Vitek VT-4281 [59/80] Кыргыз

Vitek VT-4281 [59/80] Кыргыз
59
КЫРГЫЗ
Иштөө камерасында жана табактын (7)
түбүндө башка буюмдар, кир же нымдуулук
жок болгонун текшерип алыңыз.
Колдонуунун алдында табактын (7) тышкы
бети менен түбүн кургатып сүртүңүз.
Ысытуу элементтин ортосунда
температура билгизгичи жайгашкан.
Билгизгичтин бош жылуусуна эч нерсе
тоскоолдук кылбаганын текшерип туруңуз.
Табактагы (7) ингредиенттердин көлөмү
суюктугу менен максималдуу деңгээлдин
белгисинен ашпай, минималду деңгээлдин
белгисинен төмөн болбогонун байкап
туруңуз.
«КҮРҮЧ» (14) программасы
«CUP» шкаласы убаланма күрүчтү бышырууну
мүмкүн кылат. Күрүчтүн керектүү көлөмүн
өлчөмдүү чынысы (25) менен ченеп, жууп,
табакка (7) салыңыз. Күрүч менен чынылардын
санына ылайык болгон белгисине чейин сууну
куюңуз. Мисалы, төрт өлчөмдүү чыны күрүчтү
салсаңыз, сууну «CUP» шкаласы боюнча «4»
белгисине чейин куюңуз.
Эскертүү:
өлчөмдүү чынынын (25) көлөмү 180 мл-ге
жакынды түзөт;
даяр күрүчтүн даамы күрүчтүн
түрүнөн жана куюлган суунун көлөмүнө
байланыштуу;
убаланма күрүчтү бышыруу үчүн суудан
көбүрөөк куюңуз;
катуураак күрүчтү бышыруу үчүн суудан
азыраак куюңуз;
жакканыңызга карата күрүчтүн түрлөрү
жана суунун көлөмүн тажрыйба аркылуу
таңдаганыңыз мүмкүн;
күрүчтү бышырып баштагандын алдында
май же ар кыл татымалдарды кошсоңуз
болот.
Жуулган күрүчтү табака (7) салыңыз.
Табакты (7) мультибышыргычтын иштөө
камерасына коюңуз. Табактын (7) сырты
таза жана кургак болуп, табактын (7) өзү
кыйшыксыз орнотулуп, ысытуу элементтин
бетин тикеден-тике тийгенин текшерип
алыңыз.
Капкакты (6) бекитмеси тырс эткенине чейин
жабыңыз.
Электр шнурунун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз. Үн белгиси чыгып,
дисплейде (3) уйку режимдин «- - - белги-
лери пайда болот.
«КҮРҮЧ» бышыруу программанын баскычын
(14) басыңыз, ошондо баскычтын (14)
жарыгы үлпүлдөп күйүп баштайт.
При необходимости нажмите кнопку (24)
«ОТЛОЖЕННЫЙ СТАРТ», кнопками
(16 17) установите необходимое время
отсрочки начала приготовления (см. таблицу
«ПРОГРАММЫ ПРИГОТОВЛЕНИЯ»).
Эскертүү: - «СТАРТТЫ КИЙИНКИГЕ
КАЛТЫРУУ» программасы иштетилгенде
мультибышыргыч иштегенден кийин
дисплейде (3) стартты кийинкиге калтыруу
мөөнөтүнүн цифралуу белгилери көрсөтүлүп,
кийинкиге калтыруу мөөнөтү бүткөндөн
кийин «КҮРҮЧ» бышыруу программасы
иштетилет.
(10) «СТАРТ/СТОП» баскычын басып,
«КҮРҮЧ» бышыруу программасын
иштетиңиз, ошондо «КҮРҮЧ» (14) баскычтын
жарыгы түрүктүү түрдө күйөт.
«КҮРҮЧ» программасы иштеп турган учурда
дисплейде (3) айланып турган «-» белгилери
көрсөтүлүп, керектүү темературага
жеткенде дисплейде (3) программа
иштеп бүткөнүнө чейин калган мөөнөттүн
цифралуу белгилери көрсөтүлөт.
Күрүчтү бышыруу убагында буу клапандын
(5) тешиктеринен ысык буу чыгып турат,
күйүк болбоо үчүн этият болуңуз.
«КҮРҮЧ» бышыруу программасы
бүткөндөн кийин үн белгилери чыгып,
мультибышыргыч температураны сактоо
режимине өтүп, (11) «ТЕМПЕРАТУРАНЫ
САКТОО» баскычтын жарыгы күйүп,
дисплейде (3) температураны сактоо
режими иштеп турган мөөнөттүн цифралуу
белгилери көрсөтүлөт.
Даяр күрүч ысык болуп турганын
кааласаңыз, мультибышыргычты өчүрбөй,
кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
чыгарбаңыз.
Эскертүү: - даяр күрүчтүн даам сыпаты
өзгөрбөс үчүн температураны сактоо
режимин узак мөөнөткө иштетүү
рекомендацияланбайт.
(10) «СТАРТ/СТОП» баскычын басыңыз,
мультибышыргыч уйку режимине өтүп,
дисплейде (3) «- - - белгилери пайда болот,
кубаттуучу сайгычын розеткадан
ажыратыңыз.
Баскычты (4) басып, мультибышыргычтын
капкагын (6) өйдө тарабына ачыңыз, чыгып
турган буудан күйүк алуудан этият болуңуз.
IM VT-4281.indd 59 26.12.2017 11:35:46

Содержание