Coolfort CF-3000 [19/24] Кыргыз

Coolfort CF-3000 [19/24] Кыргыз
19
КЫРГЫЗ
Чаң соргучту сактоо/аккумулятор батареясын кубат-
тандыруу жайын таңдап, ошол жайында дубалдагы
кармагычты (16) шуруптун жардамы менен бекитип
алыңыз.
•
Кармагычты (16) бекитүү үчүн чаптамаларды
колдонуңуз. Ал орнотулган бийиктиги чаң соргучтун
бийиктигине ылайык болгонуна ынаныңыз, себеби
азыктандыруу сапсалгысынын шнуру салаңдап тур-
ганы болбойт).
•
Чаң соргучту кармагычына (16) орнотуңуз
•
Азыктандыруу сапсалгысынын кошуу шнурун (17)
аккумулятор батареянын (11) уясына сайыңыз.
Аккумулятордук батареясын кубаттандыруу
Чаң соргучту биринчи колдонуунун алдында же көпкө
чейин колдонбогондон кийин аккумулятор батареяны (11)
4-5 сааттын ичинде кубаттандыруу зарыл.
Аккумулятор батареянын (11) толугу кубатын чаң сор-
гучтун максималдуу кубаттуулугунда 20 минут токтоосуз
иштетүүгө же төмөн кубаттуулугунда чамалуу 35 минут
иштетүүгө жетет.
•
Чаң соргучту кубаттандыруу үчүн дубалдагы карма-
гычына (16) орнотуп, азыктандыруу сапсалгысынын
кошуу шнурунун (17) сайгычын чаң соргучтун акку-
мулятор батареясынын уясына сайып, азыктады-
руу сапсалгысын (17) электр тармагына сайыңыз,
ошондо иштетүү/кубаттандыруу индикаторунун (3)
сызыктары күйүп, аккумулятор батареянын кубаты-
нын деңгээли индикатордун (3) жарык сызыктары
менен көрсөтүлөт.
•
Аккумулятор батареянын (11) кубаттандыруу цикли
бүткөндөн кийин индикатордун (3) төрт сызыгы күйүп
турат.
Эскертүү:
Аккумулятор батареяны (11) +5° C-тан +35° C-ка
чейин температурасында кубаттандырыңыз.
Түзмөктү бир айдын ичинде же андан көп
колдонбосоңуз, чаң соргучту колдонуунун алдында
аккумулятор батареяны (11) толугу менен кубат-
тандырып алыңыз.
Узарткыч түтүкчөсү менен саптамаларын орнотуу
•
Узарткыч түтүкчөнү (5) чаң соргучтун аба алуу-
чу тешигине бекитмеси (4) тырс эткенине чейин
киргизиңиз.
•
Керектүү саптаманы: мотордоштурулган турбо-щетка-
ны (7), жылчык саптаманы (18) таңдап, аны узарткыч
түтүкчөгө (5) орнотуңуз (сүр. 3).
Эскертүү:
Зарыл болсо, мотордоштурулган турбо-щетканы
(7), жылчык саптаманы (18) узарткыч түтүкчөнү (5)
колдонбой, аба алуучу тешигине туташтырсаңыз
болот.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган турбо-щетка (7)
Мотордоштурулган турбо-щетканы (7) жерди, түгү орточо
же кыска болгон килемдерди тазалоого колдонсоңуз
болот, щетка (7) жаныбарлардын жүнүн килемден таза-
лоого идеалдуу ылайык болот. Кылдуу валиги анын
ичиндеги электр мотордун жардамы менен айланат,
валиктин кылы жаныбарлардын жүнүн килемдин түгүнөн
эффективдүү «тарап чыгарып», таштандыларды «шыпы-
рып чыгарат».
Эскертүү:
Килемдердин түгү 15 мм-ден узун болгондо мотор-
доштурулган турбо-щетканы (7) колдонуугу тыюу
салынат.
Щетканы (7) электр шнурлардын үстүнөн
өткөзбөңүз.
Щетканы (7) колдонуп имаратты жыйнап бүткөндөн
кийин чаң соргучту токтоосуз өчүрүңүз.
1-де-2 жылчык саптама (18)
Саптаманын (18) эки опциясы бар. Жылчык саптама
режими радиаторлорду, жарыктарды, бурчтарды же
дивандын жаздыктарынын арасын тазалоо үчүн арнал-
ган. Жумшак эмеректи же автомобильдин салонун таза-
лоо үчүн щетка режимин колдонуу кеңештелет, ал үчүн
баскычты басып, кылын чыгарыңыз.
LED-дисплей (13)
Дисплейде иштөөтүн, ылдамдыктын белгилери жана
кубаттын проценти көрсөтүлөт.
белги батареянын кубатынын процентин көрсөтөт.
1-чи, 2-чи ылдамдыктардын белгилери.
батареянын өтө ысыганын белгиси: температура
75 градустан ашпаганы зарыл. Нормалдуу темпе-
ратурасына чейин муздаганда кайрадан иштетил-
се болот.
чаң топтогуч контейнери (9) толгондун белгиси.
Контенер менен чыпкаларын (14 жана 15) чаңдан
тазалаңыз.
жер үчүн щетканын (7) айлануусу токсмолонгондун
белгиси. Чач, жип жана башка айланууга тоскоол-
дук кылган кирди кетириңиз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
Көңүл буруңуз! Чаң соргучту орнотулган чаң топто-
гуч контейнери (9) жана анын ичинде орнотулган чып-
калары (14, 15) менен гана иштетиңиз. Чаң топтогуч
контейнердин (9) туура кураштырылып орнотулганын
милдеттүү түрдө текшериңиз.
•
Чаң соргучту ыңгайлуу сактоо үчүн дубалдагы карма-
гычты (16) колдонуңуз.
•
Чаң соргучту иштетүү же көтөрүү мезгилинде аны тут-
кадан (12) кармаңыз.
•
Чаң соргучту иштетүү үчүн иштетүү/өчүрүү баскычты
(1) « » басыңыз, чаң соргуч төмөн кубаттуулугунда
иштеп баштайт, ошондо иштетүү/кубаттандыруунун
индикаторунда (3) төрт сызыгы күйүп, ал эми дис-
плейде (13) электр кубатынын проценти көрсөтүлөт.
•
Чаң соргуч иштеп турган учурунда сиз (2) « »
баскычын басып чаң соргучтун иштөө режимдерин
таңдасаңыз болот. Чаң соргучтун үч иштөө режим-
дери бар:
төмөн кубаттуулугунда иштегенде иштөө мөөнөтү
чамалуу 35 минут болот.
чаң соргуч максималдуу кубаттуугунда иштегенде
аккумулятор батареянын (11) кубаты 20 минут ток-
тоосуз иштетүүгө жетет;
•
Иштетүү убагында индикатордун (3) сызыктардын
саны аккумулятор батареянын кубатынын деңгээлин
көрсөтөт:
1 сызыгы 25% чейин;
2 сызыгы 50% чейин;
3 сызыгы 75% чейин;
4 сызыгы 100% чейин.
•
Чаң соргучту көтөрүү үчүн туткасын (12) колдонуңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Көңүл буруңуз! Чаң топтогуч контейнердин
(9), тор чыпканын (14) жана НЕРА-чыпканын (15)
тазалыгын сактаңыз, себеби бул чаң соргучтун
эффективдүүлүгүнө байланыштуу.
Чаң менен таштандыларды чаң топтогуч контейнерден
(9) чаң соргучту ар колдонуудан кийин төгүп, чаң топтогуч
контейнерин (9), тор чыпканы (14) жана НЕРА-чыпканы
(15) мезгил-мезгили менен тазалап туруңуз.

Содержание

Похожие устройства