Vitek VT-4281 [62/80] Кыргыз

Vitek VT-4281 [62/80] Кыргыз
62
КЫРГЫЗ
(10) «СТАРТ/СТОП» баскычын басып
бышыруу программасын иштетиңиз, ошондо
(18) «БЫКТЫРЫП БЫШЫРУУ» баскычтын
жарыгы туруктуу түрдө күйүп, дисплейде
(3) программа бүткөнүнө чейин калган
мөөнөттүн цифралуу белгилери көрсөтүлөт.
Бышыруу программасы иштеген убагында
буу клапандын (5) тешиктеринен ысык
буу чыгып турат, күйүк болбоо үчүн этият
болуңуз.
«БЫКТЫРЫП БЫШЫРУУ» бышыруу
программасы бүткөндөн кийин үн
белгилери чыгып, мультибышыргыч
температураны сактоо режимине өтүп, (11)
«ТЕМПЕРАТУРАНЫ САКТОО» баскычтын
жарыгы күйүп, дисплейде (3) температураны
сактоо режими иштеп турган мөөнөттүн
цифралуу белгилери көрсөтүлөт.
(10) «СТАРТ/СТОП» баскычын
басып, мультибышыргычты өчүрүңүз,
мультибышыргыч уйку режимине өтүп,
дисплейде (3) «- - - белгилери пайда болот,
кубаттуучу сайгычын розеткадан ажыра-
тыңыз.
Баскычты (4) басып, мультибышыргычтын
капкагын (6) өйдө тарабына ачыңыз, чыгып
турган буудан күйүк алуудан этият болуңуз.
Ашкана колгаптарын колдонуп, табакты (7)
мультибышыргычтан чыгарыңыз.
Даяр тамакты табактан (7) чыгарыңыз.
Табак (7) муздаганын күтүп, аны нейтралдуу
жуучу каражат менен жылуу сууга жууп,
чайкап, кургатып алыңыз.
«КУУРУУ» программасы (20)
Эскертүү: -«КУУРУУ» программасында
«СТАРТТЫ КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРУУ» менен
«ТЕМПЕРАТУРАНЫ САКТОО» режимдери
каралбаган.
«КУУРУУ» программасы эт, тоок же балык
бышыруу үчүн кошумча функциялары бар. Ар
функциясына өз температура менен бышыруу
мөөнөтү каралган.
Азыктарды табака (7) табактын максималдуу
көлөмүнүн 1/2 ашырбай салыңыз.
Табакты (7) шаймандын иштөө камерасына
коюңуз. Табактын сырты таза жана кургак
болуп, табактын өзү кыйшыксыз орнотулуп,
ысытуу элементтин бетин тикеден-тике
тийгенин текшерип алыңыз.
Капкакты (6) жаппаңыз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз, үн белгиси чыгып, дисплейде (3)
уйку режиминин «- - - белгилери пайда
болот.
(20) «КУУРУУ» баскычын басыңыз, ошондо
(20) баскычтын жарыгы үлпүлдөп күйүп,
(15) «ЭТ» белгиси күйүп, дисплейде
жарыялабай коюлган «0:35» мөөнөтү
көрсөтүлөт.
Салынган азыктарга карата, (20) «КУУРУУ»
баскычын кайрадан басыңыз, ошондо (15)
«ТООК- БАЛЫК-ЭТ» белгилери бирден
күйөт.
Ар бир азыктын өзгөчө жарыялабай коюлган
бышыру мөөнөтү коюлган («БЫШЫРУУ
ПРОГРАММАЛАРЫ» таблицаны караңыз).
Зарыл болсо, (16-17) баскычтары менен
башка бышыруу мөөнөтүн коюңуз
(«БЫШЫРУУ ПРОГРАММАЛАРЫ»
таблицаны караңыз), коюлган бышыруу
мөөнөтү дисплейде (3) көрсөтүлөт.
(10) «СТАРТ/СТОП» баскычын басып,
«КУУРУУ» программасын иштетиңиз,
ошондо (20) «КУУРУУ» баскычтын жарыгы
туруктуу түрдө күйүп, дисплейде (3)
«HEAt» белгилери көрсөтүлүп, коюлган
температурага жеткенде «КУУРУУ»
бышыруу программасы иштетилип,
дисплейде (3) программанын аягына чейин
калган мөөнөтү көрсөтүлөт.
Эскертүү:
«КУУРУУ» программасында шайман
ашкана мештей иштейт, бышыруу
процессин милдеттүү түрдө байкап
туруп, азыктарды пластик күрөк (26)
менен аралаштырып туруңуз;
«Кууруу» программасы иштегенде
чачыраган майдан күйүк албас үчүн
мультибышыргычтын табагынын үстүнө
эңкейбеңиз;
«КУУРУУ» программасы бүткөндө
мультибышыргыч уйку режимине өтүп,
дисплейде (3) «- - - белгилери пайда
болот, кубаттуучу сайгычын розеткадан
ажыратыңыз.
«КУУРУУ» программасы бүткөндөн
мурун шайманды өчүрүү зарыл болсо,
(10) «СТАРТ/СТОП» баскычын басыңыз,
мультибышыргыч уйку режимине өтүп,
дисплейде (3) «- - - -» белгилери пайда
болот, кубаттуучу сайгычын розеткадан
ажыратыңыз.
Ашкана колгаптарын колдонуп, табакты (7)
мультибышыргычтан чыгарыңыз.
Даяр тамакты табактан (7) чыгарыңыз.
IM VT-4281.indd 62 26.12.2017 11:35:46

Содержание