Vitek VT-1261 [30/32] Кыргыз

Vitek VT-1261 [30/32] Кыргыз
30
КЫРГЫЗ
жөндөгүчү (11) «•••» же «MAX» абалында
турат).
Үтүктү кийимден 10-30 см аралыгында тик
кармап, бууну кошумча берүүнүн баскычын
(4) 4-5 секунд интервалынан кем эмес басып
туруңуз, тамандын (13) тешиктеринен буу
күчөтүп чыгат.
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ: синтетикалык
кездемелерди тик буулантуу
рекомендацияланган эмес.
Буулантканда кездеме эритпөө үчүн аны
үтүктүн таманы менен тийбеңиз.
Адам кийип турган кийимди эч качан
буулантпаңыз, себеби чыккан буунун
температурасы өтө чоң, кийим илгичти
колдонуңуз.
Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү өчүрүп,
толугу менен муздатып, андан кийин суу
куюучу тешиктин капкагын (2) ачып, үтүктү
көмкөрүп калган суусун төгүп алыңыз.
АВТОМАТТУУ ТҮРДӨ ӨЧҮҮ
Бул моделде үтүктүн автоматтуу түрдө өчүүнүн
2 режими бар.
1. Эгерде үтүк горизонталдуу абалында
30 секунданын ичинде кыймылсыз турса,
үтүктүн ысытуу элементи өчөт.
2. Эгерде үтүк тик абалында 8 мүнөт
кыймылсыз турса, үтүктүн ысытуу элементи
өчөт. Үтүктөө процесси улангандан кийин
үтүк автоматикалык түрдө күйөт.
БУУ КАМЕРАСЫН ТАЗАЛОО
Үтүктүн кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн буу
камерасын мезгилдүү түрдө тазалоо зарыл.
Үзгүлтүксүз бууну берүү жөндөгүчүн (3)
абалына коюңуз.
Чукурду (10) «MAX» максималдуу белгисине
чейин суу менен толтуруңуз.
Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
Жөндөгүчүн (11) бурап, «МАХ» үтүктүн
таманынын максималдуу ысытуу
температурасын коюңуз, ошондо индикатор
(7) күйөт.
Үтүктүн таманы (13) таңдалган темпера-
турасына чейин ысыганда, индикатор (7)
өчөт, эми үтүктөп баштасаңыз болот.
Температура жөндөгүчүн (11) «OFF»
(ӨЧҮРҮЛГӨН) абалына коюп, үтүктү
өчүрүңүз. Электр шнурунун сайгычын
розеткадан суруңуз.
Үтүктү раковинанын үстүндө горизонталдуу
түрдө кармап, бууну үзгүлтүксүз берүү
жөндөгүчүн (3) «өзүн өзү тазалоо»
абалына коюп кармап туруңуз.
Кебээр менен кайнаган суу үтүктүн
таманындагы (13) тешиктеринен ыргытылып
түшөт.
Үтүктү чукурда (10) болгон суу төгүлгөнгө
чейин ары-бери акырын силкиңиз.
Бууну үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (3)
бошотуп, абалына коюңуз .
Үтүктү түбүнө (9) коюп муздатып алыңыз.
Үтүктүн таманы (13) толугу менен
муздаганда, аны кургак чүпүрөк менен
сүртүңүз.
Үтүктү сактоого алып салуунун алдында
чукурунда (10) суусу жок болуп, үтүктүн
таманы (13) кургак болгонун текшериңиз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Үтүктү тазалоонун алдында ал электр
тармагына кошулбаганын жана муздак
болгонун текшерип алыңыз.
Үтүктүн корпусун жумшак, бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
Үтүктүн таманындагы кебээрди суу-сирке
аралашмасына малынган чүпүрөк менен
чыгарса болот.
Кебээрди чыгаргандан кийин тамандын
бетин кургак чүпүрөк менен сүртүңүз.
Үтүктүн таманын тазалоо үчүн абразивдүү
жуучу каражаттарды колдонбоңуз.
Үтүктүн таманына учтуу металл заттарды
тийгизбеңиз.
САКТОО
Температура жөндөгүчүн (11) «OFF»
абалына коюп, бууну үзгүлтүксүз берүүнүн
жөндөгүчүн (3) болсо буу берүү
өчүрүлгөн абалына коюңуз. Электр
шнурунун сайгычын розеткадан суруңуз.
Үтүктү тикесинен коюп, толугу менен
муздатып алыңыз.
Суу куюучу тешигинин капкагын (2) ачып,
үтүктү көмкөрүп, суу куюлуучу чукурунан
(10) калган суусун төгүп алыңыз.
Капкагын (2) жабыңыз.
Үтүктү тик абалында балдар жана
жөндөмдүүлүгү төмөн болгон адамдар
жетпеген кургак, караңгыланган, салкын
жерлерде сактаңыз.
IM VT-1261.indd 30 9/30/20 10:52 AM

Содержание

Похожие устройства

Скачать