Coolfort CF-3000 [20/24] Кыргыз

Coolfort CF-3000 [20/24] Кыргыз
20
КЫРГЫЗ
Чаң топтогуч контейнерин (9) тазалоо
•
Чаң топтогуч контейнердин бекитме баскычын (8)
басып, чаң топтогуч контейнерин (9) чечиңиз (сүр. 6).
Үстүнкү капкагын чечиңиз (сүр. 7 менен 8). Чыпка (15)
менен тор чыпкасын (14) таза сууга жууңуз (сүр. 9).
Чыпкаларды (14 менен 15) абада кургатыңыз (сүр. 10).
Алар кургагандан кийин аларды кураштаырыңыз
(сүр. 11). Чыпкаларды (14 менен 15) кайрадан чаң топ-
тогуч контейнерине (9) орнотуңуз (сүр. 12) да аны саат
жебесинин багыты боюнча бурап бекитиңиз (сүр. 13).
Эскертүү:
Болгон чечилме бөлүктөрүн кургатуу үчүн ысыту-
учу аспаптарды, анын ичинде фенди да, колдонууга
тыюу салынат.
Чаң топтогуч контейнерди (9) кураштыруунун
жана ордуна орнотуунун алдында болгон чечилме
бөлүктөрү таза жана кургак болгонун текшерип
алыңыз.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган
турбо-щетканы (7) тазалоо
Щетканын (7) тазалыгын сактап, кирделгенинде щетканы
(7) чечип, кылдуу валигин тазалап туруңуз.
•
Бекитме баскычын (6) басып, электр щетканы (7)
узарткыч түтүкчөдөн (5) чечиңиз.
•
Айланган щетканын валигинин бекитмесин сыртка
жылдырыңыз.
•
Кылдуу валикти чыгарып, анын үстүнө оролуп калган
жип менен чачты кетириңиз.
•
Щетканын (7) корпусунун ички менен тышкы бетин
чаң менен таштандылардан тазалап алыңыз.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган
турбо-щетканы (7) кураштыруу
•
Валиктин оң жагын корпустун ичине орнотуңуз.
•
Валиктин сол жагын ордуна орнотуңуз. Айлануу щет-
канын валиктин бекитмесин толугу менен киргизиңиз.
•
Валик бекем бектитилгенин текшерип алыңыз.
Чаң соргучтун корпусун тазалоо
•
Чаң соргучтун корпусун бир аз нымдуу жумшак
чүпүрөк менен сүртүп, кургатып сүртүп туруңуз.
•
Чаң соргучтун корпусун, щеткасын (7), аккумулятор
батареясы (11) менен азыктандыруу сапсалгысын
(17) сууга же башка суюктуктарга салууга тыюу салы-
нат. Чаң соргучтун корпусу менен щетканын (7) ичине
суу куюлганына жол бербеңиз.
•
Чаң соргучтун корпусу менен болгон бөлүктөрүн таза-
лоо үчүн эриткичтерди же абразивдүү жуучу каражат-
тарды колдонууга тыюу салынат.
САКТОО
•
Чаң соргучту узак убакытка сактоого алып салуудан
мурда анын корпусун, чаң топтогуч контейнери (9)
менен электр щеткасын (7) тазалап алыңыз.
•
Чаң соргучту көпкө чейин сактоонун же утилиза-
циялоонун алдында аккумулятор батареясын (11)
чыгарыңыз, бекитүү шурупту бурап чечип, аккумуля-
тор батареянын (11) бекитмелерин басыңыз.
•
Түзмоктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чектелген
адамдар колу жетпеген жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Чаң соргуч (чаң топтогуч контейнери
орнотулган) 1 даана.
Узарткыч түтүкчө 1 даана.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган
турбо-щетка – 1 даана.
1-де-2 жылчык саптама – 1 даана.
Чаң соргучтун дубалдагы кармагычы
(анын ичинде 4 дюбелден турган топтому) – 1 даана.
Азыктандыруу сапсалгысы – 1 даана.
Колдонуу нускамасы – 1 даана.
Кепилдик талону 1 даана
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Чаң соргуч
Электр азыктандыруу: Аккумулятор батареясы
Li-ion 22,2 В 2200 мАс
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 135 Вт
Кириш чыңалуусу: 26 В 0,5 А
Сиңирүүнүн кубаттуулугу: 10 кПа чейин
Аккумуляторду: кубаттандыруу мөөнөтү 5 саат
Щётка
Электр азыктандыруу: 22,2 В
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 15 Вт
Азыктандыруу сапсалгысы
Электр азыктандыруу: 100-240 В ~ 50/60 Гц 0,4 А
Чыгуучу чыңалуусу: 26 В 0,5 А 13,0 Вт
Кесүү жадыбал: CZH013260050EUWH
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман менен
азыктандыруучу элементтердин (эгерде топтомго кирсе)
кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин турмуш-тиричилик
калдыктары менен бирге таштабаңыз, шайман менен
азыктандыруучу элементти андан ары утилизациялоо
үчүн адистештирлиген пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон калдык-
тарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң белгиленген
жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча маа-
лымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, турмуш-тирчилик
калдыктарды утилизациялоо кызматына же бул шайман-
ды алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө принципте-
рине таасир этпеген дизайнин, конструкциясын жана
техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскертпей
өзгөртүү укугун сактайт, ошол себептен шайман
менен колдонмонун арзыбаган айырмалар болуу мүмкүн.
Колдонуучу ушундай келишпегендиктерди тапса, ал
жөнүндө info@coolfort.ru электрондук почтасына жазып,
шаймандын жаңырланган версиясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү үч жылдан кем эмес.
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалыматтар
буюмду саткан сатуучудан алууга болот. Кепилдик шарт-
тарына ылайык талап кылып сатылган товарга чек же
дүмүрчөктү көрсөтүү керек.

Содержание

Похожие устройства