Coolfort 3040 [21/28] Кыргыз

Coolfort 3040 [21/28] Кыргыз
21
КЫРГЫЗ
бербеген тосмоломо аспабы бар, чаң топтогуч
контейнерди (12) ордуна коюнун алдында
ар дайым чыпкасы (23) туура орнотулганын
текшерип туруңуз.
Коопсуздук чаралары
Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл салгычтардын,
тикеден-тике жакынчылыгында жана тез жалындап
кетүүчү суюктуктар сакталган жеринде чаң соргучу
иштетпеңиз.
Шайманды колдонуудан мурун анын бузулусуна
жол бербөө үчүн жерден учтуу заттарды жыйнап
салыңыз.
Шайманды иштетип турган мезгилде соруунун
кубаттуулугу тез азайып калса, аны токтоосуз
өчүрүп, телескоптук түтүгүнө (4) же ийкем түтүгүнө
(6) бир нерсе тыгылып кетпегенин текшерип
алыңыз. Чаң соргучту өчүрүп, электр тармагынан
ажыратып, тыгылган нерсени чыгарып, андан кийн
гана иштетүүнү улантсаңыз болот.
КОЛДОНУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Чаң соргучту чаң
топтогучу (12) анын ичинде чыпкасы (23) бар
болуп орнотулганда жана аба чыгуучу (25) чыпкасы
орнотулганда гана иштетсе болот. Чыпкалар
(23, 25) туура орнотулганын ар дайып текшерип
туруңуз.
Иштетүүнүн алдында электр шнурун керектүү
узундугуна тартып чыгарып, кубаттуучу сайгычын
электр розеткасына сайыңыз.
Электр шнурундагы сары белгиси шнурдун
максималдуу узундугун белгилейт. Шнурду кызыл
белгисинен ары тартууга тыюу салынат.
Шайманды иштетүү үчүн өчүрүү/иштетүү баскычын
(14) басыңыз.
Иштетүү убагында соруу кубаттуулугун жөндөгүч
(17) менен жөнгө салсаңыз болот. Аба агымы
жөндөгүчү (3) менен жөндөтүлөт.
Имаратты жыйнап бүткөндөн кийин иштетүү/
өчүрүү баскычын (14) басып, айрысын электр
розеткасынан суруңуз.
Тармактык боону түрүү баскычы (16) чаң соргучтун
корпусунда жайгашкан, тармактык боону түрүп
жыйноо үчүн түрүү баскычын (16) басып, түрүлүп
турган боо бузулбоо үчүн колуңуз менен бир аз
тосуп туруңуз.
Жыйноонун тыныгууларында щетканы (1)
«орнотуу» (18) жайына койсоңуз болот.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Чаң топтогуч контейнерин (12) тазалоо
Чаң топтогуч контейнеринен (12) чаңды жана
шыпырындыны ар иштетүүдөн кийин төгүп туруңуз.
Чаң соргучту өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
Баскычты (13) басып, акырын алдынкы капкакты
ачыңыз (сүр. 3). Туткасынан (11) кармап, чаң
топтогуч контейнерин (12) өзүңүзгө тартып, чаң
соргучтун корпусунан чыгарыңыз (сүр. 3).
Чаң топтогуч контейнерин (12) таштанды чаканын
үстүндө кармаңыз.
Бекитме баскычты (19) басып, контейнердин
капкагын (20) ачыңыз.
Чаң менен шыпырындыны контейнерден (12)
төгүңүз.
Капкакты (20) жабыңыз.
Контейнерди (12) ордуна коюңуз.
Чыпкаларын (23, 25) тазалоо
Контейнерди (12) алдын ала жогору жакта
жызылгандай чаң менен шыпырындысынан тазалап
алыңыз.
Аба чыгуучу чыпканы (25) чечиңиз (сүр. 4).
Контейнердин капкагын (20) алдын ала ачып,
чыпканы (23) чыгарыңыз.
Чыпканы (23) чыгаруу үчүн өзүңүзгө тартыңыз да
чыпканы (23) орноту жайынан (22) чыгарыңыз.
Аба чыгуучу чыпканын панжарасын (26) чечип,
коргоочу аспапты (24) басып, чыпканы (25)
чыгарыңыз.
Чыпкаларын (23, 25) чаң менен шыпырындыдан
тазалап, жылуу суунун астында жууп алыңыз.
Эскертүү:
Чыпкаларды (23, 25) тазалаганда, сууну
чыпкалардын (23, 25) тышкы жагына каратып
туруңуз
Чыпкаларды жууш үчүн идиш жуучу аспапты
колдонбоңуз.
Чыпкаларды кылдаттык менен кургатып алыңыз.
Чыпкаларды кургатуу үчүн фенди колдонууга тыюу
салынат.
Чаң топтогуч контейнерин (12) жууп, сүртүп,
кургатып алыңыз.
Чыпканы (23) орнотуу жайына (22) токтогонуна
чейин орнотуп, андан соң капкакты (20) жабыңыз.
Чыпканы (25) ордуна орнотуңуз.
Кураштырылган чаң топтогуч контейнерин (12) чаң
соргучтун корпусуна ортотуңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Чаң топтогуч контейнерди (12) чаң соргучтун
чыгарам чыпкасы кургак жана чаң топтогуч
контейнеринде суу бар болушу мүмкүн.
САКТОО
Чаң соргучту узак убакытка сактоого алып салуудан
мурун анын корпусун, чаң топтогуч контейнерименен
чыпкаларын (23, 25) тазалап алыңыз.
Ыңгайлуу сактоо үчүн түзмөктүн корпусунун түбүндө
жайгашкан щетканы коюу жайы болуп саналат.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жеринде сактаңыз
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Чаң топтогуч контейнери менен чыпкалары
орнотулган чаң соргуч – 1 даана.
Ийкем түтүгү – 1 даана.
Узарткыч телескоптук түтүгү – 1 даана.
Жертаман/килемдер үчүн CoolClean
щеткасы – 1 даана.
1-де-2 жылчык саптама - 1 даана.
Эмерек капталын тазалоо саптамасы – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
Кепилдик талону 1 даана.

Содержание

Похожие устройства

Скачать