Vitek VT-4281 [66/80] Кыргыз

Vitek VT-4281 [66/80] Кыргыз
66
КЫРГЫЗ
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
ажыратып, шайманды муздатыңыз.
Буу клапандын (5) панжарасын саат
жебесинин багыты боюнча бурап, чечиңиз.
Буу клапандын панжарасын жууп, саат
жебесинин багытына каршы бурап ордуна
орнотуңуз.
Корпус (1) менен капкагын (6) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
Болгон чечилме бөлүктөрүн нейтралдуу
жуучу каражат менен жумшак сүлгү менен
жууп, аккан суунун астында чайкап алыңыз.
Табакты (7) идиш жуучу аспапка салууга
тыюу салынат.
Ысытуу элементинин бетин (муздаган
боюнда гана) жумшак кургак чүпүрөк
менен сүртүңүз, шаймандын корпусунун
ичине нымдуулук кирүүгө эч качан жол
бербеңиз.
Мультибышыргычтын корпусун, электр
шнурун жана кубаттануучу сайгычын сууга
же башка суюктуктарга салбаңыз.
Мультибышыргыч менен аксессуарларын
тазалоо үчүн абразивдүү же агрессивдүүү
жуучу каражат менен эриткичтерди
колдонбоңуз.
САКТОО
Шайманды өчүрүп, тазалап алыңыз.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар колу жетпеген
жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Мультибышыргыч – 1 даана.
Табак – 1 даана.
Бууга бышыруу табагы – 1 даана.
Күрөк – 1 даана.
Өлчөмдүү чынысы – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу кубаттуулугу: 800 Вт
Табактын көлөмү: 4 л
Өңдүрүүчү шаймандардын мүнөздөмөлөрүн
алдын ала эскертпей өзгөртүү укугун
сактайт
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин кызмат
мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды жөнөкөй
турмуш-тирчилик калдыктары менен чогу
ыргытпай, шайман менен азыктандыруучу
элементтерин утилизациялоо үчүн атайын
адистештирилген пункттарына тапшырыңыз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон
калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан
соң белгиленген жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө
кошумча маалымыт алуу үчүн жергиликтүү
өкмөткө, турмуш-тирчилик калдыктарды
утилизациялоо кызматына же бул шайманды
алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап
кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.
IM VT-4281.indd 66 26.12.2017 11:35:46

Содержание