Centek CT-1524 Инструкция по эксплуатации онлайн [10/16] 744241

Centek CT-1524 Инструкция по эксплуатации онлайн [10/16] 744241
10
кыскычтарды көбүкчөлөр толугу менен жок болгонго чейин бекемдеңиз. Эгер сиз газдын
агып кетүү чыккан жерин таап алсаңыз, анда биринчи кезекте баллондогу газ менен
камсыздоочу клапанды жабыңыз.
УНУТПАҢЫЗ: меш менен колдонгон учурда эң көп учураган кырсыктар-бул күйүк! Адатта
пайда болгон учурлар:
- мештин ысык бөлүктөрүнө тийгенде;
- кайнап жаткан суюктуктар чачырап кеткенде;
- мештин бетинен идиш оодарылып кеткенде.
2. ШАЙМАНДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Корпус. 2. Мештин бети. 3. Башкаруу кармагыч. 4. Торчо. 5. Эмаль күйгүзгүч. 6. Жасалма
алюминий күйгүзгүч.
3. ТОЛУКТУК
1. Меш - 1 даана. 2. Алмаштырылуучу тиркеме 0,7 мм - 2 даана. 3. Торчо - 1 даана. 4.
Жасалма алюминий күйгүзгүч - 2 даана. 5. Эмаль күйгүзгүч - 2 даана. КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ:
диаметри 0,56 болгон сопло орнотулган болот. Бириктирүүчү шланга менен моюнтурук
топтомдо келбейт.
4. ИШТӨӨ ТАРТИБИ
ИШТӨӨГӨ ДАЯРДАНУУ. ОРНОТУУ
МААНИЛҮҮ: меш түтүн чыгаруучу түтүк бутагына туташтырылбайт. Туура жана коопсуз
иштеш үчүн, мешти колдонуш үчүн колдонмодогу көрсөтмөлөргө ылайык, жакшы желде-
тилген бөлмөдө орнотуп, сиздин аймактын коопсуздугун жана техникалык талаптарын
эске алыш керек.
- Мешти ашкана эмеректеринин жалтыратылган бетине, же тез күйүүчү заттар менен
жабылган (кездеме, желим, кагаз ж.б.) жерге орнотууга тыюу салынат. Мештин жа-
нындагы эмеректер, ошондой эле ашкана сүлгүлөр, пардалар ж.б. күйүп кетпеш үчүн,
коопсуз аралыкта болуш керек.
- Меш дубалдан кеминде 60 мм алыстыкта турушу керек. Мештин аркасындагы дубал
отко чыдамдуу материал менен капталган болушу керек. Мештин капталдагы четинен
эмеректердин каптал вертикалдуу дубалдарына чейинки минималдуу аралык (оң же
сол) - 200 мм. Мештен дубалдагы шкафтарга чейинки минималдуу аралык - 850 мм.
ТУТАШТЫРУУ
Туташтыруудан мурун, жергиликтүү туташуу шарттары (газдын түрү жана басымы) меш-
тин орнотулушуна дал келгенин текшерип көрүңүз.
- Мешти газ баллонго туташтырууда, газ басымын жөндөөчүнү (редуктор) колдонуш
керек.
- Басым жөндөөчү жана баллон жеткирүү топтомго кирбейт жана соода тармагы ар-
кылуу өзүнчө сатылып алынат.
- Мешти учурдагы эрежелерге ылайык туруктуу байланыш аркылуу же ийкемдүү бирик-
тирүүчү шланга аркылуу туташтырса болот.
- Эгерде жаратылыш газдын басымы уруксат берилген нормадан (25 мбар) ашып кетсе,
анда жеткирүүчү тармакка редуктор орнотулушу керек, бул кысымды белгиленген
мааниге чейин төмөндөтөт.
- Күйгүзүүдөн мурун, башкаруу кармагычы нөлдүк кызматта тургандыгын текшериңиз.
- Күйгүзүүдөн мурун күйгүзгүчтөрдүн иштөөсүн текшерип алыңыз. Күйгүзгүчтөрдүн жа-
лыны тегиз, ашыкча эмес жана бөлөк-бөлөк эмес болушу керек.
ШЛАНГАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТУТАШТЫРУУ
Мешти туташтырууда жана орнотууда төмөнкү эрежелерди сакташ керек:
- шланганы текшериш үчүн, анын бардык узундугу жеткиликтүү болуш керек;
- шланга эч нерсе менен кысылбашы керек, катуу ийилбеши керек жана созулуу күчүн
сезбеши керек;
- шланганын узундугу 1,5 метрден кем болбош керек;
- эгер шланганын бузулуулары бар болсо, аны толугу менен алмаштырыш керек, оңдоо
кабыл алынгыс.
Бириктирүүлөрдүн тыгыздыгын текшерүүгө жана ширенкенин же башка ачык жалындын
жардамы менен газдын агып кетишин издөөгө тыюу салынат!
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: потенциалды бириктирүүчү тутумдун талаптарына жооп бербеген има-
раттардагы мешти газ тармагына туташтырганда атайын изолятордук же электр өткөрбөс
газ түтүктү колдонуш керек.
5. ШАЙМАНГА КАМ КӨРҮҮ
Мешти таза кармаңыз. Таза меш узак убакытка чейин кызмат кылат, анын үстүнө бышы-
руу жагымдуу.
- Мештин эмалданган беттерин жумшак ашкана губка менен, идиш-аяк үчүн жуугуч ка-
ражат менен, жылуу суу менен жуу жана кездеме менен сүртүү сунушталат. Маалымат
белгилери коюлган мештин туткаларын тазалаганда айрыкча назик болуңуз.
- Кир болгон жерлерин кетириш үчүн металл жышкычты же бычакты колдонбоңуз. Жа-
бышып калган такты алдын-ала жибитип коюңуз.
- Абразивдүү порошокторду, жана ошондой эле, мештин бетин келтирилгис бузуп, жазуу-
ларды алып салышы мүмкүн болгон эриткич жана башка агрессивдүү заттар кошулган
каражаттарды колдонбоңуз.
- Күйгүзгүчтөрдү тазалаш үчүн же мештин корпусун жууш үчүн, күйгүзгүчтөрдү алып
салуу ыңгайлуу.
- Күйгүзгүчтөрдүн эмалданган капкактарын жана столдун торчосун металл жышкыч же
кездеме менен, майда абразивдүү жуугуч каражат кошуп, абайлап жууп салса болот.
- Мешти буу менен тазалоо каралган эмес.
БӨЛМӨДӨГҮ ЖЕЛДЕТҮҮ ТАЛАПТАРЫ
Күйүү процессти камсыз кылыш үчүн дайыма кычкылтек менен камсыз кылуу талап
кылынат. Мындан тышкары,
кооптуу куйбөгөн газдардын
топтолушун жокко чыгаруу
жана күйүү азыктарын ке-
тирүү үчүн шарттарды түзүү
талап кылынат. Бул үчүн
атайын желдетүүчү шай-
мандар колдонулат, бөлмө
чыгуучу желдетүүчү канал
менен жабдылган. Эгерде
шайман колдонулган бөлмөдө андай шаймандар/түтүн чыгаруучу түтүктөр жок болсо,
анда төмөндөгү талаптарга ылайык өзүнчө желдетүү тешиги түрүндө кошумча жел-
детүүнү камсыз кылуу талап кылынат (жыртыктын ролун эшик же терезе ойной алат,
бирок алар кирген жай сыртка (көчөгө) чыгышы керек жана кычкылтектин агышы жана
газдарды жана күйүү азыктарын кетирүү үчүн жогоруда айтылган функцияларды кам-
сыз кылыш керек).
Абанын кириши меш беттердин 1 кВт күчтүүлүгү үчүн кеминде
3
/саат болушу керек.
Ошондой эле желдетүү тешигин эсептөө ыңгайлуулугу үчүн, төмөнкү таблицаны колдон-
соңуз болот.
6. ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
- Эмалданган күйгүзгүч менен торчо.
- Жасалма алюминий күйгүзгүч.
- Газ деңгээлин жөндөө.
- Жаратылыш (магистраль) газ менен иштөө үчүн алмаштырыла турган чогултулган
тиркеме (4 даана).
- Меш, орнотууга жараша, суюлтулган СПБТ (пропан-бутан) басымы 3000 Па (0,03 бар)
же 2000 Па (0,02 бар) басымы бар G20 жаратылыш газы менен иштей алат.
- Мешти газдын башка түрүнө өткөрүү газ мештерди тейлөөгө лицензиясы бар кызматтар
тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
- Меш таблицага ылайык клапандардын оттугунун учтарын жана аз агымдуу бурамала-
рын (ВМР) алмаштыруу менен кайрадан коконфигурацияланат.
БӨЛМӨНҮН ӨЛЧӨМҮ ЖЕЛДЕТҮҮ ТЕШИГИНИН
ӨЛЧӨМҮ
5 м
3
ден кем мүн. 100 см
2
5 м
3
дөн 10 м гечейин мүн. 50 см
2
10 м
3
ден көп кереги жок
жер алдындагы бөлмө мүн. 65 см
2

Содержание

Скачать
Случайные обсуждения