Vitek VT-3634 [30/32] Кыргыз

Vitek VT-3634 [30/32] Кыргыз
30
КЫРГЫЗ
ЖАШЫЛЧА ЖЕМИШ ТУУРАГЫЧ
Жашылча-жемиш туурагыч саптаманын кор-
пусун (15) орнотуу жайына (4) киргизип, беки-
тилгенине чейин саат жебесинин багытына
каршы бураңыз (сүр. 12).
Саптамалардын (17, 18, 19) бирин жашылча-
жемиш туурагычтын корпусунун ичине токто-
гонуна чейин киргизиңиз (сүр. 13).
Желе боосунун ачакейин электр розетканын
ичине коюңуз.
Которгучту (7) «ON» (иштетүү) абалына
коюп, шайманды иштетиңиз.
Шайманды иштетүү учурунда топтомуна
кирген түрткүчтү (16) гана колдонуңуз;
жашылча-жемиштерди башкача буюмдар
менен түртүүгө тыюу салынат, жашылча-
жемиштерди бармагыңыз менен эч качан
түртпөңүз.
Иштетип бүткөндөн кийин которгучту (7)
«OFF» (өчүрүү) абалына коюп, түзмөктү
өчүрүңүз, кубаттуучу сайгычын электр розет-
касынан суруп, андан соң гана жашылча-
жемиш туурагычты (15) чечип баштасаңыз
болот.
Жашылча жемиш туурагыч саптамасын (15)
чечүү үчүн бекитме баскычын (5) басып,
жашылча-жемиш туурагычын (15) саат жебе-
синин багыты боюнча бурап, чечип салыңыз.
Жашылча-жемиш туурагыч саптамасы-
нан (15) коюлган саптамасын (17, 18 же 19)
чыгарыңыз.
Чечилме бөлүктөрүн нейтралдуу жуучу кара-
жат менен жылуу сууга жууңуз. Чайкап, кур-
гатып алыңыз.
ЭТ ТУУРАГЫЧТЫ КАРОО
Эт туурагычты иштетип бүткөндөн кийин
которгучун (7) «OFF» абалына коюп, кубат-
туучу сайгычын электр тармагынан суруңуз.
Бекитме баскычын (5) басып, эт туурагыч-
тын бөркүн саат жебесинин багыты боюнча
бурап, чечип салыңыз.
Гайканы (12) бурап бошотуп, коюлган панжа-
расын (10 же 11), бычагын (9) жана шнегинен
(8) чечиңиз.
Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнөн (3)
чыгарыңыз.
Шнектен (8) азыктардын калдыктарын алып
салыңыз.
Эт туурагыч менен жашылча-жемиш май-
далаткычтын бөлүктөрүн (1, 2, 3, 8, 9, 10 же
11, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19) нейтралдуу
жуучу каражат менен жылуу сууга жууп, чай-
кап, кураштыруунун алдында жакшылап кур-
гатып алыңыз.
Эт туурагычтын корпусун (6) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
Эт туурагычтын корпусун (6) тазалоо үчүн
эриткичтерди же абразивдүү жуучу каражат-
тарды колдонууга тыюу салынат.
Эт туурагычтын корпусунун ичине суу куюлу-
усуна жол бербеңиз.
Туздуу же кычкыл азыктарды иштеткенден
кийин эт туурагычтын же жашылча-жемиш
майдалаткычтын чечилме бөлүктөрүн дароо
суу менен чайкоо зарыл.
Кээ бир өтө боёчу сапаты бар азыктарды
(сабиз же кызылча катары) иштеткенде
пластик бөлүктөр боелуп калышы мүмкүн,
боекту өсүмдүк майына малынган кургак
чүпүрөк менен кетирсеңиз болот, тазалаган-
дан кийин насадкаларды нейтралдуу жуучу
каражат менен жууп, чайкап алыңыз.
Кургатылган бөлүктөрүн сактоо үчүн алып
салуунун алдында панжаралары (10, 11)
менен крест сыяктуу бычагын (9) өсүмдүк
май менен майлап салыңыз – ошентип алар
кычкылдануудан сак болот.
САКТОО
Эт туурагычты сактоого алып салуу-
нун алдында анын корпусу менен болгон
чечилме бөлүктөрү таза жана кургак болго-
нун текшерип алыңыз.
Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чек-
телген адамдар колу жетпеген жерлерде
сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Эт туурагыч – 1 даана.
Түрткүч – 1 даана.
Азыктарды салуучу идиши – 1 даана.
Панжаралары – 2 даана.
Колбаскаларды толтуруу насадкасы – 1 даана.
“Кеббе” жасоо үчүн насадкасы – 1 даана.
Жашылча-жемиш туурагыч саптаманын
корпусу – 1 даана.
Жашылча-жемиш туурагыч саптаманын
түрткүчү – 1 даана.
Майда сүргүч – 1 даана.
Ири сүргүч – 1 даана.
Туурагыч – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
IM VT-3634.indd 30 7/22/19 3:57 PM

Похожие устройства

Скачать