Haier HW80-BD14686 [216/312] Эко кир жуу

Haier HW80-BD14686 [216/312] Эко кир жуу
РУС СТИРАЛЬНАЯ МАШИНА HW80-B14686
22
ЭСКЕРТҮҮ: күтүү режими / энергияны үнөмдөөчү режим
Электр торуна туташтыргандан кийин кир жуучу машина эки минутанын ичинде актив-
сиз болсо, ал күтүү режимине өтөт. Дисплей өчүрүлөт. Бул электр энергияны
үнөмдөйт. Күтүү режимин токтотуу үчүн кайсы болбосун клавишаны баскыла.
6.13 Үн сигналын иштетүү жана өчүрүү
Дабыш сигналын керек болгондо өчүрсө болот:
1. Кир жуучу машинаны аракетке келтиргиле.
2. «Сыгуу/Сууну чыгаруу» программаны тандагыла.
3. «Калтырылган старт» жана «Сыгуу» клавишаларды бир эле кезде басып, үч се-
кунданын ичинде кармагыла. Дисплейге bEEPOFF чыгат («Сигнал өчүрүлгөн»), жана
үн сигналы өчүрүлөт.
Дабыш сигналын активдештирүү үчүн бул эки клавишаны кайта бир эле кезде баскы-
ла. Дисплейге bEEPON чыгат («Сигнал иштейт»).
7. ЭКО-КИР ЖУУ
Экологиялык колдонуу
Электр энергиянын, суунун, кир жуучу каражаттын жана убакыттын оптималдуу
сарпталышына жетүү үчүн сунушталган максималдуу жүктөөнү пайдалануу керек.
Ашыкча жүктөөгө жол бербегиле (Кирдин үстүндөгү мейкин колдун энине барабар
болушу керек).
Ар бир кир жууда кир жуучу каражаттын так өлчөмүн сактагыла.
Кир жуунун эң төмөн температурадагы режимин тандагыла заманбап кир жуугуч
каражаттар кийимдерди 60°С-тан төмөн температурада да натыйжалуу жууйт.
Заводдук параметрлерди керек болгондо гана өзгөргүлө.
8. КҮТҮҮ ЖАНА ТАЗАЛОО
8.1 Кир жуучу каражаттын
лотогун тазалоо
Кир жуучу каражаттардын лотогун дайыма
тазалагыла. Лотокту чыгаргыла жана аккан
суу менен таза жуугула, андан кийин кайра
ордуна салып койгула.

Содержание