Haier HW80-BD14686 [215/312] Кир жуу программасын баштоо

Haier HW80-BD14686 [215/312] Кир жуу программасын баштоо
РУС СТИРАЛЬНАЯ МАШИНА HW80-B14686
21
6.9 Жеке параметрлерди орнотуу
Керек болгондо зарыл опцияларды жана настрой-
каларды тандагыла; «Башкаруу панели»
бөлүгүндө кнопкалардын сыпаттамасын
карагыла.
6.10 Кир жуу программасын баштоо
Программаны баштоо үчүн Старт/Пауза кноп-
касын баскыла.
Мурдатан берилген опцияларга жараша кир
жуучу машина иштей баштайт.
Программа жокко чыгарылгандан кийин гана
өзгөрүүлөрдү киргизсе болот.
6.11 Кир жуу программаны үзүп токтотуу жокко чыгаруу
Иштеп жаткан программаны жокко чыгаруу үчүн Старт/Пауза кнопкасын баскыла. Жа-
рык диоддуу индикатору күйөт. Иштөөнү кайра баштаганга бул кнопканы дагы бир
жолу баскыла.
Иштеп жаткан программаны жана анын бардык жеке настройкаларды жокко чыгаруу
үчүн:
1. Иштеп жаткан программаны үзүү үчүн Старт/Пауза кнопкасын баскыла.
2. Өчүрүү үчүн «Туташтыруу/Өчүрүү» кнопканы 2 секундага жакын кармагыла.
3. Сууну чыгаруу үчүн «Сыгуу/сууну чыгаруу» программаны колдонуп, «нөл ылдам-
дыгын» тандагыла.
4. Жаңы программаны тандап, аны аракетке келтиргиле.
ЭСКЕРТҮҮ: эшиктин кулпусу
Коопсуздуктун себеби менен кир жуучу циклдин мезгилинде эшик жарым-жартылай
блокировкаланган. Программа аткарылгандан кийин же аны токтоткондо гана эшикти
ачса болот (жогоруда жазылганды кара);
Суунун деңгээли, суунун температурасы жогору болгондо жана сыгуу учурунда эши-
кти ачуу мүмкүн эмес; дисплейде «Эшиктин кулпусу» деген символ чыгат.
6.12 Кир жуугандан кийин
Суу берилишин токтоткула, ар бир кир жуудан кийин шнурдун вилкасын розеткадан чы-
гаргыла. Ным жана жагымсыз жыттар пайда болбос үчүн машинанын эшигин ачкыла.
Эгерде кир жуучу машина көп убакыт бою пайдаланылбаса, сууну чыгарып төкмө
шлангды өз жерине орноткула. Люктун манжетасынын ылдыйкы жагында жана кир жу-
угуч каражаттардын лотогунда суу толгону - демейдеги көрүнүш.

Содержание