Кичи щетка (10) эмеректин жылмаяк беттери, китеп
же сүрөттөрдүн рамкалары ж.у.с. буюмдардан чаңды
кетирүү үчүн арналган. Ал жумшак эмерек, төшөк,
жаздык, парда ж.у.с. буюмдарды жакшылап тазалоо
үчүн ылайыкташтырылган.
Жылчык саптама (11) жер үчүн щеткага жетиштүү
эмес кездеменин бырыштарын, оюктарды, бурчтарды
же нишаларды тазалоо үчүн арналган.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Чаң соргучту орнотулган
чаң топтогуч контейнери (8) жана анын ичин-
де орнотулган НЕРА-чыпкасы (7) менен гана
иштетиңиз. Чаң соргучту иштетүүнүн алдында
милдеттүү түрдө НЕРА-чыпка (7) чаң топтогуч
контейнеринде (8) туура орнотулганын жана
которгуч (5) «О» (выкл.) абалында болгонун тек-
шерип туруңуз.
– Иштетүүнүн алдында электр шнурун (2) толугу
узундугуна тартып чыгарып, кубаттуучу сайгычын
электр розеткасына сайыңыз.
– Тармактык шнурду (2) тез чыгаруу үчүн үстү
жагындагы кармагычты (12) 90 градуска буруп,
тармактык шнурду (2) чечиңиз.
Эскертүү: Зарыл болсо, тармактык шнурунун (2)
узундугун аны кармагычтарга (12) түрүп жөндөтсө
болот.
– Чаң соргучту иштетүү үчүн которгучун (5) «I»
(иштетүү) абалына коюңуз.
– Имаратты жыйнап бүткөндө которгучту (5) «О»
(өчүрүлгөн) абалына коюп, чаң соргучту тик
абалына коюп, тармактык шнурдун сайгычын
электр розеткасынан ажыратыңыз.
– Тармактык шнурун (2) түрүү үчүн кармагычтарды
(12) колдонуңуз.
Эскертүү
Чаң соргуч термостат менен жабдылган, ал түзмөк
өтө ысып калганда аны өчүрөт. Андай болбой калса:
– Түзмөктү өчүрүп, сайгычын электр розеткасынан
ажыратыңыз.
– Түзмөк муздаганына убакыт бериңиз. Түзмөк
муздагандан кийин чыпкасын (7) текшерип,
тазалап алыңыз.
Содержание
- Mw 3245 1
- Пылесос 1
- Русский 3
- Русский 4
- Русский 5
- Данное изделие соответствует всем требуемым европейским и российским стандартам безопасности и гигиены 6
- Русский 6
- Срок службы устройства 3 года 6
- Утилизация 6
- English 7
- Do not repair the unit by yourself do not dis assemble the unit by yourself if any malfunc tion is detected or after it was dropped unplug the unit and contact any authorized service center from the contact address list given in the warranty certificate and on the website www maxwell products ru 8
- English 8
- English 9
- Қазақша 10
- Кішкене қылшақ 10 жиһаздың тегіс беттерінен кітаптардан немесе сурет жақтаулары сияқты сынғыш заттардан және т б шаңды кетіруге арналған ол жұмсақ жиһаздарды матрастар ды жастықтарды перделерді және т б мұқият тазартуға жарамды 11
- Назар аударыңыз шаңсорғышты оған нера сүзгісі 7 орнатылған шаң жинағыш контейнерді 8 орнатып қана қосуға болады шаңсорғышты қоспас бұрын шаң жинағыш контейнердегі 8 нера сүзгісінің 7 дұрыс орнатылғанын тексеріңіз сондай ақ ауыстырғыш 5 күйінде о сөнд тұрғанына көз жеткізіңіз 11
- Қазақша 11
- Қол шаңсорғышы режимінде пайдалану үшін ұзартқыш түтікті 3 ажыратып тастау қажет бұл үшін сабындағы ысырманы 4 ашыңыз оны сабы нан 4 шығару үшін ұзартқыш түтікті 3 тартыңыз сур 2 11
- Қазақша 12
- Для зниження ризику ураження елек тричним струмом не використовуйте пилосос поза приміщеннями та на воло гих поверхнях 13
- Перед використанням пристрою уважно про читайте керівництво з експлуатації та збері гайте його протягом усього терміну експлуа тації використовуйте пристрій тільки за його прямим призначенням як викладено у цьому керівництві 13
- Україньский 13
- Україньский 14
- Україньский 15
- Україньский 16
- Кыргыз 17
- Сактаңыз 17
- Шайман иштеп турганда же иштөө циклдердин арасында аны балдар жетпеген жерде 17
- Баштыктары же таңгактоочу пленка менен ойноого уруксат бербеңиз бул тумчугуунун коркунучун жаратат 18
- Кыргыз 18
- Көңүл буруңуз балдарга полиэтилен 18
- Көңүл буруңуз чаң соргучту орнотулган чаң топтогуч контейнери 8 жана анын ичин де орнотулган нера чыпкасы 7 менен гана иштетиңиз чаң соргучту иштетүүнүн алдында милдеттүү түрдө нера чыпка 7 чаң топтогуч контейнеринде 8 туура орнотулганын жана которгуч 5 о выкл абалында болгонун тек шерип туруңуз 18
- Кыргыз 19
Похожие устройства
- Zelmer ZIR0500 Инструкция по эксплуатации
- Zelmer ZIR1515 Инструкция по эксплуатации
- Zelmer ZIR1505 Инструкция по эксплуатации
- Zelmer ZIR3200 Инструкция по эксплуатации
- Rowenta Ultimate Experience Maestria CV9920F0 Инструкция по эксплуатации
- Tefal EASYGLISS 2 FV5770E0 Инструкция по эксплуатации
- Tefal EASYGLISS 2 FV5772E0 Инструкция по эксплуатации
- Caso WineExclusive 38 Smart Инструкция по эксплуатации
- Steba EK 7 Инструкция по эксплуатации
- Remington D5901 Инструкция по эксплуатации
- Remington S5901 Инструкция по эксплуатации
- Remington CI5901 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8289 Инструкция по эксплуатации
- Zelmer ZMM9801B Инструкция по эксплуатации
- Zelmer ZMM9802B Инструкция по эксплуатации
- Kitfort КТ-990 Инструкция по эксплуатации
- Airgle AG25 Инструкция по эксплуатации
- Airgle AG300 Инструкция по эксплуатации
- Midea MHU 3024MW Инструкция по эксплуатации
- Midea MHU 3025BE Инструкция по эксплуатации
Скачать
Случайные обсуждения