Haier HW80-BD14686 [232/312] Гарантиялык талон

Haier HW80-BD14686 [232/312] Гарантиялык талон
РУС
СТИРАЛЬНАЯ МАШИНА HW80-B14686
38
13. ГАРАНТИЯЛЫК ТАЛОН
Урматтуу сатып алуучу!
Төмөнкү дарек боюнча: Офис S401, Хайер бренд билдинг, Хайер Индастри парк Хай-
тек зон, Лаошан Дистрикт, Циндао, Кытайда жайгашкан «Хайер» корпорациясы Сиздин
тандап алууңуз үчүн ыракмат айтканы менен бирге бул түзүлүштүн туура эксплуата-
циясынын эрежелерин колдонгондо жогорку деңгээлдеги сапаты менен жакшы иште-
шине кепилдик берет. Үй-тиричилик техникасынын аспаптарынын расмий кызмат
мөөнөтү: телевизорлор үчүн 5 жыл, планшеттик компьютерлер, ноутбуктар жана
телевизорлук приставкалардыкы- 3 жыл, роботчаң соргучтардыкы 4 жыл, уюлдук
телефондор үчүн 2 жыл, башка товарлар үчүн акыркы керектөөчүгө берилген
күндөн тартып 7 жыл болот. Продукциянын жогорку сапатын эске алганда, эксплуа-
тациянын факт боюнча мөөнөтү официалдык мөөнөттөн далай жогору болушу
мүмкүн. Бардык продукция эксплуатациянын шарттары боюнча өндүрүлгөн жана тех-
никалык талаптарга ылайык тиешелүү сертификациялоодон өткөрүлгөн.
Жаңылыштык болтурбоо үчүн сатып алганда Сизди эксплуатациянын инструкциясын,
гарантиялык милдеттенмелердин шарттарын кунт коюп таанышууңузду жана гаранти-
ялык талон туура толтурулгандыгын текшерүүңүздү көптөн-көп өтүнөбүз. Эгерде
гарантиялык талон туура эмес же толук эмес толтурулса соода кылуучу мекемеге кай-
рылыңыз. Бул аспап үй-тиричилик максатта колдонулуучу техникалык жактан татаал
товар болуп эсептелет. Эгерде Сиз сатып алган аспап атайын орнотууну жана тута-
штырууну талап кылса, анда Сиз Хайердин Авторлошкон өнөктөшүнө кайрылууну өтө
сунуштайбыз.
Бул гарантиялык талон менен «Хайер» Корпорациясы аспаптын кемчилиги табылган
учурда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иштеп турган мыйзам ченемине
же башка нормативдүү акттарга жараша керектөөчүнүн талаптарын аткарууга милде-
тин алганын билдирет. Бирок «Хайер» Корпорациясы төмөнкүдө берилген шарттарды
эске албаган учурларда гарантиялык жана кошумча сервистик тейлөөлөрдү аткарба-
ганга өзүнүн укугун сактап калат.
Гарантиялык жана кошумча сервистик тейлөөнүн шарттары
Гарантиялык жана кошумча сервистик тейлөө аныкталган үлгүдөгү гарантиялык та-
лон менен коштолгон аспапка гана жүргүзүлөт.
«Хайер» корпорациясы керектөөчүгө товар берилгенден тартып 12 айлык гаранти-
ялык мөөнөтүн белгилейт жана товар керектөөчүгө берилгенден тартып 36 айдын
ичинде кошумча сервистик тейлөө жүргүзөт*.
Акыркы пайдалануучу сатып алган күндөн тартып электр суу жылыткычтын (бак) га-
рантиялык мөөнөтү 7 жыл (F сериясы үчүн 9 жыл). Мүмкүн жаңылыштыкты ал-
дын алуу үчүн кызмат мөөнөттүн ичинде сатып алынган товарды коштолуучу доку-
менттерди овардык чек, касса чеги, эксплуатациясы боюнча колдонмо, гарантиялык
талон) сактап коюңуз.
Аспаптын кошумча сервистик тейлөөсү Өндүрүүчүнүн катасынан келип чыккан
аспаптын жетишсиздиктерин керектөөчү үчүн акысыз жоюу болуп эсептелет.

Содержание