Vitek VT-1600 [24/32] Кыргыз

Vitek VT-1600 [24/32] Кыргыз
24
КЫРГЫЗ
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
нускамалоо болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылган эмес.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуздар! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго
балдарга уруксат бербеңиз! Тумчуктуруунун
коркунучу бар!
Электр шнурунун жана кубаттуучу
сайгычтын абалын мезгилдүү түрдө
текшерип туруңуз.
Тармактык шнурунда бузулуулары бар
болсо, шире сыгуучу аспапты колдонбоңуз.
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү,
тейлөө кызмат же аларга окшогон дасыккан
кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды оз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген жеринде
сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТ-
ТАРДА КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА
АРНАЛГАН. ШАЙМАНДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК
ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗОНА-
ЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА
ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Шире сыгуучу аспапты таңгактан чыгарыңыз.
Шире сыгуучу аспапты колдонуудан мурун
аны ажыратып тазалаңыз:
Түрткүчтү (1) капкактын (3) азыктарды
салуучу алкымынан (2) чыгарыңыз.
Бекитмелерди (7) ачып, капкакты (3) чечиңиз.
Сүргүч чыпканы (4) чечкенде, шире
топтогучту (5) кармаңыз.
Иштеткен азыктарына тие тугран бардыгы
чечилүүчү болүктөрүн (1, 3, 4, 5, 11)
кылдаттык менен жууңуз да кургатып
алыңыз.
Эскертүү: Сүргүч чыпкасын (4) колуңузда
кармаганда этият болуңуз, диск сүргүчтүн
бети абдан учтуу.
ШИРЕ ЖАСОО
Шайманды биринчи иштеткенден мурун
анын иштөө чыңалуусу электр тармагындагы
чыңалуусуна ылайык болгонун текшериңиз.
Түзмөк ылдамдыгы 50 Гц же 60 Гц болгон
алмашма ток тармагында иштөөгө арналган,
зарыл болгон ылдамдыгында иштегени үчүн эч
кошумча жөндөөнүн зарылдыгы жок.
Иштете турган жемиштер жана жашылчалар
жаңы болушу зарыл.
Шире сыгуудан мурун жемиш/жашылчаларды
жууп, сабагы, катуу кабык же алча, шабдалы
данектериндей катуу данектер катары
желбес бөлүктөрүн алып, азыктар салуучу
алкымынан (2) оңой өтө турган кесимдерге
кесиңиз.
Мотор сапсалгысын (8) кургак, тыгыз,
туруктуу бетине орнотуңуз.
Шире сыгуучу аспапты кураштыруудан
мурун иштөө режимдердин которгучу (9) «0»
абалында болуп, кубаттандыруу сайгычы
электр розеткасынан сурулуп турганын
текшериңиз.
Шире топтогучун (5) мотор сапсалгысынын
(8) үстүнө орнотуңуз.
Сүргүч чыпкасын (4) шире топтогучтун (5)
ичине орнотуңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Сүргүч чыпкасында (4) механикалык
бузулоолор пайда болсо шире сыгуучу
аспапты колдонууга тыюу салынат.
Капкакты (3) шире топтогучуна (5) орнотуп,
фиксаторов (7) менен бекитиңиз.
Шире куюлуучу чоргочосунун (6) астына
шире топтоочу идишин (11) орнотуңуз.
Электр шнурунун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
Которгучту (9) «I» (төмөн ылдамдыгы) же «II»
(жогору ылдамдыгы) абалына коюп, шире
сыгуучу аспапты иштетиңиз.
Эскертүү:
Төмөн ылдамдык «I» томат, бышкан
алмурут, кулпунай, апельсин, кара өрүк, жүзүм,

Содержание