Haier HW80-BD14686 [211/312] Күнүмдүк пайдалануу

Haier HW80-BD14686 [211/312] Күнүмдүк пайдалануу
РУС СТИРАЛЬНАЯ МАШИНА HW80-B14686
17
6. КҮНҮМДҮК ПАЙДАЛАНУУ
6.1 Электр булагына туташтыруу
Электр булагына (220-240 В~/50Гц) кир жуучу ма-
шинаны туташтыргыла. «ОРНОТУУ» бөлүгүн да
карагыла.
6.2 Сууну берүү
Кранды ачкыла (6-2 сүрөт). Суу таза жана тунук
болуш керек.
Колдонуунун алдында эч жерден суу агып
чыкпа-
ганын текшергиле.
6.3 Кирди даярдоо
Кездеменин түрүнө жараша (пахта, синтетика, жүн же жибек)
жана кирдегендин деңгээлине жараша кирлерди сорттогула.
Ак буюмдарды түстүүдөн бөлгүлө. Түстүү кирлерди эң
башында колго жууп, оңот экендигин билгиле.
Чөнтөктөрүнөн бардыгын (төөнөгүч, ачкычтар, тыйындар
ж.б.) чыгаргыла жана оор кооздук нерселерди (мисалы, брошь)
алып койгула.
Чети бүгүлбөгөн кийим, ич кийим, жука трикотаж кездемелер,
мисалы, жука пардаларды атайын
баштыкчага салып жууш
керек (кир жуучу машинанын өзүндө жуубаш керек). Кийимдеги
сыдырма жана илгичи болсо, аны бекитүү керек, топчулар бек
тигилип жатыш керек.
Байпак, кур, бюстгалтерге окшогон майда кийимдер атайын
баштыкчада жуулат.
Шейшептер, жапкычтар сыяктуу чоң кездемелер кир жуучу
машинага тапталып, бүктөлүп салынбайт. Көйнөктөрдү аңта-
рып коюу керек.
Көңүл бургула: Тигилбеген элементтер жана майда, анча бе-
китилбеген, курч буюмдар кийим менен машинанын бузулушу-
на алып
келиши мүмкүн.
Чөнтөктөрүнөн майда буюмдарын (ачкычтар, тыйындар ж.б.)
чыгаргыла жана оор кооздук нерселерди (мисалы, брошь) алып
койгула.

Содержание