Vitek Блендерный набор [30/36] Кыргыз

Vitek Блендерный набор [30/36] Кыргыз
30
КЫРГЫЗ
БЛЕНДЕР ТОПТОМУ VT-3409
Блендер топтом катары сатылып, суюк жана катуу
азыктарды чалуу, аралаштыруу, майдалатуу жана
кошуп иштетүү үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1. Чечилме блендер насадкасы
2. Мотор сапсалгысы
3. Иштетүү баскычы
4. Саптамаларды орнотуу жайы
5. Майдалаткычтын редуктор капкагы
6. Майдалаткычтын табагы
7. Майдалатуучу бычак
8. Венчик насадкасынын редуктору
9. Венчик насадкасы
10. Чыны
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
номиналдуу иштеткен тогу 30 мА ашырбаган
коргоп өчүрүүчү аспабын орнотулушу максатка
ылайыктуу. Аспапты орнотулуу үчүн адиске
кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Блендер топтомду пайдалануудан мурда
ушул колдонмону көңүл коюп окуп-
үйрөнуп, аны маалымат катары сактап
алыңыз. Блендер топтомун тике дайындоо
боюнча гана, ушул колдонмодо жазылганга
ылайыктуу колдонуңуз.
Түзмөктү туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши
мүмкүн.
Шайманды электр тармагына туташтыруудан
мурун чыңалуусу үйүңүздөгү электр тармагынын
чыңалуусуна ылайык болгонун текшерип
алыңыз.
Түзмөктү имараттардын сыртында колдонууга
тыюу салынат.
Түзмөктү ысык беттердин (газ же электр
плитасы, демдеме меш катары) жанында
колдонбоңуз.
Тармактык шнуру ысык нерселерди жана
эмеректин учтуу кырларын тийип турганына
жол бербеңиз.
Мотор сапсалгысынын корпусун, тармактык
шнурун жана айрысын суу колуңуз менен
тийбеңиз.
Ток урбас же өрт чыкпас үчүн шаймандын
корпусун, тармактык шнурун жана сайгычын
сууга же башка суюктуктарга салбаңыз.
Түзмөк сууга түшүп калса:
сууга тийбеңиз;
токтоосуз кубаттуучу сайгычты розет кадан
суруп, андан кийин гана түзмөктү суудан
чыгарсаңыз болот;
түзмөктү текшерүү жана оңдотуу үчүн
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Түзмөктү биринчи колдонуудан мурун болгон
азыктарга тийе турган чечилме саптамалын
жана идиштерин жакшылап жууп алыңыз.
Топтомуна кирген саптамаларын гана
колдонуңуз.
Шайманды колдонгондон мурун саптамалары
туура орнотулуп, бекем бекитилгенин текшерип
алыңыз.
Саптамалар жана ишетиле турган азыктары
жок түзмөктү иштетүүгө тыюу салынат.
Электр тармагына кошулган түзмөктү эч качан
кароосуз калтырбаңыз.
Саптамаларды алмаштыргандан мурун же
колдонгондон кийин ар дайым шайманды
электр тармагынан суруңуз.
Майдалаткычтын табагын тегиз туруктуу
беттин үстүнө орнотуңуз.
Азыктарды майдалаткычтын идишине
шайманды иштеткенден мурун салыңыз.
Ысык азыктарды өлчөмдүү чынысына же
майдалаткычтын табагына салуудан мурун
муздатуу зарыл.
Майдалаткычтын табагын азыктар менен
ашыра толтурбай, куюлган суюктуктардын
деңгээлин байкап туруңуз.
Майдалаткычты иштеткенде майдалатуучу
бычагынын айлануусуна тоскоолдук пайда
болсо, түзмөктү электр тармагынан ажыратып,
бычактын айлануусуна тоскоолдук кылган
азыктарды абайлап чыгарып алыңыз.
Бычак толугу менен токтогондон кийин гана
азыктарды чыгарсаңыз жана суюктуктарды
төксөңүз болот.
Чоппердин майдалатуу бычагынын жана
блендер саптамасынын бычагынын кесүүчү
кырлары абдан учтуу болуп, коопсуздукка
коркунучту жаратат. Саптамаларды абайлап
колдонуңуз!
Түзмөктүн айланып турган бөлүктөрүн
тийбеңиз. Чачыңыз же кийимдин салаңдап
турган элементтери блендер саптаманын
бычагына же венчиги айлануучу аймагына
түшпөсүн.

Содержание

Скачать