Vitek VT-1600 [25/32] Кыргыз

Vitek VT-1600 [25/32] Кыргыз
25
КЫРГЫЗ
ашкабак, пияз, бадыраң катары жумушак
жемиш/жашылчалардан шире сыгууга
арналган.
Чоң ылдамдык «II» артишок, сабиз, алма,
калемпир, кызылча, картөшкө, ананас,
кабакча, селдерей, шпинат, ашкөк, порей пияз
катары катуу жемиш/жашылчалардан шире
сыгууга арналган.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Илээшме жана катуу азыктарды
иштеткенде сүргүч чыпкасынын (4)
айлануусу токтоп калбаганы үчүн үчүн
шире сыгуучу аспаптын чоң ылдамдык
режимин «II» колдонгону көрсөтүлөт.
Шире сыгуучу аспап болгон чечилүүчү
бөлүмдөрү туура орнотулуп, капкагы (3)
бекитмелери (7) аркылуу бекитилгенде гана
иштейт.
Сүргүч чыпкасы (4) аланып турганда гана
азыктарды капкактын (3) азык салуучу
алкымына (2) салыңыз.
Кесилген азыктарды капкактын (3) азык
салуучу алкымына (2) азыктарды түрткүч
(1) менен түртүп аз-аздан салып туруңуз.
Түрткүчтү (1) өтө катуу түртпөнүз, анткени
бул сыгылган ширенин көлөмүн азайтууга
же сүргүч чыпкасы (4) токтогонуна
алып келиши мүмкүн. Жемиш же
жашылчалар канча акырындык менен
иштетилип турса, ошончо ширенин көлөмү
чоң болот.
Капкактын (3) азык салуучу алкымына (2)
бармактарды же башка буюмдарды салууга
тыюу салынат.
Шайманды иштеткен убагында
сүргүч чыпкасы (4) сулп эти менен
ыпластанбаганын текшерип, керек
болгондо сүргүч чыпкасын (4) жууп туруңуз,
сүргүч чыпкасын (4) чыгаргандан мурун
шире сыгуучу аспапты өчүрүп, электр
шнурунун сайгычын розеткадан суруңуз.
Калдыктар топтоочу бөлүктү (10) толуп
турганын байкап туруңуз, бөлүк (10) толуп
кагланда шире сыгуучу аспапты өчүрүп,
сайгычын розеткадан чыгарып, калдыктарды
төгүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Шире сыгуучу аспаптын токтоосуз
иштетүүнүн максималдуу мөөнөтү
1 минутаны түзүп, андан соң 1 минутадан
кем эмес тыныгуу жасоо зарыл, үч иштөө
циклден кийин 15 минутадан кем эмес
тыныгуу жасоо зарыл.
Катуу жана булалуу азыктарды (цитрус,
ананас, алма, сабиз ж.б.) 500 гр. иштеткенден
кийин шайманды ажыратып тазалап
туруңуз. Бул талапты аткарбаганы
сүрткүч чыпкасы шынаалоосуна алып келип,
шайманды тазалоосун татаалдаштырат.
Шире сыгуучу аспапты колдонгондон кийин
которгучту (9) «0» абалына коюп аспапты
өчүрүңүз да сайгычты электр розеткасынан
суруңуз.
ӨТӨ ЫСЫТЫЛЫШТАН КОРГОО
Электр мотордун иштөө температурасы ашып
калганда өтө ысытылыштан коргоо системасы
аспаты өчүрөт. Шайманды колдонуп турганда
шире сыгуучу аспап өчүп калса, иштөө
режимдердин которгучун (9) «0» абалына
коюп аспапты өчүрүңүз да сайгычты электр
розеткасынан суруңуз.
Шире сыгуучу аспапты 30-40 минутанын ичинде
муздатып, кайра иштетсеңиз болот.
Көрсөтүлгөн иштөө мөөнөтүн ашырбай, шире
сыгуучу аспапты иштеткенде ага өтө көп
азыктарды салбаңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Шайманды иштетип бүткөндө же тазалагандын
алдында аны милдеттүү түрдө өчүрүп, электр
тармагынан суруңуз.
Төмөнкүдөгү колдонмого ылайык шире
сыгуучу аспапты колдонгондон кийин ар
дайым ажыратып тазалап туруңуз.
Түрткүчтү (1) капкактын (3) азыктарды
салуучу алкымынан (2) чыгарыңыз.
Фиксаторду (7) ачып, капкакты (3) чечиңиз.
Сүргүч чыпкасын (4) чечүүнү оңойлотуу
үчүн шире топтогучту (5) өйдө тарып, шире
топтогучу (5) менен сүргүч чыпкасын чечиңиз.
Чоргосун (6) орточо абалына коюп, аны чечип
алыңыз.
Аспапты иштеткенден кийин жылу суу жана
нейтралдуу жуучу каражаттарды колдонуп
болгон чечилүүчү бөлүктөрүн дароо жууп
турушу рекомендацияланат.
Сүргүч чыпкасынын (4) тешиктерин сырткы
жагынан ылайыктуу щенканы колдонуп
тазалаганы ыңгайлуу болот.
Сүргүч чыпкасын (4) тазалаганда этият
болуңуз, диск сүргүнүн бети абдан учтуу.
Сүргүч чыпкасын (4) жана башка чечилүү
бөлүктөрүн жууганда идиш жуучу аспабын
колдонбоңуз.

Содержание